Загрузка страницы

Кулатов (Западный) кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди

Бүгүн, 5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата өткөрүлгөн шаардагы Т.Кулатов кичи шаарчасында жаңыдан негизделип курулган «Ак Ниет» сейил багы пайдаланууга берилди.

Сейил бактын расмий ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Өкмөт башчы М.Абылгазиев шаар тургундарын Ош шаарынын күнү жана жаңы сейил бактын ачылышы менен куттуктап, биримдик, ынтымак каалады.
Ал эми, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов аталган сейил бактын курулушу тууралуу маалымат берди.
- “Ак Ниет” сейил багынын жалпы узундугу 850 метр, туурасы 18-20 метрди түзөт. Курулушка жергиликтүү бюджеттен 28 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталган эле. Бул жерде шаардыктар жана меймандардын эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Келечекте сейил бакты Ак-Тилек жана Жапалак кичи райондоруна чейин кеңейтүүнү пландап жатабыз. Ак ниет менен курулушун баштаган сейил бакка "Ак Ниет" деп ат бердик. Шаарыбызда жакшылыктар көп болсун”,-деди шаар мэри.

Андан соң , расмий коноктор жергиликтүү аксакалдар менен биргеликте жаңы курулган «Ак Ниет» сейил багынын кирүүсүндө тартылган кызыл тасманы кесишти.

Видео Кулатов (Западный) кичи шаарчасында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди канала Osh Meriya
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
5 октября 2019 г. 17:48:42
00:14:43
Другие видео канала
#ОшТВ | Западный кандай өзгөрдү? "Асмандан" көрүңүз#ОшТВ | Западный кандай өзгөрдү? "Асмандан" көрүңүзОш шаары Турк маданий борбору 2019Ош шаары Турк маданий борбору 2019#ОШ#Едем на машине в ОШ(Кыргызстан)#Таджикистан#Узбекистан##ОШ#Едем на машине в ОШ(Кыргызстан)#Таджикистан#Узбекистан#СРОЧНО көрүп койгула! 👉 Ош МЭРИ Ошту кантип оңдоп жатат?СРОЧНО көрүп койгула! 👉 Ош МЭРИ Ошту кантип оңдоп жатат?Манас Ниязовко Талас Бегалиев Ат мингизди  \\ ТАЛАС ОШ ЫНТЫМАК КӨК БӨРҮ \\ Спорт мейкиндигиМанас Ниязовко Талас Бегалиев Ат мингизди \\ ТАЛАС ОШ ЫНТЫМАК КӨК БӨРҮ \\ Спорт мейкиндигиОШ "ХБКда" МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАРДЫ СҮРДҮРҮҮ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ// ЖАҢЫ ЖОЛ,СЕЙИЛ БАК,ГАРАЖ КУРУЛАТОШ "ХБКда" МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАРДЫ СҮРДҮРҮҮ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ// ЖАҢЫ ЖОЛ,СЕЙИЛ БАК,ГАРАЖ КУРУЛАТАЧЫЛДЫ! 🇰🇬 Ош АЧЫЛДЫ!
🇰🇬 Сейил бак АЧЫЛДЫ!АЧЫЛДЫ! 🇰🇬 Ош АЧЫЛДЫ! 🇰🇬 Сейил бак АЧЫЛДЫ!"ИШТЕБЕСЕҢЕР ЖАҢЫ-ЖЫЛГА ЧЕЙИН ИШТЕН АЛАМ"/МЭР БААРЫН ТУРГУЗУП АЛЫП..."ИШТЕБЕСЕҢЕР ЖАҢЫ-ЖЫЛГА ЧЕЙИН ИШТЕН АЛАМ"/МЭР БААРЫН ТУРГУЗУП АЛЫП...КАФЕЛЬ, САНТЕХНИКА, АРИСТОН, ДЖАКУЗИ  /  Аягына чейин көр!КАФЕЛЬ, САНТЕХНИКА, АРИСТОН, ДЖАКУЗИ / Аягына чейин көр!Новый сквер появился в городе ОшНовый сквер появился в городе ОшНовогодний салют в Бишкеке — панорамное видео 360.Новогодний салют в Бишкеке — панорамное видео 360.БУЛ ВИДЕО ДЕПУТАТТАРДЫН ЧЫНЫГЫ ЖҮЗҮН АЧТЫ!А.ТОКТАКУНОВ ЖАҢЫ ИЛИКТӨӨ 14.01.21.СӨЗ ЖОК!БУЛ ВИДЕО ДЕПУТАТТАРДЫН ЧЫНЫГЫ ЖҮЗҮН АЧТЫ!А.ТОКТАКУНОВ ЖАҢЫ ИЛИКТӨӨ 14.01.21.СӨЗ ЖОК!Абдылда менен ачык кеп: Турсунбек Акун Грозныйга барганым чын...Абдылда менен ачык кеп: Турсунбек Акун Грозныйга барганым чын...ООЗУН ЖАПТЫ БУ КАТЫНДЫ😳 ТОЛУГУН КӨРГҮЛӨ 😱Лайк бас👍ООЗУН ЖАПТЫ БУ КАТЫНДЫ😳 ТОЛУГУН КӨРГҮЛӨ 😱Лайк бас👍
Яндекс.Метрика