Загрузка страницы

АСЕЛГЕ КАТ - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ

АСЕЛГЕ КАТ
С. О. Сыймык Бейшекеевдики

Жүрөгүм түйлап, көөдөнгө сыйбайт,
Жүдөтүп жалгыздык жанымды кыйнайт.
Томсоруп турам, өткөндү эстей,
Тоо жели согот кайгымды сезбей.
Түшүндүм баарын, келсеңчи, жаным,
Түпөйүл кылбай, кечирчи, жаным.

Салкын жел сенден саламым айтам,
Сапардан жалгыз сени сагынып кайтам.
Үй-бүлө баркын кечигип сезип,
Үмүтүм жанбай жүрөм жер кезип.
Саргайып бүттүм, келсеңчи, жаным,
Сагындым сени, келчи, ардагым.

Жалгыздап учкан куш көрүп калсаң,
Жалооруп, эстеп мен деп бил Асель.
Жалгыз бир жанга туш болуп калсаң,
Жалган шул дүйнө кем деп бил Асель.
Кулакка күлкүң угулат дагын,
Кыйналып кеттим, келсеңчи, жаным.

Буулугуп жашайм, бул дүйнөң жалган,
Булгабай сүйүүсүн, ким сактап калган?
Тартууга берген тагдырым мага,
Таалайым, бактым, жоготтум арман.
Бир келген мага качырдым бактым,
Кечиргин мени, кечиргин, жаным.

Түшүндүм баарын, келсеңчи, жаным,
Түпөйүл кылбай, кечиргин, жаным,
Сагындым сени, келчи, ардагым...

#сыймыкбейшекеев #аселгекат #эстенкеткис #эскиырлар

Видео АСЕЛГЕ КАТ - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ канала Сыймык Бейшекеев
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
7 июня 2020 г. 18:00:27
00:08:04
Яндекс.Метрика