Загрузка страницы

Кыргызстан менен Кытай биргелешип, тагдыры бирдей коомчулук түзүү жолунда

2023-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга алгачкы иш сапары менен барып, «Кытай—Борбор Азия» саммитине катышты. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин аны менен маанилүү жолугушуу өткөрдү. Өлкө башчылары жаңы доордогу баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту. Алар ынак коңшулук, достук жана биргелешип өнүгүү мамилесинде Кытай менен Кыргызстандын тагдыры бирдей коомчулугун түзүүгө умтулганын тастыкташты.

2023-жылдын август айында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна барып, аймактын жана ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушкан. Бул эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болду. 

Ал эми сентябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев «Кытай—Борбор Азия» 10-кызматташтык форумуна катышты. 

Июнь айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Элдик дипломатия форумунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун боордош шаарларынын форумунун ачылышына катышты. Ал эми сентябрь айында Ханчжоудагы XIX Азия оюндары өтүп жаткан жерге барды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарында өткөрүлгөн «Туруктуу транспорт: глобалдык өнүгүүгө салым кошуу үчүн биргелешип иштөө» аталышындагы Биринчи глобалдык форумга катышты. Ошондой эле май айында иш сапары менен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна барган болчу.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Пекинде «Кытай—Борбордук Азия» саясий партияларынын диалогунун l жыйынына катышты.

Өз кезегинде Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Цинхай провинциясынын Партиялык комитетинин катчысы  Чэнь Ган, Шэньси провинциясынын Партиялык комитетинин катчысы  Чжао Идэ, Шаньдун провинциясынын Партиялык комитетинин катчысы Линь У келди.

Кытай Кыргызстандын эң маанилүү инвестору жана ири соода өнөктөшү макамын сактап жатат. Статистикалык маалыматтар боюнча, 2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 4,13 млрд долларга жетип, тарыхый рекорд коюлду. Ал эми ушул жылдын январынан июлуна чейин эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 2,7 млрд доллардан ашып, 28%дан жогорку өсүш болду. 

Улуттар ортосундагы достук элдин жакындыгынан көз каранды. Эки элдин жакындашуусун алга сүрөө коомчулуктун кыргыз-кытай мамилелерин тереңдетүүгө колдоо көрсөтүүсүнө өбөлгө болот.

«Манас» эпосу — кыргыз жана кытай элинин жалпы маданий кенчи. 2022-жылдын июль айында Си Цзиньпин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна барганда ага «Манас» эпосунан үзүндү көрсөтүлдү. Ал «Манасты» муундан-муунга өткөрүп берүү үчүн эпосту кылдаттык менен коргоо керектигин белгилеген. Кыргыз өкмөтү Бишкекте Кытайда жашаган белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын айкелин орнотту. Кытай артисттери кыргыз тараптын чакыруусу менен Бишкекке келип, «Манас» операсын коюшту.

Кыргызстанда кытай тилин өздөштүргөн адамдардын саны күн санап өсүүдө. Кыргызстан менен Кытай биргелешип Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда 4 Конфуций институтун жана 21 Конфуций классын ачышты. Ал жерлерде жыл сайын 10 миңден ашуун адам билим алат.

Кытайдын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер да көбөйүүдө. Кытай өкмөтү жыл сайын Кыргызстанга стипендия менен камсыздала турган 300 студентке орун берет. 

Кытай элчилиги «Кытай кыялына карай» стипендиялык программасын негиздеди. Ал аркылуу өзгөчөлөнгөн көптөгөн мектеп окуучулары стипендия алып, Кытайга билим алууга жөнөп жатышат.

Элчилик Кыргызстандын 20 мектебине интерактивдик панель берип, Баткен облусундагы чек арага чектеш жайгашкан 5 аймактагы тигүү жана кондитердик цехтерге жабдык тапшырды. Ошондой эле музыка мектептерине музыкалык аспаптарды алып берип, кыргыз аялдарынын кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу боюнча курстарды уюштуруу демилгесин колдоду жана жайлоолордо балдар үчүн өнүгүү борборлорун ачууга жардам берди.

Андан тышкары Кыргыз улуттук китепканасында Кытай маданияты жана билим берүүсү борбору жаңыланып, №95 мектепке кытай тилинин борбору жана хореография залы курулду.

«Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында катаракта оорусуна кабылган кыргызстандыктарга кытайлык адистер 600 акысыз операция жасашты. Кытай тарап Ош шаарында офтальмологиялык кабинет ачууга кайтарымсыз түрдө медициналык жабдууларды берди.

Кыргызстан кытайлык туристтерге барууга сунушталган өлкөлөрдүн катарына киргизилди. Бул Кыргызстанга кытайлык туристтердин арасында популярдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Бүгүнкү күндө кытай-кыргыз көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүгү тарыхый жактан жогорку деңгээлде.

Кайрымдуу кошуналар, жакшы достор, ишеничтүү өнөктөштөр жана бир туугандар — бул сөздөр бүгүнкү кытай-кыргыз мамилелерин чагылдырып турат.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым билдиргендей, биз мындан ары Кытай менен Кыргызстандын элдери бир келечекке умтулган коом түзүүгө аракеттенет деп терең ишенебиз.

Видео Кыргызстан менен Кытай биргелешип, тагдыры бирдей коомчулук түзүү жолунда канала AKIpress news
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
23 октября 2023 г. 8:00:25
00:06:52
Другие видео канала
Депутат 10 минут кричал на министров без остановки. Ему посоветовали поберечь здоровьеДепутат 10 минут кричал на министров без остановки. Ему посоветовали поберечь здоровьеКитай и Кыргызстан — совместное создание сообщества единой судьбыКитай и Кыргызстан — совместное создание сообщества единой судьбыПутин заговорил по-немецки: Скажу это на немецком, чтобы в Германии меня услышалиПутин заговорил по-немецки: Скажу это на немецком, чтобы в Германии меня услышалиСадыр Жапаров открыл новый спорткомплекс «Газпрома» в ТаласеСадыр Жапаров открыл новый спорткомплекс «Газпрома» в ТаласеКак президента Узбекистана Шавката Мирзиёева принимали в КитаеКак президента Узбекистана Шавката Мирзиёева принимали в КитаеРакеты ATACMS помогут ускорить освобождение Украины, - ЗеленскийРакеты ATACMS помогут ускорить освобождение Украины, - ЗеленскийПрезидент США Байден: Мы не можем допустить победы ХАМАС и Путина [ русский перевод ]Президент США Байден: Мы не можем допустить победы ХАМАС и Путина [ русский перевод ]Лавров — Ким Чен Ыну: Путин готов выполнить все договоренности с КНДРЛавров — Ким Чен Ыну: Путин готов выполнить все договоренности с КНДРПутин ночью посетил штаб Вооружённых Сил в Ростове-на-ДонуПутин ночью посетил штаб Вооружённых Сил в Ростове-на-ДонуВ парламенте едва не подрались два депутатаВ парламенте едва не подрались два депутатаТашиев: Надо провести «чистку» среди госслужащихТашиев: Надо провести «чистку» среди госслужащихСадыр Жапаров: С возвращением «Кумтора» началась ликвидация политической коррупции в КыргызстанеСадыр Жапаров: С возвращением «Кумтора» началась ликвидация политической коррупции в КыргызстанеКҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН БААСЫ: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛКҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН БААСЫ: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛПутин — о ракетах ATACMS для Украины: Это ошибка США. Война есть война, мы сможем отражать эти атакиПутин — о ракетах ATACMS для Украины: Это ошибка США. Война есть война, мы сможем отражать эти атакиПутин в Китае: пресс-конференция по итогам визита. LIVEПутин в Китае: пресс-конференция по итогам визита. LIVEПутин: Россия и Китай стремятся к равноправному сотрудничеству в миреПутин: Россия и Китай стремятся к равноправному сотрудничеству в миреПутин ответил Байдену: «Век живи — век учись». Надо научиться уважать другихПутин ответил Байдену: «Век живи — век учись». Надо научиться уважать другихМЧС России передал Кыргызстану вертолет Ми-8МЧС России передал Кыргызстану вертолет Ми-8Путин прибыл в Пекин на форум «Один пояс, один путь»Путин прибыл в Пекин на форум «Один пояс, один путь»Шавката Мирзиёева с супругой торжественно встретили в ПекинеШавката Мирзиёева с супругой торжественно встретили в Пекине
Яндекс.Метрика