Загрузка...

Замир Арыкбаев - Кыргыз калкым (+текст)

#2023 #ЗамирАрыкбаев #кыргыз #мурас Кемер кур, сайма өтүк, ак калпагы, Кээ бирөө билбейт жүрөт анын баркын. Элиме белги берип тааныштырган, Атыңдан кагылайын, кыргыз калкым. Кайырма: Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Атыңдан кагылайын, кыргыз калкым. Үйүнө мейман келсе жүзү жарык, Кой союп, сыйлай билет ата - салтын. Кызытып кымыз берип, май жегизген, Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым. Кайырма: Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым. Ак кар тоо, бийиктиктен жаралганбыз Бир ата, бир энеден таралганбыз. Булактын тунугундай мөлтүрөгөн Ак көңүл, ак пейилдүү кыргыз калкым. Кайырма: Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Атыңдан кагылайын, кыргыз калкым. Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.

Видео Замир Арыкбаев - Кыргыз калкым (+текст) автора Style Switcheroo
Страницу в закладки Мои закладки
Все заметки Новая заметка Страницу в заметки