Загрузка страницы

Кыргызстанда генетикалык лаборатория ачылат

Иса Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын илим жана дарылоо иштери боюнча проректору Ниязбек Маматов окуу жайдын генетикалык лаборатория ачуу пландары тууралуу айтып берди.
Генетикалык лаборатория адамдын ДНКсын, РНКсын жана хромосомаларын изилдөө аркылуу ар кандай оорулардын тукум куугучтугун аныктоого мүмкүндүк берет. Генетикалык лаборатория ачылса КММА үч багытта иш алып барат. Бул тууралуу Ниязбек Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдө генетикалык изилдөөлөр кан аркылуу гана жүргүзүлөт.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда генетикалык лаборатория жок. Мындай лабораториянын ачылышы менен адамдын рак оорусу менен ооруп калуу тобокелдигин жана мындай оорулардын тукум куугучтугун аныктоого болот. Генетикалык лаборатория ачылса КММА үч багытта иш алып барат. Биринчиден, ооруканаларга кайрылган бейтаптарга генетикалык изилдөө жүргүзүү жаатында кызмат көрсөтүү, кадрларды окутуп даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында иштейт. Лабораториянын негизги милдети генетика, иммунология, биоинженерия жана башка инновациялык багыттар боюнча жаңы адистиктерди даярдоо болот. Буга чейин адистерди ушул багытта окуп-үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Казакстанга жөнөтүп турчубуз. Эми генетикалык лаборатория түзүлсө адистер өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алышат. Келечекте онкологиялык ооруларды аныктоочу жабдууларды жана башка аппараттарды сатып алуу пландалууда", — деди Маматов.
Ал лабораторияны ачууга Дүйнөлүк банк каражат бөлүп берип жатканын кошумчалады.

Видео Кыргызстанда генетикалык лаборатория ачылат канала kgma press
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
25 января 2024 г. 14:12:02
00:09:08
Другие видео канала
Семинар по повышению квалификации преподавателейСеминар по повышению квалификации преподавателейКГМА планирует открыть лабораторию передового опыта (Радио Спутник)КГМА планирует открыть лабораторию передового опыта (Радио Спутник)Репортаж Нью ТВ. (Вручение диплома «Почетный академик НАН Кыргызской Республики» А.СуфьяновуРепортаж Нью ТВ. (Вручение диплома «Почетный академик НАН Кыргызской Республики» А.Суфьянову«Я полюбил кыргызские горы». Радио "Азаттык"22 с«Я полюбил кыргызские горы». Радио "Азаттык"22 сКафедра фтизиатрии КГМА провела открытый урок, посвященный дню рождению писателя Ч.АйтматоваКафедра фтизиатрии КГМА провела открытый урок, посвященный дню рождению писателя Ч.АйтматоваПомогая детям!Помогая детям!Студенты КГМА поздравили  деток из Центра реабилитацииСтуденты КГМА поздравили деток из Центра реабилитацииIV МЕЖДУНАРОДНАЯ ОЛИМПИАДА ДЛЯ СТУДЕНТОВ МЕДИЦИНСКИХ ВУЗОВ «САМАРКАНД – 2020»IV МЕЖДУНАРОДНАЯ ОЛИМПИАДА ДЛЯ СТУДЕНТОВ МЕДИЦИНСКИХ ВУЗОВ «САМАРКАНД – 2020»Медициналык академияда “Студенттик катарга кошулуу – 2023”салтанаттуу иш-чара болуп өттүМедициналык академияда “Студенттик катарга кошулуу – 2023”салтанаттуу иш-чара болуп өттүКММАнын жаны имараты курулуп бүтүүдөКММАнын жаны имараты курулуп бүтүүдө"Yмүт үйү" карылар үйүнө жаңы жылдык маанай"Yмүт үйү" карылар үйүнө жаңы жылдык маанайО решении рассказать правду о ВИЧ-СТАТУСЕ, о поддержке близких и реакции окружающихО решении рассказать правду о ВИЧ-СТАТУСЕ, о поддержке близких и реакции окружающихМедициналык академияда “Студенттик катарга кошулуу – 2023”салтанаттуу иш-чара болуп өттүМедициналык академияда “Студенттик катарга кошулуу – 2023”салтанаттуу иш-чара болуп өттү"Тарых жана ата-бабаларды эскеруу күнүнө" карата"Тарых жана ата-бабаларды эскеруу күнүнө" каратаКММАнын студенттери карылар үйүндөКММАнын студенттери карылар үйүндөЕсть студенты КГМА ?⤵️Есть студенты КГМА ?⤵️KGMA KYRGYZSTANKGMA KYRGYZSTANМедицинская академия КыргызстанаМедицинская академия КыргызстанаФакультет Биомедицинской инженерии КГМАФакультет Биомедицинской инженерии КГМАКелечектеги дарыгерлердин жана жаш лейтенанттардын вальс бийиКелечектеги дарыгерлердин жана жаш лейтенанттардын вальс бийиВ КГМА прошел Международный офтальмологический симпозиум общества офтальмологов тюркских республикВ КГМА прошел Международный офтальмологический симпозиум общества офтальмологов тюркских республик
Яндекс.Метрика