Загрузка страницы

СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ ЧООЧУН АЯЛ \ ЖАНЫ КЛИП \ 2021

Сөзү Биримкул Алыбаевдики,
Обону Сыймык Бейшекеевдики

Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Керемет келишимдүү, кээде шаңдуу,
Кер аяк кээде тагдыр опурталдуу.
Сыртынан сыр бербеген ушул аял,
Ичинен муң черткени аянычтуу.

Андайда эмне күнөө, эмне жазык,
Тааныштык кокусунан жай сурашып.
Эжеке, атыңыз ким мүмкүн болсо,
Калаарбыз да бир жерден учурашып.
Болуптур жигит шагың сындырбайын,
Анчалык сурап калдың атым Айым.
Түшүнгүң келип турса дагы терең,
Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым.
Ким менен шайтан басып тааныштым деп,
Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп,
Канчалык сыр бербейин деген менен,
Ал аял билип койду ушундай кеп.

Кете албай же жанынан же сөз чыкпай,
Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай.
Тумчугуп туталанып турганымда,
Баштады аял кебин мына мындай:
Жигит сен менден анча чочубагын,
Түшүнгүн түйүнүнө окуянын.
Сен мени жеңил ойлуу аял десең,
Ага да азырынча кошуламын.

Бар эле бир кошунам, зөөкүр жигит,
Үйүмө чала кызуу келди кирип.
Ал менин абийиримди төкмөк болду,
"Кана Айым, катын бол" деп, эшикти илип.

Бул акмак адамбы же айбанбы деп,
Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп.
Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп,
Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт.
Тер кетип, денем жалын, көзүм туман,
Тургунуң, тургун зөөкүр деп кыйкырам.
Же мага жардам берчү жан адам жок,
Мен аны колдон келсе жеген турам.

Кутулуп кучагынан эптеп жатып,
Кет үйдөн, кеткин дедим башым катып.
Ал акмак арсалаңдап жата берди,
Аюудай ичин кашып, төшүн кашып.
Ошондо акылымдан танып калдым,
Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым.
Бычакты ала коюп ашканадан,
Мына, деп как жүрөккө сайып калдым.

Ушундай бул окуя билгиң келсе,
Анан ал тиштенди да эрдин кесе,
Эркектер эмне мынча зөөкүрсүңөр?
Деп мага жалт карады сөөктү теше.
Камыгып мен өзүмчө канадым а,
Аялды ушунчалык аядым да,
Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп,
Көз жашын сүрткөнгө жарадым а.

Бир карын майды бузган бир кумалак,
Бүлдүргөн баарын мүлдө алиги акмак.
Аялга бүт эркекти жек көрсөтүү,
Өмүрдө ушул кордук, ушул азап.

Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң,
Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам.
Аял да терең ойдун кучагында,
Мен ага эми кантип кайрат айтам?
Тунжуроо, туталануу эселеди,
Жүрөгүм бир арманды жетеледи.
Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту,
Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди.
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк жашыл жоолук салынганы,
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы,
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы.

Видео СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ ЧООЧУН АЯЛ \ ЖАНЫ КЛИП \ 2021 канала Diamond Studio
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
13 сентября 2021 г. 18:16:00
00:06:39
Другие видео канала
УЛАН ОСМОН УУЛУ ЖУРОК СЫРЫ ЖАНЫ КЛИПУЛАН ОСМОН УУЛУ ЖУРОК СЫРЫ ЖАНЫ КЛИПСЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ ЧООЧУН АЯЛ \ за кадромСЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ ЧООЧУН АЯЛ \ за кадромКызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт| Чубак Ажынын жаркын элесине арналатКызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт| Чубак Ажынын жаркын элесине арналатМаралбек Жума - Жетпедим / Жаны клип 2019Маралбек Жума - Жетпедим / Жаны клип 2019Эмил Балтагулов - Ичпечи апаЭмил Балтагулов - Ичпечи апаМЕГА АЙТЫШ ЖАЙЛАДЫ ИЗАТ АКМАТБЕКТИ ЫЙЛАТТЫМЕГА АЙТЫШ ЖАЙЛАДЫ ИЗАТ АКМАТБЕКТИ ЫЙЛАТТЫЭламан Жалалов & Бегимай Наралиева - Жалгыз уя / Жаны клип 2021Эламан Жалалов & Бегимай Наралиева - Жалгыз уя / Жаны клип 2021МЫКТЫ ЧЫГАРМА, СОЗСУЗ КОРУНУЗ / АЛМАЗ ШААДАЕВ - ЖАРКЫРАСЫН КЫРГЫЗСТАНМЫКТЫ ЧЫГАРМА, СОЗСУЗ КОРУНУЗ / АЛМАЗ ШААДАЕВ - ЖАРКЫРАСЫН КЫРГЫЗСТАНДосума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектургановДосума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектургановСамара Сабирова - Мен сенден кетейинчи / Жаны клип 2020Самара Сабирова - Мен сенден кетейинчи / Жаны клип 2020КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ – Сыймык БейшекеевКАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ – Сыймык БейшекеевКеремет үн өзгөчө талант Байзак Кубанычбек уулу "Сагындым туулган жер сени"Керемет үн өзгөчө талант Байзак Кубанычбек уулу "Сагындым туулган жер сени"Сен мени суйо албадын - Толкунбек Курманбеков | РАСМИЙ КЛИП 2021Сен мени суйо албадын - Толкунбек Курманбеков | РАСМИЙ КЛИП 2021Эрлан Андашев - Таарынба / Жаны клип 2019Эрлан Андашев - Таарынба / Жаны клип 2019Элмирбек Иманалиев булбулум :Элмирбек Иманалиев булбулум :Кутман султанов сокурдун арманыКутман султанов сокурдун арманыСАГА - Сыймык БейшекеевСАГА - Сыймык БейшекеевЖаны клип. Чыдоонун да чеги барЖаны клип. Чыдоонун да чеги барНурмира Асанова - Жаным / Жаны клип 2020Нурмира Асанова - Жаным / Жаны клип 2020
Яндекс.Метрика