Загрузка страницы

“Көчмөндөр” даректүү тасмасы (2014)

“Ар ким эптеп өз жанын багат. Заманың түлкү болсо түлкү, бөрү болсо, бөрү бол”.

“Көчмөндөр” даректүү тасмасы 2014-жылы БААУ Тянь-Шань аналитика борборунун (ТАБ) тапшырыгы менен, Кыргызстан Бажы Биримдигине жана Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулганына чейин тартылган.

Тасма Кыргызстандын айыл-кыштактарында, шаарчаларында жашаган, эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо-тиричилиги жана чет өлкөлөргө кетүүсүнүн себептери тууралуу баяндайт.

Тасманы тарткан көркөм топ Россия, Казакстан, Кыргызстандын Чүй областындагы бир катар айыл-шаарларында болуп келди.

Жер-жерлерде дыйканчылык менен мал чарбачылыктан тышкары жумуш жана өнөр жайлардын жоктугу массалык мүнөздөгү эмгек миграциясынын негизги себеби болуп саналат. Жумушу барлар арзыбаган эмгек акысы үчүн иштешет. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңген үчүн, азыркы кыргыздар жанын багыш үчүн алыс жерлерге жумуш издеп кетүүгө аргасыз.

Ал түгүл жаңы социалдык кубулуш да пайда болду. Балдар ата-энесин айлап көрбөй, чоң ата-чоң энелери, тай ата-тай энелери, башка туугандары менен жашашат. Алардын ата-энелир чет өлкөгө, көбүнчөсү Россияга акча тапканы кетишкен. Үй-бүлөдө бирөө акча табыш керек да. Мындай балдарды азыр “социалдык жетимдер” деп коюшат.

Элет жеринде үй-бүлөлөр улуу муундун пенсиясына карап күн кечиришет. Короодогу көмөк чарбалар, өз нан, сүт, каймак, жашылча-жемиштер жан бакканда куткарат. Кошуналарга же жармаңкелерде азык-түлүктөрдү сата алышса абдан жакшы болот. Айрымдар кол өнөрчүлүк менен алектенишет.

Чын айтканда, үйдө калгандар чет жакка чыгып кеткендердин тапкан акчасына, бөтөн жерде жүрүп байып кеткендер аз деп, сын көз менен карашат. А бирок, элеттиктер туугандары чет өлкөдөн салып жиберген ар бир тыйынга кубанышат.

“Гастарбайтерлердин” оор, кооптуу жашоосу жөнүндөгү “үрөй учурган” окуялар, аткаминерлердин чет өлкөгө кетчүлөрдү мекенди таштап кетишин айныткан, өз жериңерде деле жумуш тапсаңар болот да деген сөздөрүнө карабастан, эмгек мигранттарынын саны азайган жок. Өлкө калкынын төрттөн бир бөлүгү чет өлкөлөрдө.

Мунун үстүнө, мамлекет үчүн эмгек мигранттары абдан пайдалуу экен – алар жиберген акчалар Кыргызстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт!

Кимдир бирөөлөр Россияны көздөй ал жерде иштеп жаткан туугандары же тааныштарыныкына барат, айрымдары тобокелге бел байлап, эмнеси болсо болот, кудай жалгасын деп коюп, эптеп жетип алсам, багым ачылар деп кете беришет.
Кыргызстан жана Россиянын окумуштуулары, аткаминерлеринин ой-пикирлери, эмгек мигранттар жана алардын үйдө калган туугандары, миграциядагы турмуш жана анын жашыруун, кооптуу жолтолору тууралуу маектери – бул фильм мына ушулар жөнүндө баяндайт.

Видео “Көчмөндөр” даректүү тасмасы (2014) канала Tian Shan Policy Center
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
15 марта 2017 г. 16:41:12
00:14:38
Другие видео канала
Канат Султаналиев: За последние 15 лет Кыргызстан потерял около 117 кв. км лесовКанат Султаналиев: За последние 15 лет Кыргызстан потерял около 117 кв. км лесовРазделение мусора и устойчивое потребление. Бахтияр Алымов, «Уч-Чака». TEDx, Кыргызстан | 1 МФИКРазделение мусора и устойчивое потребление. Бахтияр Алымов, «Уч-Чака». TEDx, Кыргызстан | 1 МФИКБезотходный стиль жизни zero waste. Элина Каракулова. TEDx, Кыргызстан | 1-й МФИКБезотходный стиль жизни zero waste. Элина Каракулова. TEDx, Кыргызстан | 1-й МФИКЖизнь без мусора в КР. Советы начинающим zero waste`рамЖизнь без мусора в КР. Советы начинающим zero waste`рамДокументальный фильм «Кочевники» (2014)Документальный фильм «Кочевники» (2014)Как климат влияет на экосистемы, а экосистемы – на климат. Анна Кириленко, «БИОМ». TEDx, КР | 1 МФИККак климат влияет на экосистемы, а экосистемы – на климат. Анна Кириленко, «БИОМ». TEDx, КР | 1 МФИКЭкономический ущерб от деградации пастбищ в КР (2016)Экономический ущерб от деградации пастбищ в КР (2016)Рынок труда РФ–2016 для трудовых мигрантов из Кыргызстана:  новые тренды и мифыРынок труда РФ–2016 для трудовых мигрантов из Кыргызстана: новые тренды и мифы«Живые» леса, пастбища, земли принесут больше денег, чем «мёртвые» (2016)«Живые» леса, пастбища, земли принесут больше денег, чем «мёртвые» (2016)1-й Молодежный климатический форум в Кыргызстане1-й Молодежный климатический форум в КыргызстанеТрадиционные знания в современном обществе. Кулуйпа Акматова. TEDx, Кыргызстан | 1-й МФИКТрадиционные знания в современном обществе. Кулуйпа Акматова. TEDx, Кыргызстан | 1-й МФИКЧто будет с Кыргызстаном через 30-40 лет, если не перерабатывать мусорЧто будет с Кыргызстаном через 30-40 лет, если не перерабатывать мусорВернувшиеся домой таджикские трудовые мигранты подняли сельское хозяйство…Вернувшиеся домой таджикские трудовые мигранты подняли сельское хозяйство…Насколько эффективно в КР реализуется закон о борьбе с торговлей людьми? (2016)Насколько эффективно в КР реализуется закон о борьбе с торговлей людьми? (2016)The documentary film "Nomads" (2014)The documentary film "Nomads" (2014)Какие сёла в КР наиболее уязвимы перед изменениями климата?Какие сёла в КР наиболее уязвимы перед изменениями климата?
Яндекс.Метрика