Загрузка страницы

Бир ырдын баяны: "Булбулум"

Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#элмирбекиманалиев
#булбулум
#элмирбек

"Булбулум"
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Армандуу сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум, ай?

Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Видео Бир ырдын баяны: "Булбулум" канала Канал-Т
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
27 марта 2022 г. 14:02:22
00:13:56
Яндекс.Метрика