Билесиңерби?-28-сентябрь легендарлуу ырчы Саламат Садыкованын жеке майрамы.
"Мен кыргыздын армансыз ырчысымын"-, деген легендарлуу ырчыбыз Саламат Садыкованын бүгүн төрөлгөн күнү. Жашы канчада экени маанилүү эмес. Залкарыбыздын кыргыз маданиятына кошкон салымынын салмагы канча экени маанилүү. Көзү тирүүсүндө баркына жетип, баалай билели элим.
Жеке майрамыңыз кут болсун. Көп жашап, көкүрөгүбүзгө кыттай куйулган керемет чыгармаларды элибизге тартуулаңыз.
Саламат Садыкова 1956-жылы 28-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында туулган. Атасы эки жашында, апасы тогуз жашында каза болуп калышкан. Алгач Кара-Суудагы мектеп-интернатта, андан кийин Оштогу музыкалык окуу жайда билим алган. 1973-жылы Баткен райондук маданият үйүндө эмгек жолун баштап, көптөгөн чыгармачылык сынактарга катышкан.
1988-жылы Саламат Садыкова “Тогуз кайрык” республикалык фестивалына катышып, калыстар тобунун эң жогорку баасына татыган. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын “Камбаркан” ансамблине солист катары чакырылып, бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде талыкпай эмгектенүүдө.Чыгармачылыктагы ийгиликтери жана таланты бааланып, кыргыздын улуттук музыкалык искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган.
Ошол эле жылы Казакстандын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.
Репертуарында үч жүзгө жакын ыры бар өнөрпоздун чыгармачылыгын атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов өтө жогору баалаган. 1980-жылдары Фрунзедеги маданий иш-чаралардын биринде жазуучу ага бир ырды кайталап аткарып берүүсүн бир нече жолу суранган.
Саламат Садыкова Орусия, Испания, Оман, Украина, Голландия, Бельгия, Люксембург мамлекеттеринде жеке концерттерин берип, музыкалык сынактарга катышкан. ТҮРКСОЙ эл аралык сыйлыгын алган
#саламатсадыкова #кыргызстан #тезкөр #тезкор #камчыбекташиев #жаңылыктар #azamatlive #azamatabdiev #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #садыржапаров
ПОДПИСЫВАЙТЕСЬ КАТТАЛГАНДЫ УНУТПАҢЫЗ
Видео Билесиңерби?-28-сентябрь легендарлуу ырчы Саламат Садыкованын жеке майрамы. канала Azamat LIVE KG

Комментарии отсутствуют
Информация о видео
28 сентября 2022 г. 16:12:52
00:02:03
Другие видео канала