Загрузка страницы

Кыргызстан Ислам университети (КИУ)

КЫСКАЧА ТАРЫХЫ
Кыргызстан Ислам университети — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында Ислам дининин баалуулуктарын жана шарият өкүмдөрүн илимий негизде үйрөткөн жогорку окуу жай.
1990-жылдардын башында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Кимсанбай ажы Абдрахманов Бишкек шаарында Ислам медресесин ачуу демилгесин көтөрүп чыккан. Ошентип, 1991-жылдын башында Бишкек шаарында Азирети Умар атындагы Ислам медресеси ачылган.
Аталган медресе 1993-жылы Азирети Умар атындагы Ислам институтуна айланган. Өлкөбүздөгү мусулман коомчулугунун арасында белгилүү абройго жетише алган институт 2003-жылы Кыргызстан Ислам университети деп аталды.
Азыркы учурда университетте 80 ден ашуун мугалим эмгектенип, өлкөбүздүн ар кайсыл аймагынан жана чет өлкөлөрдөн келген 1000 ден ашуун студент билим алууда. Учурда
2017-жылы Теология адистиги боюнча жана 2018-жылы Араб филологиясы адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясы берилди. Учурда Гуманитардык билим берүү факультетинин алдында Теология, Табияттык-гуманитардык сабактар, Араб филологиясы кафедралары мамлекеттик стандарттын негизинде иш алып барууда. Ошондой эле шарият кафедрасы, Бишкек Кыз Куран курсу, Ош Кыз Куран курсу жана Ош Куран борбору ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан нукура, орто динди карманган, диний адистерди даярдоодо.
Кыргызстан Ислам университети бүгүнкү күнгө чейин диний-адабий жана илимий багытта 30 дан ашуун китеп чыгарууга жетишти жана ошондой эле элибиздин китеп окуу маданиятын өнүктүрүү максатында 15 жылдан бери республикалык деңгээлде китеп окуу конкурстарын уюштуруп келет. Оболу баш байге ажы, умрага жолдомо болсо, азыркы күндө 2 бөлмөлүү батирге дейре жетти. Адат болуп калгандай эле окуу жайыбыздын жетекчилиги тарабынан жыл сайын орозо айында “Рамазан чатыры” уюштурулууда. Ректорубуз Абдишүкүр ажы Нарматовдун демилгеси менен окуу жайыбызга заманбап футбол аянтчасы курулду жана Тунгуч кичи районуна атайын кыздар үчүн окуу имараты ачылды.
Быйыл Кыргызстан Ислам университети гуманитардык билимдер факульетинин «теология» адистиги боюнча аккредитациядан ийгиликтүү өттү.
Кыргызстандагы диний окуу жайлардын флагманы болгон Кыргызстан Ислам университети Ислам тармагындагы жогорку билимдүү кызматкерлерди, дасыккан адистерди даярдап келүүдө. Университеттин бүтүрүүчүлөрү дин тармагындагы бардык жааттарда, ошондой эле ЖОЖдордо, элчиликтерде да алгылыктуу иштеп, диний үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө. Ислам маданиятын, элдик нукура каада-салтты жайылтууда, эл ынтымагы, илим-билимдин жайылуусуна окуу жайыбыз зор салым кошуп келүүдө.

Видео Кыргызстан Ислам университети (КИУ) канала Кыргызстан Ислам Университети
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
30 июня 2021 г. 11:19:47
00:03:48
Другие видео канала
Төрөбай Зулпукаров Окуган муун   Жаркын келечек китеп окуу конкурсуна катышууга чакыратТөрөбай Зулпукаров Окуган муун Жаркын келечек китеп окуу конкурсуна катышууга чакыратАраңарда САЛАМДЫ жайылткыла! | Шермухаммед Ташматов  | Бир хадистин изи мененАраңарда САЛАМДЫ жайылткыла! | Шермухаммед Ташматов | Бир хадистин изи мененСТУДЕНТТИН БИР КҮНҮ | ролик кыргызча | КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИСТУДЕНТТИН БИР КҮНҮ | ролик кыргызча | КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИОрозонун 3 түрү бар/буларды биле жүрүңүз/устаз Равшан Акимбай уулуОрозонун 3 түрү бар/буларды биле жүрүңүз/устаз Равшан Акимбай уулуИлимден 6 нерсе алган койчу / Абдишүкүр Нарматов / Жан дүйнѳ азыгы долбооруИлимден 6 нерсе алган койчу / Абдишүкүр Нарматов / Жан дүйнѳ азыгы долбоору'ОКУГАН МУУН   ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК' аттуу китеп окуу конкурсу'ОКУГАН МУУН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК' аттуу китеп окуу конкурсуАзандын сырлары | Устаз Бакытбек НиязовАзандын сырлары | Устаз Бакытбек НиязовИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИНИН АЛТЫНГА АЛМАШКЫС КӨЗ ИРМЕМДЕРИ (архив)ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИНИН АЛТЫНГА АЛМАШКЫС КӨЗ ИРМЕМДЕРИ (архив)Кош бол Рамазан!Кош бол Рамазан!"ОКУГАН МУУН - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК" / Садыбакас ажы Доолов"ОКУГАН МУУН - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК" / Садыбакас ажы ДооловБѳлүнбѳ кыргыз бѳлүнбѳ!Бѳлүнбѳ кыргыз бѳлүнбѳ!Кош бол Рамазан | Рамазан 2024Кош бол Рамазан | Рамазан 20242 нерсени унутпайлы / таасирлуу окуя / Марс Ибраев / Жан дүйнѳ азыгы долбоору2 нерсени унутпайлы / таасирлуу окуя / Марс Ибраев / Жан дүйнѳ азыгы долбооруМонолог - Күтүү / КРнын эл артисти Тынара АбдразаеваМонолог - Күтүү / КРнын эл артисти Тынара АбдразаеваКим кимди жакшы көрсө кыяматта ошону менен бирге болот / устаз Салим УзеналиевКим кимди жакшы көрсө кыяматта ошону менен бирге болот / устаз Салим УзеналиевАдамга кол салгандарга 4 жаза / Кенжетай Курманкожоев / Жан дүйнѳ азыгы долбооруАдамга кол салгандарга 4 жаза / Кенжетай Курманкожоев / Жан дүйнѳ азыгы долбооруКонкурстун эрежелерин билип алыңыз.Конкурстун эрежелерин билип алыңыз.Түтүнгө айланган футбол аянтчалары/Шарият КЖ/Кыргызстан Ислам университетиТүтүнгө айланган футбол аянтчалары/Шарият КЖ/Кыргызстан Ислам университетиустаз Жоробай Шергазиев китеп окуу конкурсуна катышууга чакырат.устаз Жоробай Шергазиев китеп окуу конкурсуна катышууга чакырат.Кош келдиң Рамазан! / устаз Шермухаммед ТашматовКош келдиң Рамазан! / устаз Шермухаммед ТашматовАйтыңыздар маарек болсун! | Рамазан 2024Айтыңыздар маарек болсун! | Рамазан 2024
Яндекс.Метрика