Тыныбекова: Дүйнөлүк чемпионатта уялганыман, өжөрлүк менен эле жеңип чыктым
Айсулуу Тыныбекова: Акыркы бир айда жакшы даярдана алган эмесмин. Дүйнөлүк чемпионатта уялганыман, өжөрлүк менен эле жеңип чыктым. Биринчи мелдеш кыйын болду. Жандүйнөм, булчуңдарым ооруп турган, батыраак бүтсө экен деп жаттым. Режим кармабагандыктан салмагым да түшүп жатты. Бир ай спорт режиминен чыгып кетсең кыйын экен. Жаңылыштык, коркунуч болгон жок. Адам ичинен өзүнө ишенсе баарына жетет, ишеним болбосо күчтүү болсо да жеңе албайт.
Мындан кийин машыга берем, бирок жандүйнөнүн тынчтыгын каалап турам. Алдыдагы Олимпиадага даярданышым керек.
Кыргызстандыктар Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгеге ээ болгон спортчулардын алгачкы тобун тосуп алышты.
Кыз-келиндер күрөшүнөн кыргыз балбандары эки алтын, бир коло, эркин күрөштөн бир күмүш, бир коло байгеге ээ болушту.
Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), күмүш байгени эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев (70 кг), коло байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг), эркин күрөштөн Алибек Осмонов (65 кг) алды.
Бүгүн, 9-октябрда грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшөт. Бул күнү аталган күрөштөн Калы Сулайманов (63 кг) жана Марлен Асикеев (67 кг) килемге чыгат.
Мелдеш 10-октябрда аяктайт. Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын 15 балбан барды. Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды.
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus
Видео Тыныбекова: Дүйнөлүк чемпионатта уялганыман, өжөрлүк менен эле жеңип чыктым канала Azattyk

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
БАЛБАН КЫЗДАРЫБЫЗ МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ! / Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы / ИНТЕРВЬЮКыргызстан дүйнөлүк рейтингте канчанчы орунда? ТОП10Эмил Балтагулов "Мекенимдин кызы Мээримай". Мээрим Жуманазаровага арналган жаңы ырАйсулуу Тыныбекова: "Келээрки Олимпиада, жеке жашоо тууралуу чечим кабыл ала элекмин"#тюльпан Бишкек# тюльпан kgСезим Жуманазарова: “Алтын алмайынча жеке жашоомду ойлонбойм”Акжол Махмудов Ала-Тоо аянтын ыр сабы мн дүңгүрөттү | Айсулуу Тыныбекова кийинки олимпиадага барабы?Мээрим Жуманазарова на характере выходит в Финал ЧМЧЕМПИОН ЖИГИТТЕРИБИЗ БИШКЕККЕ КАЙТЫП КЕЛИШТИ / Жоламан, Эрназар, Алибек / ИНТЕРВЬЮУтренние обливания холодной водой.Гүлнара Кахарова: “Сыйлыгыма атам өзгөчө кубанды”КЫРГЫЗ БАЛБАН КЫЗДАРЫНА ТАН КАЛЫШУУДА / Айсулуу Тыныбекова, Нурбек Изабеков / ИНТЕРВЬЮКыргыздын кыйын кыздарын тосуп алуу аземи/ Калмира Билимбек кызы/ Сезим ЖуманазароваАйсулуу Тыныбекова менен Нурбек Изабековдон ЖАҢЫ ИНТЕРВЬЮ! Олимпиада алтынына карай жол...Пчеловодство в КыргызстанеОлимпиадада Власов менен күрөшкүм келет| Акжол Махмудов| Чоң ИнтервьюСАЛЫМБЕКОВ КАРМАЛДЫ. Кустуризация уланууда \\ Не Жанылык 14.10.2021Согушту сындаган орус жылдыздарыМээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы беттешине чыгат