Ташиев: Жалил Атамбаев өткөргөн той - элдин бетине түкүргөндүк
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Оштогу белгилүү ишкер Жалил Атамбаевдин азыркы шартта миңдей адамга той бергенин «элдин бетине түкүргөндүк» деп эсептейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы 24-декабрда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ташиев белгилегендей, Атамбаевдин уулу УКМКда иштейт жана ал атасынын бул жоругу үчүн катуу сөгүш алды:
«Мамлекетте оорчулук болуп, коомубузду пандемия басып, элдин жашоосу кыйын болуп турганда Жалил Атамбаев миңдей адамды топтоп той берип жатат. Биз ойлойбуз, бул элдин, коомчулуктун бетине түкүргөндүк. Бул элди тоготпогондук. Мындан ары андайга жол бербейбиз. Анын баласы бизде иштейт экен. Үйлөнүптүр деп, аны жумуштан айдап жиберсек болбойт деген таризде ага катуу сөгүш бердик. Эми ал атасынын жоругу үчүн жакынкы эки жылда кызматтык тепкич боюнча жогорулай албайт. Бул бардык байларга сабак болсун. Тойлор болуш керек, бирок моралдык жагын да караш керек».
12-декабрда Жалил Атамбаев Ошто уулун үйлөндүрүп, чоң той берген. Андагы шаан-шөкөт, конокторго белек катары таратылган автомашиналар жана башка баалуу буюмдар, тойго Жогорку Кеңештин депутаттары менен жергиликтүү бийлик башчылары барып катышканы коомчулуктун сынына кабылган.
14-декабрда УКМК коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө карабай миңдей адамдын катышуусунда той өткөнүнө байланыштуу териштирүү баштаган.
Ош мэриясы шаарда той өткөрүүгө уруксат берилгенин жана кишинин санына чектөө коюлбаганын билдирген.
Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабат үйлөрдүн жана ишканалардын ээси. Мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталган.
УКМКнын айыптоосуна Атамбаев же анын жактоочулары комментарий бере элек.
Видео Ташиев: Жалил Атамбаев өткөргөн той - элдин бетине түкүргөндүк канала Azattyk

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
![КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ КӨЛБАЕВДИ ЭМНЕ ҮЧҮН КАМАГАНЫН АЙТТЫ!](https://i.ytimg.com/vi/DU0b_q7uhdY/default.jpg)
![Ташиев: Жогорку соттун төрайымы Калиевага карата иш козгодук](https://i.ytimg.com/vi/_j9f86d7RCw/default.jpg)
![УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин басма сөз жыйыны](https://i.ytimg.com/vi/tyHxiLjn7Qc/default.jpg)
![Назарбаевдердин дүйнөгө чачылган дүнүйөсү | @Azattyq TV - Азаттық - Азаттык](https://i.ytimg.com/vi/oAb4FHicbrw/default.jpg)
![САЙТ КАБАР 11.12.2020 | БИШКЕКТЕ 35 ЖАШТАГЫ ЭРКЕК АДАМ ДААРАТКАНАГА ТҮШҮП КЕТТИ](https://i.ytimg.com/vi/WqD4catHewI/default.jpg)
![Кара алтындын өмүрдү уурдаган түйшүгү](https://i.ytimg.com/vi/3O0D_kjc3p4/default.jpg)
![Ташиев: УШУЛ СЫРДЫ АЙТПАЙЫН ДЕГЕМ ЧУБАК АЖЫ МЕКЕНЧИЛ МЕНЕН ШАЙЛООГО АТТАНГАН ЭЛЕ.](https://i.ytimg.com/vi/xb_mj1gHLDU/default.jpg)
![КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖАРЫЛДЫ! КӨП ДЕПУТАТТАРДЫН БИЛИМИ ЖОК | САДЫР ЖАПАРОВ СРОЧНО АКТАЛСЫН](https://i.ytimg.com/vi/G2lSHUMMmYw/default.jpg)
![Жаңы президентке үмүт жана талап](https://i.ytimg.com/vi/gItRx372q7k/default.jpg)
![САЙТ КАБАР 14.12.2020 | Ошто 1000 адамга той өткөргөн. УКМК ишкер Жалил Атамбаевди суракка чакырды](https://i.ytimg.com/vi/W1eTjxcLFGI/default.jpg)
![АТАМБАЕВ ООР АБАЛДА ЭКЕН! МОМОМБЕКОВ ЧЫНДЫКТЫ АЙТТЫ!](https://i.ytimg.com/vi/mU9k1u_Z5fk/default.jpg)
![Ташиев: Матраимов полностью возместил ущерб в 2 млрд сомов](https://i.ytimg.com/vi/kZ8Ztek_Dkc/default.jpg)
!["Силер эч ким эмессиңер". Текебаев мыйзамды бузбоого чакырды](https://i.ytimg.com/vi/7e63CqizOVQ/default.jpg)
![Момбеков: Баш мыйзам алмашкандан элдин жашоосу алмашпайт](https://i.ytimg.com/vi/uXHfwekKkbI/default.jpg)
![Атамбаев кыйналган элдин бетине түкүрдү! Камчыбек Ташиев эркекче айтып салды..](https://i.ytimg.com/vi/jMF1DGWzyC4/default.jpg)
![ЖАНЫЛЫКТАР 18.12.2020 Жасалма 2000 сомдук купюраларды дарыканаларга өткөрүп жүргөн өспүрүмдү кармады](https://i.ytimg.com/vi/hpHMm2wY3jw/default.jpg)
![Ташиев: Матраимовго карата жаңы иш козголду](https://i.ytimg.com/vi/HmMqKzd_BUA/default.jpg)
![Садыр Жапаров - айымдын суроосуна ӨЧҮРӨ ЖООП БЕРИП САЛДЫ! БАБАНОВТУ КАЙСЫЛ КЫЗМАТКА АЛАСЫЗ](https://i.ytimg.com/vi/xI0OhuPTg3w/default.jpg)
![Зулушев: "Ата Мекенден" башка фракциялардын тизмесин Атамбаев түзгөн"](https://i.ytimg.com/vi/Mk0-a4Tgpws/default.jpg)
![УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берди](https://i.ytimg.com/vi/1jdODUhp_mk/default.jpg)