Атабек Азисбеков: элимден кечирим сурайм
Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков ушул күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн беттеште жеңилди. Грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмактагылар арасында 3-орун үчүн беттеште Азизбеков өзбекстандык Рустам Ассакаловго 6:2 эсебинде жеңилди.
Азисбеков беттештерин 15-сентябрда баштап, грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.
Алгач ал латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде утуп, бирок кийинки беттешинде венгриялык Виктор Лоринчеге жеңилди. Венгр балбаны финалга чыкканына байланыштуу Азизбековго коло байге үчүн күрөшкө жол ача турган көңүл жубатуучу таймаштарга чыгууга жол ачылды.
16-сентябрда уланган көңүл жубатуучу беттеште ал алгач түркмөнстандык Шихазберди Овелековду 6:0, кийин кытайлык Жуинже Наны 6:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган эле.
Азисбеков коло байге үчүн күрөштө жеңилгенине карабай 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 14-сентябрда башталган. Бул мелдеште грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алтыдан олимпиадалык салмакта алдыңкы беш орунду ээлегендерге Олимп оюндарына жолдомо берилет.
Видео Атабек Азисбеков: элимден кечирим сурайм канала Азаттык

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Беш жыл от кечип, жапон согушун жеңген Мамасалы атаЫсык-Көл: Дыйкандар картөшкөнүн ордуна кулпунай тигишетТелефонду теше тиктеген баланы кантип коргойбуз?Disney студиясы: “Баш катырма” казакча сүйлөйтӨмүрүн өнөргө арнаган ФаридаСүт азыктары: Орусиянын чектөөсүнө эмне себеп?Кылым карыткан ардагерлер дүйнөгө тынчтык тилейтФилармониядагы көрүнбөгөн каармандын бир күнүКыргыз тилин акысыз үйрөткөн немис кызыТаркович: Кыргызстанда таланттуу оюнчуларды көрдүм, аларды тапташ керек"Энем Алайга көмгүлө деп ыйлачу". Вандык кыргыздар тарыхый журтуна келдиБишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу залы ачылды"Пенсияга чыкканда жаңы кесип таптым"Турция: непростые будни кыргызстанцев в миграции"Мүңкүрөп турганда "Азаттык" жашоомду өзгөрткөн""Мектепке карышкырдан коркуп барабыз"Кыргызстанды кыялбаган корейлерЭлмирбектен калган мурасКадамжайда күмбөздөн табылган китептерОрусияда тигүүчүлүк кылып акча тапкан кыз-келиндер"Башка инсулинди таңуулап жатышат". Диабетке чалдыккан балдардын көйгөйү