Загрузка страницы

Чуу жараткан 21 миллион сом кенемте. Юристтер эмне дейт?

Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө төлөнө турган 21,7 миллион сом кенемте коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Айрымдары бул сумма өтө көптүк кыларын жана мындай чоң каражатты өлкө экономикасы көтөрө албайт дешсе, кээ бири прокуратура менен сот органдары мыйзамдарды аша чаап өздөрүнө тууралап алганын айтып, сындап дагы чыгышты.

Ошол эле кезде айрым юристтер, 21 миллион 699 миң сом кенемте берүү деген албетте, өлкөбүз үчүн абдан чоң каражат экенин, бирок 2019-жылы июль айында ошол кездеги парламенттин “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” кабыл алган мыйзамына ылайык, кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жарадар болсо, жаракаттын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен каза тапса, анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилерин, бул пункт мыйзамда так, даана көрсөтүлгөнүн баса белгилеп айтышты.

Андыктан юристтер, мыйзамда жазылгандан соң, бул сөзсүз аткарылыш керектигин, болбосо депутаттар мыйзамды кайрадан карап чыгып, балким кенемтенин суммасын азайтуу боюнча демилге көтөрүп, өзгөртсө болорун билдиришти.

Бирок анткен менен укук коргоо органдары өз ден-соолугун, өмүрүн тобокелге салып жатышат. Бул факторду дагы эске алуу керек дешүүдө.

Ал эми Башкы прокуратура бул бир эле прокуратурага тиешелүү эместигин, бул баардык эле укук коргоо органдарына, тактап айтканда УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жазаларды аткаруу кызматы өңдүү баардык мамлекеттик органдарга тиешелүү экендигин маалымдады.
Анан дагы, каза болгон ар бир прокуратура кызматкерлерине мындай камсыздандыруу суммасы төлөнүп берилбейт. Бул бир гана учурда кызматын аткарып жатып, каза болгон кызматкерлерге гана КР прокуратурасынын Конституциялык мыйзамына ылайык камсыздандыруу (компенсация) суммасы бир жолу төлөнүп бериле турганы айтылды.

Белгилей кетсек, мындай компенсация төлөп берүү учуру акыркы 20 жыл ичинде 1 жолу гана катталган.

Дагы баса белгилей кетчү жагдай, бул талаш жараткан 21 миллион сом кенемте тууралуу бүгүн өлкө башчы дагы үн катты.

Анда президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды.

Тагыраагы, компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып, мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди.

Видео Чуу жараткан 21 миллион сом кенемте. Юристтер эмне дейт? канала KOOM PRESS
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
17 мая 2023 г. 18:20:28
00:03:11
Другие видео канала
“Альянс Алтын” компаниясы ата мекендик экспорттун өсүшүнө кызыктар“Альянс Алтын” компаниясы ата мекендик экспорттун өсүшүнө кызыктарЭЛ ПИКИРИ: Мас жана эреже бузган айдоочуларга кандай жаза керек? видеоЭЛ ПИКИРИ: Мас жана эреже бузган айдоочуларга кандай жаза керек? видеоКамактагы Клара Сооронкулованын ата-энеси бийлик өкүлдөрүнө кайрылдыКамактагы Клара Сооронкулованын ата-энеси бийлик өкүлдөрүнө кайрылдыПрокуратуранын тергөө функциясын алып салуу керекпи? Депутаттардын пикириПрокуратуранын тергөө функциясын алып салуу керекпи? Депутаттардын пикириКореяда жашаган Нурсултан: "Кыргыздар күнүнө 100 доллардан табышат"Кореяда жашаган Нурсултан: "Кыргыздар күнүнө 100 доллардан табышат"Кыргыз улуттук филармониясы!Кыргыз улуттук филармониясы!Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны 05.04.2022Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны 05.04.2022Колдоо көрбөгөн билим берүү. Мугалимдин чыгармачылык, материалдык изденүүсүКолдоо көрбөгөн билим берүү. Мугалимдин чыгармачылык, материалдык изденүүсү“Муну “преступное бездействие” дейт”, - Алмазбек Исманкулов министрге чара көрүлбөгөндүгү тууралуу“Муну “преступное бездействие” дейт”, - Алмазбек Исманкулов министрге чара көрүлбөгөндүгү тууралууАксы окуясы. 20 жылдан бери укуктук, тарыхый жана илимий баа берилбей келетАксы окуясы. 20 жылдан бери укуктук, тарыхый жана илимий баа берилбей келетБазар баасын ким көзөмөлдөйт? Монополияга каршы кызматы жооп беретБазар баасын ким көзөмөлдөйт? Монополияга каршы кызматы жооп беретАкыйкатчылыкка талапкер Атыр Абдрахматова саясий эрки, БШКдагы иши, өзү катышкан шайлоо тууралууАкыйкатчылыкка талапкер Атыр Абдрахматова саясий эрки, БШКдагы иши, өзү катышкан шайлоо тууралууДоллардан кантип баш тартуу керек? Демилгечи депутат Айсара Абдибаева менен маекДоллардан кантип баш тартуу керек? Демилгечи депутат Айсара Абдибаева менен маекММКларга болгон кысым, маалыматтык коопсуздук жаатында реформа. Медиа эксперт менен маекММКларга болгон кысым, маалыматтык коопсуздук жаатында реформа. Медиа эксперт менен маекКыргызстанда кумшекердин баасы 100 сомго таяп калдыКыргызстанда кумшекердин баасы 100 сомго таяп калдыДоллардын куну. Валюталар курсун ким жөнгө салат? Адис менен маекДоллардын куну. Валюталар курсун ким жөнгө салат? Адис менен маекКадыры кеткен кадр саясаты. Мамлекеттик кызматкерлерди тандоодогу алешемдиктерКадыры кеткен кадр саясаты. Мамлекеттик кызматкерлерди тандоодогу алешемдиктерЧемпиондукту багынткан кыргыз хоккейчилери. Дагы эмнени күтсөк болот?Чемпиондукту багынткан кыргыз хоккейчилери. Дагы эмнени күтсөк болот?309-токтом Конституцияга каршы. Айжигитов Баткен, экономика, айыл чарба, аймакты өнүктүрүү тууралуу309-токтом Конституцияга каршы. Айжигитов Баткен, экономика, айыл чарба, аймакты өнүктүрүү тууралууЗыйнатта мал союлбаса, салт бузулабы? Жаңы мыйзамга каршы Турат Акимов менен маекЗыйнатта мал союлбаса, салт бузулабы? Жаңы мыйзамга каршы Турат Акимов менен маек
Яндекс.Метрика