Загрузка страницы

Чач түшүүгө каршы элдик каражаттар | Чач тушкондо эмне кылуу керек

Коюу, жалтыраган чач айымдардын гана эмес, мырзалардын да көркүнө көрк кошот. Андыктан чач түшүп баштаганда бул жыныстын эки өкүлү тең капаланып, өзүнө болгон ишенимдүүлүктү жоготушат. Бирок көпчүлүк чач түшүү эмнеден улам экенин, себебин аныктап билүү үчүн дарыгерлерге кайрылышпайт. Дарыгерлерге кайрылышпай бекер кылышат, анткени тажрыйбалуу адис гана ар бир кайрылган кардардын өзгөчөлүгүнө жараша чач түшүүгө каршы элдик каражаттарды, косметикалык жана дары-дармектер каражаттарын жазып берет.
Чач түшүүгө каршы элдик каражаттар:
Көп убакта чачты калыбына келтирүү үчүн элдик каражаттар жардамга келет. Төмөндө чач түшүүгө каршы эң көп колдонулган, натыйжасы жакшы элдик ыкмаларды сунуштайбыз. Бул ыкмаларда үйдөгү эле колдонулган, же жакын жердеги аптека, дүкөндөрдөн сатып алууга мүмкүн болгон азыктар колдонулат.
Кастор майы
Кичине көлөмдө кастор майын идишке куюп, сууга салып жылытып аласыз. Анан ошол майды алып чачтын түптөрүнө сүйкөп, башыңызды сүлгү менен жылуу кылып ороп, 3-5 саатка, эгер убактыңыз кенен болсо түнү бою кармаңыз. Анан гана чачты бир эмес, бир нече жолу табигый шампундар менен чайкоо керек. Бул ыкманы бир жумада бир жолу, 1-2 ай тынбай жасаса, чачтын түшкөнү токтоп, чач тез жана коюу болуп өсөт.
Төө жалбырак
Төө жалбырактын тамырын суу куюлган идишке салып, нан бышыргычта тамыр жумшаргыча кармайсыз. Андан чыккан кайнатылган маңызды суутуп, чыпкалап аласыз. Ал маңыз менен чачтын түптөрүн сүртөсүз. Эгер бул ыкманы тез-тезден кайталап турса, чач түшүү менен бирге чачтагы какачтан да арылууга болот. Чачыңыз тез өсүп, жалтыраган, калың, сулуу чачка ээ болосуз.
Чалкан
Чач түшүүгө каршы чалкан да жакшы жардам берет. Чалкандын гүлдөй элек маалындагы жалбырактарын колдонуу керек. Жалбырактарын кайнатып, ар бир чачты жуунгандан кийин ал кайнатылган суу менен чайкап туруу керек. Бул кайнатмага сары гүлдүү өгөй эне өсүмдүгүн 1:1 кошуп кайнатса да болот. Чалкан чачтын кайраттуу, жалтырак, бекем болуп өсүүсүнө жардам берет жана түшүрбөйт.
Туз
Бир жумада бир жолу чачты эч кандай косметикалык каражатсыз жылуу суу менен чайкап, андан кийин баштын терисине 10-15 мүнөт тузду сүйкөө керек. Анан жылуу суу менен кайра чайкап коюу зарыл. Мындай ыкманы эң аз дегенде 6 жолу кайталаса, чачтын түшүүсү токтойт. өзгөчө бул ыкма кургак чачтарга абдан жакшы таасирин берет.
Пияз
Чачты дарылап жатканда баш пияздын маңызын бал менен аралаштырат - бир аш кашык маңызга бир аш кашык балды кошот. Эгер чач кургак болсо, бул аралашмага бир кашык өсүмдүк майын кошуп койсо болот. Аралашманы чачтын түбүнө сүйкөп, 30 мүнөт калтырып коет. Анан жылуу суу менен жакшылап чайкап, шампундап жууйсуз.

Видео Чач түшүүгө каршы элдик каражаттар | Чач тушкондо эмне кылуу керек канала shumkar
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
11 февраля 2018 г. 22:54:38
00:03:46
Другие видео канала
Чач эмне үчүн түшөт? (Архив 09-10-2015)Чач эмне үчүн түшөт? (Архив 09-10-2015)Төрөттөн кийин бетке, чачка, денеге туура кам көрүүнүн жолдоруТөрөттөн кийин бетке, чачка, денеге туура кам көрүүнүн жолдоруБеттеги тактарды жана ички органдарды тазалоочу чөптөрБеттеги тактарды жана ички органдарды тазалоочу чөптөр30 ЛАЙФХАКОВ КРАСОТЫ ДЛЯ ВОЛОС30 ЛАЙФХАКОВ КРАСОТЫ ДЛЯ ВОЛОСМгновенный блеск сразу после маски ЗАКРЫВАЙТЕ НОСЫ 🙊 Делаю ЛУКОВУЮ МАСКУ для волос 🌴 POLI NA PALMEМгновенный блеск сразу после маски ЗАКРЫВАЙТЕ НОСЫ 🙊 Делаю ЛУКОВУЮ МАСКУ для волос 🌴 POLI NA PALMEЧачка табигый азыктардан маска жасап, кам көрүңүзЧачка табигый азыктардан маска жасап, кам көрүңүзКАКАЧТАН АРЫЛУУНУН ЭН ОНОЙ ЖОЛУКАКАЧТАН АРЫЛУУНУН ЭН ОНОЙ ЖОЛУЧачыңыздын түшүүсү тажаттыбы? Косметолог-трихолог кеңеш беретЧачыңыздын түшүүсү тажаттыбы? Косметолог-трихолог кеңеш беретЧачты коюлтуучу соонун маска😍😍😍😱😱😱Чачты коюлтуучу соонун маска😍😍😍😱😱😱какачты кантип кетирсе болот | ак купту кантип кетирсе болот | биттен кантип арылса болоткакачты кантип кетирсе болот | ак купту кантип кетирсе болот | биттен кантип арылса болотЧачка үй шартында кам көрүү/Айнура Сагынбаевадан кеңеш.Чачка үй шартында кам көрүү/Айнура Сагынбаевадан кеңеш.КАСТОР МАЙЫНЫН 5 ПАЙДАСЫКАСТОР МАЙЫНЫН 5 ПАЙДАСЫБүгүн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү / 10.01.2021Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү / 10.01.2021Сарымсактын сиз билбеген 5 пайдасы / Пайдалуу кеңештерСарымсактын сиз билбеген 5 пайдасы / Пайдалуу кеңештерДен соолук+: Эмчек рагы эмнеден пайда болот?Ден соолук+: Эмчек рагы эмнеден пайда болот?КАРА ТОЧКАНЫ КЕТИРУУ | СОДАДАН  УЙ ШАРТЫНДА | БЕТТИ ТАЗАЛОО БЕТКЕ МАСКА УЙ ШАРТЫНДА ДАКТАРДЫ КЕТИРУУКАРА ТОЧКАНЫ КЕТИРУУ | СОДАДАН УЙ ШАРТЫНДА | БЕТТИ ТАЗАЛОО БЕТКЕ МАСКА УЙ ШАРТЫНДА ДАКТАРДЫ КЕТИРУУСалмактан арылуунун 7 жөнөкөй жолу | Кантип арыктаса болотСалмактан арылуунун 7 жөнөкөй жолу | Кантип арыктаса болотЖумуртканын чачка тийгизген пайдасы / Таң Шоола / НТСЖумуртканын чачка тийгизген пайдасы / Таң Шоола / НТСПияздын 10 пайдасы / Бир Түндө Гриппти Жоготот / таң калычтуу / Пайдалуу КеңештерПияздын 10 пайдасы / Бир Түндө Гриппти Жоготот / таң калычтуу / Пайдалуу КеңештерТишти кантип агартса болот | Сода тишти агартабыТишти кантип агартса болот | Сода тишти агартабы
Яндекс.Метрика