«Кыргызстан» партиясын каттоодо чыр чыкты
25-августка караган түнү Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер чогулуп, БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылышты. Чогулгандарды БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабыл алды. Топтолгондорго имараттын кире беришинде коюлган камерадан алынган видео жана партиялардан келген документтерди каттоо журналы көрсөтүлдү. Камерадан алынган видеодогу убакытка караганда «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү документтерди мыйзамда белгиленген сааттан кеч алып киришкен. Ошондой эле партиялардан келген документтерди каттаган журналда дагы «Кыргызстан» партиясы тапшырган убактысы кол менен оңдолуп, саат 17.59 деп жазылганы көрсөтүлдү. Боршайкомдун мүчөсү видеокамеранын сааты 13 мүнөт алдыда экенин айтты. БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну эрежеге ылайык, 24-августта саат 18:00дө токтотот. Шайлдабекова маселени БШКнын жумушчу тобу 24 сааттын ичинде карап чыгарын билдирди. 24-августта саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин тапшырганын жарыялаган, алардын катарында «Кыргызстан» партиясы да аталган. Көп өтпөй социалдык тармактарда «Кыргызстан» партиясы документтерин мыйзамда белгиленген убакыттан кеч алпарып, маселени жең ичинен чечүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат тараган.
Видео «Кыргызстан» партиясын каттоодо чыр чыкты канала Azattyk
Видео «Кыргызстан» партиясын каттоодо чыр чыкты канала Azattyk
Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
![Өзүн өнүктүрүү курстары муктаждыкпы же бизнеспи?](https://i.ytimg.com/vi/O-scEKRpyRE/default.jpg)
![Коронавирустан үзүлгөн өмүрлөр](https://i.ytimg.com/vi/IRN9Zrm8smM/default.jpg)
![Кош жылдыз: Балдар сүйүктүү ырчылары менен бир сахнада / НТС / Кыргызстан](https://i.ytimg.com/vi/P_bE3fxvK5o/default.jpg)
![Шайлоого партиялар чачыранды болуп баратат](https://i.ytimg.com/vi/oOhfOhu3rz8/default.jpg)
![LIVE. Муфтият чыры жана дин саясаты](https://i.ytimg.com/vi/o_jF2PQDWPI/default.jpg)
![Как живет современный Кыргызстан?](https://i.ytimg.com/vi/lSQkd9nlBvo/default.jpg)
![#ОшТВ | ЖАНЫЛЫКТАР 17.07.2020 КЕЧКИ КАБАРЛАР ТОПТОМУ](https://i.ytimg.com/vi/zp7bkFJTsu0/default.jpg)
![Musofirning azobi (o'zbek film) | Мусофирнинг азоби (узбекфильм) 2020](https://i.ytimg.com/vi/zD2uxlf9Ng4/default.jpg)
![Жаштар теледебаты / Шайлоо - 2020 / ТҮЗ ЭФИР (18.09.2020)](https://i.ytimg.com/vi/ZKxhXByfAxU/default.jpg)
![Million jamoasi - Yangi yil | Миллион жамоаси - Янги йил](https://i.ytimg.com/vi/VQbmcra7hNk/default.jpg)
![Жапаровду сынаган Москва сапары](https://i.ytimg.com/vi/sBUiy33ba_g/default.jpg)
![Садыр Жапаров Жээнбековдун былыгын чыгарды Бугунку Жанылыктар](https://i.ytimg.com/vi/fNK-elHdCt4/default.jpg)
![Bravo jamoasi 2020 😂(Тайлол хот гала концерт)](https://i.ytimg.com/vi/TcAbonl8SKo/default.jpg)
![Текебаев Чубак ажыны камактан кантип сактап калган? Фракция жыйыны 07.06.2013](https://i.ytimg.com/vi/C-h2h11tGZY/default.jpg)
![Депутат Тагаев Кумтөрдөн дивиденд төлөнбөй жатканын айтты](https://i.ytimg.com/vi/K_HtPOxCV80/default.jpg)
!["БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН" ПАРТИЯСЫН ЭМНЕ ЧЕТТЕТИП ЖАТЫШАТ? \\ Жаңылыктар 08.09.2020](https://i.ytimg.com/vi/-_yjHdN0SQQ/default.jpg)
![ЧУКУЛ ! ТЕЗ КӨР! СЫЙМЫК ЖАПЫКЕЕВ ЖЭЭНБЕКОВГО КАРАТА КАТТУУ АЙТЫП КОЙДУ! ЭМИ ЭМНЕ БОЛОТ?](https://i.ytimg.com/vi/4ZneV_Z3x0U/default.jpg)
![Муфтийлер кызматтан кантип кеткен?](https://i.ytimg.com/vi/1A15WLnv9gI/default.jpg)
![КАЙЧЫЛАШ СУРООЛОР, ПАРТИЯЛАРДЫН ЖООПТОРУ... ТЕЛЕДЕБАТ | ШАЙЛОО 2020](https://i.ytimg.com/vi/qctjLFPcGC8/default.jpg)
![Аскат Мусабеков жана жубайы Миргүл Асаналиева Таңкы беште конокто](https://i.ytimg.com/vi/1BwKxg6XZQg/default.jpg)