Загрузка страницы

“Баламды кайсы мектепке берем?” деген ата-энелерге кеңеш берилди

Баламды кайсы мектепке берем? Мындай суроо менен мектеп жашына келген баласы бар ар бир ата-эне өзүнө кайрылат. Себеби, сапаттуу билим берүүчү мектепти тандоо менен алар баласынын мындан аркы кадамдарынын ийгиликтүү болушуна шарт түзөт. Жоопкерчиликтүү чечим чыгарууда ата-энелер бир топ тоскоолдуктарга туш болоору талашсыз. «Силк Роад» эл аралык мектеби тарабынан уюштурулган “Билим берүүнүн негиздери” аттуу семинарга чогулган катышуучулар мына дал ушул маселелерди чечүүнүн жолдору менен таанышышты.

Бишкекте жалпысынан 187 менчик мектеп бар. Алардын ар биринин билим берүү системасы ар башка сезилгени менен, окшош жактары да көп экенин байкоого болот. Бул критерийлер, ата-эне жана балдардын чечимине таасир тийгизет. Бүгүнкү семинарда катышуучулар мамлекеттик же жеке мектептерде тил курстарын кошуп окутуу туурабы же эл аралык мектепке өткөн жеңилби? Мектепти тандоодо эмнеге көңүл буруу керек? Кайсы мектеп керектүү билим бере алат жана кимдер жөн гана куру убадаларга ишендире тургандыгы тууралуу да маалымат алышты.

Чет тилин билүү заманбап дүйнөдө ийгиликке жетүү үчүн биринчи орунда турат. Кээ бир ата-энелер балдарын кенедейинен башка тилдерди үйрөтүүчү курстарга беришет. Бул аракеттер натыйжасыз болуп калган учурлар да бар. Силк Роад эл аралык мектеби 1996-жылдан бери көп тилдүү билим берүүнү сунуш кылган Бишкек шаарындагы билим берүүнүн баштоочуларынын бири катары бул семинарда өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, ата-энелер балдарына табигый жол менен бир нече тилди кандай жол менен жеңил өздөштүрүүгө жардам бере алаарын түшүндүрүштү. Бишкекте эл аралык акредитациядан өткөн мектептер менен катар, жөн гана аты менен гана таанымал билим берүү мекемелери бар. Ал эми баласы мектепти аяктаган соң, чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларында билим алууну улантуусун каалаган ата-энелер четтен чыгат. Бүгүнкү иш-чарада бул маселе да козголбой койгон жок. Тажрыйбалуу мугалимдер чет өлкөдөгү окуу жайларды туура тандоо, алар койгон критерийлер жана балдардын ал жакта ийгиликтүү билим алуусунун сырлары тууралуу айтып беришти.

Видео “Баламды кайсы мектепке берем?” деген ата-энелерге кеңеш берилди канала КАБАРЛАР. KG
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
26 января 2021 г. 15:13:26
00:04:09
Другие видео канала
Вице-мэр города Ош, Замир Юсупов требовал бесплатный банкет от хозяина отеляВице-мэр города Ош, Замир Юсупов требовал бесплатный банкет от хозяина отеляТорговцы рынка 'Мадина' обратились к президенту с просьбой отпустить Турсунтая СалимоваТорговцы рынка 'Мадина' обратились к президенту с просьбой отпустить Турсунтая СалимоваМуфтий Замир Кары Ракиев: Казино харам!Муфтий Замир Кары Ракиев: Казино харам!Пригожин выступил с первым заявлением после мятежаПригожин выступил с первым заявлением после мятежаВладимир Путин назвал Евгения Пригожина предателем!Владимир Путин назвал Евгения Пригожина предателем!Евгений Пригожин захватил город Ростов - на -ДонуЕвгений Пригожин захватил город Ростов - на -ДонуКазак-Кыргыз элин тоногон Исламбек Османжанов ким?Казак-Кыргыз элин тоногон Исламбек Османжанов ким?Куликовский планирует построить мечеть в БишкекеКуликовский планирует построить мечеть в БишкекеКак задерживали мэра города Токмок Урмата СамаеваКак задерживали мэра города Токмок Урмата СамаеваПутин прилетел в ХерсонПутин прилетел в ХерсонПутин: Россия разместит в Белоруссии тактическое ядерное оружиеПутин: Россия разместит в Белоруссии тактическое ядерное оружиеРоссия переходит на Юань? Путин и Си ЦзиньпинРоссия переходит на Юань? Путин и Си ЦзиньпинЭлди ким алдап жатат? Байлар акчасын кантип катышат?Элди ким алдап жатат? Байлар акчасын кантип катышат?КЫРГЫЗСТАН ТЕЗ АРАДА АЛДЫГА ЧЫГАТ?КЫРГЫЗСТАН ТЕЗ АРАДА АЛДЫГА ЧЫГАТ?Ukraine air forces in RussiaUkraine air forces in RussiaАйтикеев: Чек ара маселесинде саясат жасаган популисттер чыккынчы менен барабарАйтикеев: Чек ара маселесинде саясат жасаган популисттер чыккынчы менен барабарБекболот Талгарбеков: Равшан Сабиров кыргыз деп күйгөн жигит. Биз бөлүнбөшүбүз керекБекболот Талгарбеков: Равшан Сабиров кыргыз деп күйгөн жигит. Биз бөлүнбөшүбүз керекСемьен Поляков: Кыргыз и Таджики должны найти общий языкСемьен Поляков: Кыргыз и Таджики должны найти общий языкРавшан Сабиров: Кыргыз элиме терең кайгыруу менен көңүл айтамРавшан Сабиров: Кыргыз элиме терең кайгыруу менен көңүл айтам"Silk Road International School" (Силк Роад) мектебинде «Акыркы коңгуроо» болуп өттү"Silk Road International School" (Силк Роад) мектебинде «Акыркы коңгуроо» болуп өттүДепутат Марлен Маматалиев: Райымбек Матраимовду абдан сыйлаймынДепутат Марлен Маматалиев: Райымбек Матраимовду абдан сыйлаймын
Яндекс.Метрика