Загрузка страницы

Жүрөгүмө кантип кирип алгансын?

Жүрөгүмө кантип кирип алгансын?

Жалжылдаган көздөрүн күйүп-жанып,
Тиктегенде калчумун эстен танып.
Жайдары жүз, ууртуңдан күлкү тамат,
Көр турмуштун татаалын унуткарып.
Жайлоодогу салкын соккон шамалган,
Окшоп кетчүн бир караган адамга.
Шуу-шуу этип жандан өтсөң апкаарып,
Дем алганга жетпей калчу чамам да.
Корком өңүң, болгон дүйнөң тартылып,
Сүрөт болуп элесимде калгансын.
Алп денелүү тулку боюн батырып,
Жүрөгүмө кантип кирип алгансын?
Бассам-турсам калып калбай мен менен,
Түкшүмөлдүү ойдо кошо жүрөсүң.
Ошентсе да алымсынбай сен менен,
Жоолугуунун таппай келем жүйөсүн.
Сыйбай калып жүрөгүмө элесиң,
Ырга айланып, учуп чыга бересиң.
Кайра өзүңө өзүң барып сыр болуп,
Катка айланып, кайра өзүмө келесиң.

Видео Жүрөгүмө кантип кирип алгансын? канала ikyrgyz
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
6 ноября 2011 г. 15:23:36
00:01:46
Яндекс.Метрика