Загрузка страницы

Токмоктон каза болгон 26 жаштагы жигиттин атасы тергөөчүнү жумуштан кетишин талап кылат

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын 26 жаштагы тургуну Нурболот Камчы уулу 9-сентябрь күнү коңшу досунан жеген келтегинен улам каза болгон. 8-сентябрь күнү коншу айылдагы досунун тоюна барып, Шайлообек аттуу досу экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, уруша кетишип, Нурболоттун баш сөөгүнө жарака кетип, мээсине кан уюп калган. Энеси Айнура Асанова баласы тойдон келип жыгылып калдым деп жашырганын айтат.

“ Уулум 5-ноябрда 26 жашка чыкмак. Оштогу окуу жайлардын биринде окуп жатканда, карындашы да окууга тапшырып калды. Айлыкка иштеген үй-булө болгонубуздан, эки студентти каржылоо кыйынга туруп калды. Ошондо балам, “апа, карындашымды окута бериңиздер, мен сиздерге жардам берейин” деп, сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып коюп, Питерге иштегени кеткен эле. 3 жыл бир жерде жумушта иштеп жүрдү. Былтыр келгенде үйлөп коелу десек, жумушум жакшы болуп жатат деп кайр кетип калды. Быйыл, айылыбыздагы бир үй-бүлөнүн кызына алдыларынан өтүп, кудалашып анан балабызды чакырдык. Эки-үч ай чакыртып жатып, 26-августта келди. 8-сентябрь күнү дос баласынын тоюна кеткен. Кечки саат алты чамасында, коңшумдун үйүнөн келсем, балам тапчанда жатыптыр. Баш жагына барып карасам, маңдайы кичине шишип калыптыр. “Балам, эмне болду” десем, “ кафель сыйгалак экен, ошого сыйгаланып жыгылып түштүм” деди. Бут кийиминин астын карадым, сыйгалак эмес. Башына муз койдум, кийин өзү туруп барып муз алып келип койду, башындагы шишик кайткансып калды. Өзүнүн бөлмөсүнө кирип жатты, колунан кармасам муздактай, сурасам, грипп болуп калган окшойм деди. Эрте менен туруп, кордо жасап алып кирип, тургузуп ичирдим. Ичип бүтүп эле шылк жатып калды, дагы уйкуга кетти. Ошондо эле, бас деп эле ооруканага алып бара койсом өлбөй калат беле деп өмүр бою арман болуп калат эми. Бир кирсем аз-маз кусуп ийди, дароо жолдошума айттым. Күйөөм тез жардам кызматында иштеп жүрүп, диагноздорду билет да, бул дароо “ баш мээнин чайкалуусу” деди. Жолдошум жолго чыга койсо, баламдын бир досу өтүп баратыптыр. Токтотуп, кечээ эмне болду эле десе, Шайлообек экөө урушканын айтыптыр. Мен дароо Шайлообектин үйүнө барсам, уктап жатыптыр. “Эмне талаштыңар, эмнеге мушташтыңар” десем, балаңыз “ кыздардын сумкасын көтөрбөй эле койчу” деди деп болбогон эле сөздү айтты. Досуңду азыр ооруканага алып барабыз, мээси чайкалыптыр, телефону да жок таап койгула” дедим да үйгө чуркадым. Келсем балам уктап жатыптыр, баарыбыз эле уктап турса айыгып кетер дедик. Себеби, башка эч жери көгөргөн эмес болчу. Үйгө келин алабыз деп, уста салган элек. Бир үйүбүздүн полун жууп жатсам эле, саат 12 лер чамасында баламдын кырылдаган үнү чыгып калды. Чуркап кирип эле, атасы жүрөгүнө массаж жасады, мен башынан кармап отурдум. Баламдын көзүнөн жаш агып туруп эле, оозунан көбүк чыгып, бир сөзгө келбей эле кете берди. Балам өзү да бир шишиктин айынан эле өлүп калам деп ойлобосо керек эле.”,-деп айтып берди Айнура Асанова
Атасы Камчы Мурзаев урган баланын кылмышын жеңилдетүү максатында тергөөчү менен соттук-медициналык экспертиза акча сунуштап, иш дароо тергелип баштаган эмес дейт. “ Шайлообек менен балам паралелл класста окушкан, бирок бир да жолу чогуу сүйлөшүп турушканын көргөн эмесмин. Окуя Ош шаарындагы Алтын-Ордо банкеттик залында фуршет убагында болуптур. Жаштар эс алып жүрүп, Шайлообек экөөнүн ортосунда сөз өтүптүр да уруша кетишиптир. Баламдын башка жери көгөрбөгөнүнөн, баламды урганда эле жыгылып калган да, Шайлообек башына чыгып туруп тебелеген деп ойлоп жатам. Эгер катуу буюм менен урганда жарылып, сыйрылып кан кетмек. Баш сөөгү жарылып кан мээге жай кете берген. Андай маалда адам акырын кыймылдап жүрө берет дагы, мээге кан уюп калат. Балам өлгөндө Шайлообектин атасы келип эле, “фуу” балаңар ичиптир деди. Балам намаз окуган, оозуна спирт ичимдигин албаган бала эле. Аялымдын макул эместигине карабай соттук-медициналык экспертизага алып бардым, ал жактан алкоголдук ичимдик ичилбегени аныкталды. Баламдын тажиясы болуп, ошону менен алек болуп, 3-4 күн өткөндө тергөө иштери эмне болуп жатат экен деп барсам, тергөөчү эки эле адамды суракка чакырыптыр. Бир адам таяк жеп калса, 50 адамды карап тургандарды кошо суракка чакырат го. А бул жерде 26 жаштагы адам өлүп жатса, тойдогу ошончо адамдан эки эле адам суралыптыр. Ал эми фуршет өткөн банкеттик залдын сыртындагы көзөмөл камерасы ошол күнү кыйшайып иштебей калыптыр. Соттук- медициналык экспертизадан берилген кагазда болсо, канча мм же см жарака кеткени боюнча жазылган эмес, журналга да жазылбаптыр. Эми болсо, менин нааразычылыгымдан улам тергөөчүнү алмаштырып коюптур. Бирок, мен ал тергөөчүнүн жумуштан айдалуусун талап кылам. 7 күндө эки адамды сурап коюп, отура берген тергөөчү демек акча алып алган да”,-дейт атасы Камчы Мурзаев

Видео Токмоктон каза болгон 26 жаштагы жигиттин атасы тергөөчүнү жумуштан кетишин талап кылат канала Turmush KG
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
18 сентября 2019 г. 16:33:05
00:13:12
Другие видео канала
Огромная щука поймана в КыргызстанеОгромная щука поймана в КыргызстанеВ Баткене грузовик протаранил дом – есть погибшиеВ Баткене грузовик протаранил дом – есть погибшиеКара-Сууда «ак алтындын» баасы арзандады #кыргызстан #карасуу #акалтынКара-Сууда «ак алтындын» баасы арзандады #кыргызстан #карасуу #акалтынЖалал-Абаддагы «Теремок» бала бакчасындагы окуядан кийин тарбиячы менен жетекчи жумуштан кеттиЖалал-Абаддагы «Теремок» бала бакчасындагы окуядан кийин тарбиячы менен жетекчи жумуштан кеттиКыргыз милиционерлери үчүн өзгөчө куттуктооКыргыз милиционерлери үчүн өзгөчө куттуктооБиздин доорго чейин Баткенде деңиз болгонБиздин доорго чейин Баткенде деңиз болгонНоокат шаарына жаңы мэр келдиНоокат шаарына жаңы мэр келдиКара-Суудагы кадрдык өзгөрүүКара-Суудагы кадрдык өзгөрүүОшто жеңил унаа оодарылып калганОшто жеңил унаа оодарылып калганБорбор калаада адам өлүмү менен коштолгон кырсык — айдоочунун апасы айласы кеттиБорбор калаада адам өлүмү менен коштолгон кырсык — айдоочунун апасы айласы кеттиСадыр Жапаров кадрдык чечимдерди кабыл алдыСадыр Жапаров кадрдык чечимдерди кабыл алдыМинистр Бейшеналиев, депутаттар жана ИИМдин кызматкерлери «Ош» базарындаМинистр Бейшеналиев, депутаттар жана ИИМдин кызматкерлери «Ош» базарындаТөө-Ашууда кар — чоң жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилдиТөө-Ашууда кар — чоң жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилдиДастан Акимжанов кримчөйрөдөн баш тартты #кыргызстан #КамчыКольбаевДастан Акимжанов кримчөйрөдөн баш тартты #кыргызстан #КамчыКольбаевКараколдо дагы бир окуучунун өмүрү кыйылдыКараколдо дагы бир окуучунун өмүрү кыйылды31-октябрга карата Төө-Ашуудагы абал31-октябрга карата Төө-Ашуудагы абалКара-Суудагы мечитте башка улутка каршы зомбулук көрсөтүүгө үндөшкөн жарандар кармалдыКара-Суудагы мечитте башка улутка каршы зомбулук көрсөтүүгө үндөшкөн жарандар кармалдыВ Чуйской области появилось много подберезовиковВ Чуйской области появилось много подберезовиковМилициянын атын жамынып, чет элдик жарандан акча опузалаганМилициянын атын жамынып, чет элдик жарандан акча опузалаганЫсык-Көлдө тирүүлөй чирип жаткан жилингирлер аныкталдыЫсык-Көлдө тирүүлөй чирип жаткан жилингирлер аныкталды7 облустун милициясын жетектеген генерал-майор жана полковниктер #кыргызстан #милиция7 облустун милициясын жетектеген генерал-майор жана полковниктер #кыргызстан #милиция
Яндекс.Метрика