Загрузка страницы

Мадинанын эшигин Исламиятка ачкан – Мусаб бин Умейир

Бүгүнкү каарманыбыз Мадинанын эшигин Исламиятка ачып, миңдеген адамдардын, жок жаңылышамын “Себеп болуу кылганга барабар!” эрежеси боюнча миллиондогон адамдын ыйманга келүүсүнө себеп болгон. Ал ошондо “Аллахым ыкласымды арттыр, мени ыкластуулукта тереңдештир!” деп дуба кылган экен. Анткени чын ыкластан чыккан сөз гана таасирин берээри бышык. Мен да бүгүн ошол дуба менен “Аллахым сөздөрүмдү жүрөктөн чыгар да жүрөккө жетсин! Ыкластуулугумду арттыр да таасирин берсин!” деп баштагым келип турат. Иншаллах, ушул өрнөктүү жашоону сүйлөшкөндөн кийин Аллах ыраазычылыгы жолунда үйүбүздөн чыга албай чайналгандардан болбойбуз. Жылуу төшөгүбүздөн тура албай, комфорт аймагыбызды кыя албай эзилгендерден да болбойбуз. Анткени Мусаб бин Умейир дүйнөнүн бүткүл шаан шөкөттүнөн кечип, бир Ислам баатырын жаратуунун үлгүсүн бизге көрсөттүп берген. Меккеде Мусабдан да келишимдүү, саркеч жана жарашыктуу кийинген эч ким жок болчу ошондо. Чачтары тармал-тармал, ирети менен таралган нагыз жигиттин гүлү эле Мусаб. Бул биздин ойубуз эмес, Пайгамбарыбыз савдын ага берген баасы. Периштелер суктанган жигит болуу, алгачкы мухажир болуу, алгачкы мугалим болуу, Мусаб бин Умейир болуу... Кызык, деги Мусаб бин Умейир болуу - бул кандай болуусу мүмкүн?!

Видео Мадинанын эшигин Исламиятка ачкан – Мусаб бин Умейир канала БЕЙИШ НУРУ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
16 декабря 2023 г. 19:30:09
00:30:12
Яндекс.Метрика