Загрузка страницы

Жети-Өгүз айылында кош майрам!

9-май Улуу жеңиш күнүнүн урматына жер жерлерде майрамдык саамалыктар өткөрүлүп жатат. Аталган иш чаралардын алкагында ата мекендик согуштун ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүп, аны менен катар согуш майданынан кайтпай калган баатырлар өчпөс полктун жүрүшүндө эскерилүүдө. Мындай жүрүштөрдүн бири Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында да орун алды. Анда жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү согуш ардагерлерин майрамы менен куттукташып, ал эми курман болгон аскерлерди куран окуп эскеришти. Улуу жеңиштин 73 жылдыгынын урматына мындан сырткары спорттук иш чарада да өткөрүлдү. Каратэ-До кармашы боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш уюштурулуп, ага облустун бардык аймактарынан катышуучулар келген. Иш чара Ысык-Көл облустук Каратэ-До федерациясынын башчысы Жеңишбек Түлөжанов тарабынан демилгеленип, аталган спортту көл жергесине 1980-жылдары, жайылткан алгачкы карлыгачтардын бири Сабыр Түлөжановдун жаркын элесине арналды. Таймашка жалпы жонунан 150 спортчу катыштышып, өз чеберчиликтерин алты салмактык бөлүктө көргөзүштү.

Видео Жети-Өгүз айылында кош майрам! канала Adilet Imanov
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
15 мая 2018 г. 16:46:24
00:04:56
Яндекс.Метрика