Загрузка страницы

Садыбакас Доолов, казино, Жетим Тоо / Болот темиров лайф

Арыбаңыздар! Сиздерге адаттагы жума баяныбыздан кеп. Апта ичинде кайнаган окуялардын экөөсүнө басым койгум бар. Адегенде талаштуу теманы кеп кылалы.

Садыбакас Доолов: "Эт качан кымбаттайт, билесиңерби? Аялдын эти арзандаганда"...

Ушул дегени – талашка жем таштады. Бул айтканын Садыбакас Доолов сөз-камчы дейт. Эл муну кандай кабыл алды? Кимдир-бирөөлөр ыйманга чакыруу деп кабыл алды, кээси аялзатты басынтуу катары түшүндү. Тек, эң кооптуусу, бул сөздү түзмө-түз кабыл алган 3-категориядагы адамдар. Алар аялга үй жаныбарындай мамиле кылууну түшүнөт. Ушунун өзү кылмышка түртөр жагдай. Пенде болгондон кийин баарыбыз эле жаңылабыз, андыктан салыштырууларды абайлап келтирсек деген эле ниет. Анын кесепети жаман. Аялзатка каршы кылмышка түртүшү ыктымал. Анын үстүнө
Садыбакас Доолов деле көптүн бири эмес, имам, диний устаз. Өзүнүн түмөндөгөн угуучулары, тарапташтары бар. Баса, бул кепти ал кечээ же мурдагы күнү айтпаптыр. 4 ай мурда айтыптыр. Мындай илинчек кеп диний ааламды дискредитация кылуу үчүн кимге керек болгон? Буга үстүртөн жооп болсун үчүн Садыбакас Дооловдун казино жөнүндө айтканын тыңдайлы.
Казино жөнүндө.
Демек, ким-бирөөлөр Садыбакас Дооловдун видеосун өтө кунт коюп көргөн, казино жөнүндө айтканына тиши кычыраган, анан даро керектүү жерин кырка салып жарыялашты. Бир ок менен эки коенду жайлаш үчүн. Казынага каршы чыккандарды бири-бири менен кагыштыруу бул. Жарандык коомду динчилдерге каршы тукуруу, бөлүп-жарып башкаруу бул. Бир нерсеге түшүнүшүбүз керек; ушинтип бир гана Садыбакас Дооловду дискредитация кылып атышкан жок, кудай деген кулпенделердин кимиси казиного каршы чыкса, журналисттерди да бири менен бирин кагыштырышууда. Андыктан бири бирибизге өчөгүшпөй, кек сакташпай, кечиришели, сабырдуу бололу. Интриганттардын манипуляциясына берилип, коомдо болуп жаткан мындан да маанилүү маселелер барын унутпайлы. Маселен, коррупция, укук коргоо органдарынын чектен чыккан жосундары, сот системасындагы адилетсиздиктерден көңүлүбүздү алаксытпайлы.
Бу жумада имамдын айтканы менен бирге 13 жашар кыздын колдон колго өткөрүлүп зордукталып келгени коомдо чоң талашты жаратты. Шектелгендердин арасында экөөсү милийса экен. Козголгон кылмыш ишинде алар коркутуу жолу менен зордуктап келишкени соцтармактагылардын жакасын уучтатты. Бирок мындай окуялар толтура. А бийлик тил катпады.

Кыргызстандын келечегине салым кош https://www.patreon.com/temirovlive

Facebook - https://www.facebook.com/temirovlive
Болот Темровдун твиттери - twitter.com/Vahoel
Болот Темировдун телеграмы - https://t.me/bolottemirov жазылып, реакция тыштап коюп тургула.

Биздин редакциянын телеграмы болсо - https://t.me/temirovlive
#темировлайв #temirovlive #BolotTemirov #садыбакасажыататуралуубаян #жетимтоо
#жетимтоожапаров #темировлайвкж

Видео Садыбакас Доолов, казино, Жетим Тоо / Болот темиров лайф канала Temirov Live KG
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
9 июля 2022 г. 21:32:25
00:07:08
Другие видео канала
"Азаттык" партиясынын плагиаты"Азаттык" партиясынын плагиатыШайлоодо фейктерге таянган "Эмгек" партиясыШайлоодо фейктерге таянган "Эмгек" партиясыМиллион долларлык соттун үйүүМиллион долларлык соттун үйүүЖаныш Бакиев Кыргызстанга Нооруз тоскону келгенби же жокпу?Жаныш Бакиев Кыргызстанга Нооруз тоскону келгенби же жокпу?Ширшов, мамлекет, мүлктөр Кыргызтелеком, ТНК Дастан, ЕСШиршов, мамлекет, мүлктөр Кыргызтелеком, ТНК Дастан, ЕС10 June 202410 June 2024“Манас” театры кандайча пайда болгон?“Манас” театры кандайча пайда болгон?2 жыл ичинде - өлүм, кысым, куугунтук | @AytAytdese2 жыл ичинде - өлүм, кысым, куугунтук | @AytAytdeseБиздин акчалар кайда жумшалып жатат? Тендерден жасалган акча || Temirov Live KG || Темиров ЛайвБиздин акчалар кайда жумшалып жатат? Тендерден жасалган акча || Temirov Live KG || Темиров ЛайвСиздин 87 сом каражатыңыз өлкөдөгу коррупцияны жеңүүгө кантип жардам берет?Сиздин 87 сом каражатыңыз өлкөдөгу коррупцияны жеңүүгө кантип жардам берет?Веложол КЕРЕКпи? || Жолдордун жарымы кимдики???Веложол КЕРЕКпи? || Жолдордун жарымы кимдики???Сайпидин Султаналиев - Кенебестиктин арты кырсык! || АЗС, Бишкеккурулуш, санэпидемнадзорСайпидин Султаналиев - Кенебестиктин арты кырсык! || АЗС, Бишкеккурулуш, санэпидемнадзорФАКТЧЕК : ФЕЙККЕ КАРШЫ ЧЫНДЫК! / Темиров лайвФАКТЧЕК : ФЕЙККЕ КАРШЫ ЧЫНДЫК! / Темиров лайвШтраф төлөбөгөн депутаттар кимдер?Штраф төлөбөгөн депутаттар кимдер?Мамлекеттик тендерлерден миллиондорду уткан үй-бүлө / Темиров лайв кыргызчаМамлекеттик тендерлерден миллиондорду уткан үй-бүлө / Темиров лайв кыргызчаКутурган Жумабековдун аялынын кишилери мастерди сабашкан // Темиров лайвКутурган Жумабековдун аялынын кишилери мастерди сабашкан // Темиров лайвTemirov Liveка каршы иши чала баңгизат операциясын уюштурган ким?Temirov Liveка каршы иши чала баңгизат операциясын уюштурган ким?Кара-Көл шаарынын мэринин жубайы жол курууларга кандай тийешеси бар?Кара-Көл шаарынын мэринин жубайы жол курууларга кандай тийешеси бар?Камоону адат кылган бийлик ! // Темиров лайвКамоону адат кылган бийлик ! // Темиров лайвЖурналисттерге кол салган чоң муштум кимге таянды? ФактчекЖурналисттерге кол салган чоң муштум кимге таянды? ФактчекТергөөчүлөр дипломдорун сатып алышканбы? // TEMIROV LIVE KGТергөөчүлөр дипломдорун сатып алышканбы? // TEMIROV LIVE KG
Яндекс.Метрика