Загрузка страницы

Омар - Кыргызстаным

Lyric: Omar - Kyrgyzstanym / Омар - Кыргызстаным
Сөзү: К.Качкынбаева, Ж.Турсунбаевдики
Обону: М.Ниязовдуку
Тарыхы бар нечен,
Ынтымагы дайым бекем.
Ала-Тоо - бешигим,
Башым ийип, таазим этем.
Керемет аймагы,
Желбиреп турсун байрагы.
Булагың таш жарып,
Булбулдай сайрагын.

Кайырма:

Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт,
Өзүңсүз атпайт таңым.
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным,
Аябай тамчы каным!

Мекеним, медерим,
Ыйыксың, аны сеземин.
Түбөлүк сактайбыз,
Түшүрбөй бийик желегиң.
Баарыбыз бул тапта,
Баркыңды сезбей турсак да.
Кемитпей беребиз,
Келечек урпакка.

Кайырма:

Менин алтын уям,
Бакытымдай туям.
Уча бер оболоп,
Бардыгы оңолот!

Кайырма:

Видео Омар - Кыргызстаным канала adi0zz
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
16 мая 2012 г. 4:22:53
00:03:43
Яндекс.Метрика