Загрузка страницы

Жаңы ыр || Кара кыз || Автор Түмөнбай Колдошов

ЫЙЛАСАМ БЕКЕН

Сөзү: Мукагали Макатаевдики
Обону: Түмөнбай Колдошовдуку
Которгон Сайра Батыркулова
2021-жыл, 26-декабрь

Эсимде, ооба, эсиме түштү кара кыз,
Үмүттөр үшүп, муздаган биздин арабыз.
Кечээги шайыр, жайдары кыздын ордунда,
Жылдызы өчкөн, алсыз жан турат караңыз.

Жаштыктын курчу карегин далай жаштаптыр,
Капкара чачы ак буурул тарта баштаптыр.
Жалындай сүйгөн, жанындай сүйгөн «алганы»,
Окулган каттай төрт бүктөп жыртып таштаптыр.

Алыстай бердиң, алыстай бердиң, арманым,
Убайга түшүп, урундум муңга кайра миң.
Зуулатып өткөн, чаңдатып өткөн жолуңда,
Гүл болуп өсүп, куурайдай катып калгамын.

Жанымда менин кыялым болуп жүр мейлиң,
Лепилдеп күйгөн үмүткө эми тийбейин.
Жаштык ай сени түшүнүү кыйын, түшүнүү,
Ырдасам бекен, ыйласам бекен, билбеймин...

#Мукагали_Макатаев
#Казакстан
#Кыргызстан
#Тумонбай_Колдошов

Видео Жаңы ыр || Кара кыз || Автор Түмөнбай Колдошов канала Түмөнбай КОЛДОШОВ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
28 декабря 2021 г. 11:07:59
00:03:44
Яндекс.Метрика