Загрузка страницы

Ирактан 79 баланы Кыргызстанга алып келишти

Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга кайтарылды.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди.

Аларды кайтарууга Кыргызстандын бийлиги, Кувейттеги элчилик жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жардам берген.

Балдар Иракта калган энелеринин уруксаты менен алып келинди.

Маалыматка караганда, эми алар реабилитациядан өткөрүлөт. 2021-жылдын февралында Иракка Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген жумушчу топ жөнөтүлгөн.

Өкмөт Сириядагы жарандарды да алып келүү үчүн учак жөнөтө турганы 10-мартта белгилүү болгон. Ал аракет качан ишке ашаары айтылган эмес.

Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген.

Качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Аль-Хол” лагеринде жашап жатканы кабарланган.

11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын бар, алардын 94% аялдар жана балдар.

Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фонду билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Видео Ирактан 79 баланы Кыргызстанга алып келишти канала Azattyk
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
16 марта 2021 г. 15:00:51
00:04:02
Другие видео канала
Таштанды иргеп, пайда тапТаштанды иргеп, пайда тапСуусамыр: - 40 градустагы жашооСуусамыр: - 40 градустагы жашооСадыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калатСадыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калатАбай түрк тилдүү элдердин акылманыАбай түрк тилдүү элдердин акылманы“Жол азабы - көр азабы”“Жол азабы - көр азабы”Нарында жылкыга чип коюла баштадыНарында жылкыга чип коюла баштадыСуваналиев Сох анклавы боюнча түшүндүрмө бердиСуваналиев Сох анклавы боюнча түшүндүрмө бердиЭРКЕКЧЕ СОЗ БОЛДУ ТАШИЕВДЕ ДУХ БАР ЭКЕН ЧЕК АРАНЫ ЖАПАРОВ ЧЕЧЕТ КАТУУ ТАЛАП КОЮШТУЭРКЕКЧЕ СОЗ БОЛДУ ТАШИЕВДЕ ДУХ БАР ЭКЕН ЧЕК АРАНЫ ЖАПАРОВ ЧЕЧЕТ КАТУУ ТАЛАП КОЮШТУМирзиеёв кызматчыларын САДЫРДЫН көзүнчө ТИЗДИ | САДЫР ЖАПАРОВ СЮРПРИЗ БОЛДУ ДЕДИМирзиеёв кызматчыларын САДЫРДЫН көзүнчө ТИЗДИ | САДЫР ЖАПАРОВ СЮРПРИЗ БОЛДУ ДЕДИСадыр Жапаров Мирзиёевден күтүлбөгөн белек алды! Бир тууган эл ушундай болот..Садыр Жапаров Мирзиёевден күтүлбөгөн белек алды! Бир тууган эл ушундай болот..Өкмөт БАШЧЫ Улукбек Мариповдун ЖАЛАЛ-АБАДка болгон ИШ сапары БАШТАЛДЫ - ВИДЕО #АкыркыКабарларӨкмөт БАШЧЫ Улукбек Мариповдун ЖАЛАЛ-АБАДка болгон ИШ сапары БАШТАЛДЫ - ВИДЕО #АкыркыКабарларМайыптыгы барларга иш табуу кыйынМайыптыгы барларга иш табуу кыйынСадыр Жапаров: Көлбаев боюнча АКШдан далилдерди сурадыкСадыр Жапаров: Көлбаев боюнча АКШдан далилдерди сурадыкМуфтийлер кызматтан кантип кеткен?Муфтийлер кызматтан кантип кеткен?Изат Айдаркулова Эламан Келдибеков Айтыш (2020жыл)Изат Айдаркулова Эламан Келдибеков Айтыш (2020жыл)Болгон окуя, баланы өлтүрүп дубалга уруп койушканБолгон окуя, баланы өлтүрүп дубалга уруп койушканМАРИПОВ ЭЛ аралап || Акимге СӨГҮШ жарыялапМАРИПОВ ЭЛ аралап || Акимге СӨГҮШ жарыялапСадыр Жапаров 30 жылда чечилбеген маселелерди чечти буйруса! Шавкат МирзиёевСадыр Жапаров 30 жылда чечилбеген маселелерди чечти буйруса! Шавкат МирзиёевЭкс-президент Курманбек Бакиев & Аскар Акаевди каттуу тамашаладыЭкс-президент Курманбек Бакиев & Аскар Акаевди каттуу тамашаладыБорбор Азиянын алын сынаган пандемияБорбор Азиянын алын сынаган пандемия
Яндекс.Метрика