Загрузка страницы

12/02/2023 Jazeera travel navbattagi gruh umra safari tomomlandi. Жазира умрачылары Кыргызстанда

«Бешиктеги баланын бек болорун ким билет»

Жол башчыбыз, Ханафи мектебинин негиздөөчүсү, «улуу имам» лакабы менен таанымал болгон Абу Ханифанын (Аллах ырайымына алсын) жаштык кези эле. Күндөрдүн биринде уктап жатып түш көрөт. Түшүндө бир чоң дарактан түбүнө каман келип, тамырларын кыркып жок кылмакчы болот. Ошол кезде дарактын бир бутагы ийилип келип каманды чабат. Анын бул соккуусунан ызаа тарткан каман ал жерден качып кетип, бир аз убактан кийин кайра келип ыйман келимесин айтат. Уйкусунан ойгонгон Абу Ханифа көргөн түшүнө таңыркап, аны устаты Хаммад ибн Аби Сулейманга айтууну туура көрүп, ал тарапты көздөй жөнөйт. Устазынын кашына келген учурдан анын маанайы жок, ачууланып олтурганын көрөт да, ага карап:

-Устазым, сизге эмне болду? – деп сурайт.

Анда устазы Хаммад:

– Биздин шаарга бир топ динсиздер (атеисттер, кудайга ишенбегендер) келишиптир, амирге жолугуп:

– Мусулмандар ишенип, сыйынып келген бул ааламдын жаратуучусу, кожоюну жок, биз муну далилдеп беребиз. Калааңдагы илимдүү деп атаган аалым кишиң менен бизди жолуктур! Биз ага жетиштүү далилдер менен тастыктап берели – деп айтышыптыр. Ал эми шаардын амири болсо алар менен жолугууга мени ылайк көрүп, алар менен беттешүүгө мени тандаптыр, ошого ачууланып олтурган кербезим, – дейт.

Муну уккан Имам Аазам:

– Мен түшүмдүн чечмеленүүчүн (жорулушун) билдим. Мага уруксат берсеңиз бул талкууга, беттешүүгө, талашып тартышууга мен чыгайын. Эгер мен алардан жеңилип калсам, суроолоруна жооп бере албай калсам, «бул жаш бала да» деп коюшат. А эгер жеңип алсам, кичинекей баладан утулдуңар устазына барып эмне табасыңар дейт.

Устазы бул нерсеге макул болду. Ошентип белгиленген күн келет. Жаш жигит кудайсыз атеисттердин каршысына чыгат да, устазы Хаммад үчүн даярдалган орундукка олтурат. Алар бул жаш балага көңүл бурбай, ага карап:

– Сен биздин суроолорго жооп бер, бирок сенин берген жоопторуң өзүңөр ыйык деп санаган Куран аяттары жана хадистерден болбосун, биз аларга ынанбайбыз. Бизге адамдын акылына сыйган гана жооптор менен жооп бер, –деп суроолорун узатышты:

1) Сенин жаратуучуң кайсыл жылы туулган?

2) Сенин Жаратуучуң кайсыл жылы пайда болгон?

3) Жаратуучуңан алдын эч ким болбогонун далил деп бер!.

4) Жаратуучуңун өңү-түсү кандай, булут же суу сыяктуубу. Кайсыл жерде турат, орношкон мекени кайда?

5) Жаратуучуң жүзүн кайсыл тарапка каратып турат?

6) Эгер бул жашоо баары тагдырда жазылган болсо, Жаратуучун азыр эмне менен алектенип эмне менен убара?

7) Кайсы нерсе азайбастан көбөйөт?

8 ) Силер мусулмандар, «Биз бейишке кирип, анда түбөлүк калабыз» деп айтасыңар. Муну кантип акылга сыйдырасың? Ар бир башталган несенин бүтөрү бар.

9) Эгер Жаратуучуң бар болсо, аны мага көрсөт?

10) Шайтан оттон жаралган деп айтылат, кантип Кудайың кайра аны от менен жазалайт?

11) Эгер бардык иштер эзелтеден тагдыр кылынып жазылган болсо, пенде ал пешенесине жазылган күнөө иштерди аткарса, аны жазалап, пешенесине сооп иштерди аткаруу жазылгандарга сыйлык берет? – деп адам оюна келбеген суроолорду беришет?

Имам Азам берилген суроолорго токтолуп так жана даана кылып жооп бере баштайт.

– Силердин берген биринчи берген сурооңорго жообум төмөнкүчө;

1) Аллах Таала туулбаган, төрөбөгөн жана ага эч ким, эч нерсе тең келбейт.

2) Аллах Таала замандан, убакыттан да илгери бар болчу, андан алдын эч ким, эч нерсе болгон эмес жана Андан кийин да эч ким, эч нерсе болбойт. Кылымдардын да, убакыттардын да жаратуучусу Аллах Таала.

3) Жаратуучу Алладан мурун эч ким болбогондугуна далил;

Эсеп сандарынан 3 санды алалы, 3 санынан мурда 2 бар эле, ал эми 2 ден мурда 1 деген цифра бар. Ал эми 1 деген сандан мурда эмне турат, кайсыл сан, цифра бар? Албетте эч нерсе жок! Биздин Жаратуучубуз дагы бир (жалгыз) Андан алдын эч ким, эч нерсе жок жана болгон да эмес.

Динсиз атеистер жаш өспүрүп жигиттин берген жоопторуна канааттанып жатышты.

4) Силер өмүр менен коштошуп, өлүп жатканда кишинин жанында болдуңар беле? – деп суроо узатты.
Бир топко чейин жамаат ортосунда жым болуп, динсиздерден жооп чыкпады.

Динсиздер акылга сыйган жооптордон дале канааттанып жатты.

Муну көргөн Имам Аазам

– силердин Жаратканын кайсыл тарапты карап турат деген сурооңорго эки түрдү жообум бар;

5) Караңгылык каптап турган бөлмөгө шам күйгүзүп койсок ал шамдын жарыгы кайсыл тарапка карап турат?

Атеисттер:

– Ал жарык айланасын бүт жарытып турат.

Видео 12/02/2023 Jazeera travel navbattagi gruh umra safari tomomlandi. Жазира умрачылары Кыргызстанда канала Раяна Imamidinova Имамидинова rayana
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
28 февраля 2023 г. 10:41:18
00:20:47
Другие видео канала
Umra safari biz bilan. Умра сапары биз менен бирге.Umra safari biz bilan. Умра сапары биз менен бирге.tez jazeera companiasini jiddada.Жидда зиератиtez jazeera companiasini jiddada.Жидда зиератиПайгамбарыбыз Мухаммад САВ зиярат кылдык саламдарды жеткирип.Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ зиярат кылдык саламдарды жеткирип.Makkada vokea katik. Макка зиератиMakkada vokea katik. Макка зиератиMalina dehkonchilik. Малина өстүрүү ыкмалары. Малина как растет.Malina dehkonchilik. Малина өстүрүү ыкмалары. Малина как растет.Jazeera travel companyasi 2-forum boshlandi. Жазира компаниясы 2-форум башталды.Jazeera travel companyasi 2-forum boshlandi. Жазира компаниясы 2-форум башталды.Ажылык сапарга баруучулар үчүн автобус кызмат кылып жатат.Ажылык сапарга баруучулар үчүн автобус кызмат кылып жатат.Ohirgi umra epildi. Haer umra. Акыркы жолку умра кош бол умра.Ohirgi umra epildi. Haer umra. Акыркы жолку умра кош бол умра.Makkada kutilmagan vokea.Makkada kutilmagan vokea.Jazeera travel iftari.Jazeera travel iftari.Jazira travelni navbattagi gruhi Madina shahrida zieratta. Жазира компаниясын умрачылары Мадинада.Jazira travelni navbattagi gruhi Madina shahrida zieratta. Жазира компаниясын умрачылары Мадинада.Jazira travel navbattagi gruh Madina shahrida. Жазира компаниясын умрачылары Мадина шаарында.Jazira travel navbattagi gruh Madina shahrida. Жазира компаниясын умрачылары Мадина шаарында.Jazira travel navbattagi madina shahriga safar. Жазира компаниясын умрачылары Мадина шаарына келдик.Jazira travel navbattagi madina shahriga safar. Жазира компаниясын умрачылары Мадина шаарына келдик.Navbattagi gruh umra kildi ramazon Кезектеги умра рамазан айындагы.Navbattagi gruh umra kildi ramazon Кезектеги умра рамазан айындагы.Makkada taravih namazi yangi masjid. Маккада жаңы мечитте тарафихMakkada taravih namazi yangi masjid. Маккада жаңы мечитте тарафихJazeera travel navbattagi gruh umra safari.Жазира травел компаниясы рамазан айындагы умра башталды.Jazeera travel navbattagi gruh umra safari.Жазира травел компаниясы рамазан айындагы умра башталды.Makkada juda kizik vokea. Меккеде кызык окуялар.Makkada juda kizik vokea. Меккеде кызык окуялар.#religion #travel #duet #art #love #explore #vlog#religion #travel #duet #art #love #explore #vlogRamazon oeidagi bir oe 15/15 kunlardagi umra safariga taklif kilamiz. Рамазан айында умра сапарына.Ramazon oeidagi bir oe 15/15 kunlardagi umra safariga taklif kilamiz. Рамазан айында умра сапарына.Jidda shahrida turizim boincha.Jidda shahrida turizim boincha.
Яндекс.Метрика