Загрузка страницы

ТУУРА ЧАПАН l ЧАПАНДЫН ТИГИЛИШИ

#Чапан - сырт кийимдин бир түрү. Долбоордун негизинде бычылып-тигилген чапан эл арасында “туура чапан” деп аталып келет. Туура чапан кыргыздардын эң байыркы кийимдеринин катарына кирет. Бул боюнча К. И. Антипина “Түштүк кыргыздарынын материалдык маданиятынын өзгөчөлүгү” деген эмгегинде белгилеген. Туура чапандын өзгөчөлүгү - жеңи оюлбагандыктан кездемеден өөн калбай бычылат. Анын өңүрүнө жана капталына чалгай салынат.

Колдонулган аспаптар: кайчы, ийне, оймок.

Жердиктер: колго согулган, жазылыгы 2 карыш болгон адрас кездеме, жибек кездеме, кебез, жүн, даки, чарык жип.

Жасалышы: Сырты жана ичилиги (астары) өз-өзүнчө бычылып, өз-өзүнчө тигилди. Андан соң ичине пахта менен жүн салынып, шырыктардын аралыгы төрт эли болуп колго шырылып, өңүрү жана этеги адиптелип тигилди. Чапандын узундугу 116 см., салмагы 2 кг.160 грамм болду.

Чапанды бычып-тиккен чебер уз, сүрөтчү - Гүлсана Атамкулова https://www.instagram.com/gulsana_atamkulova

============================================================
Долбоор тууралуу

Аталган долбоордун негизги максаты – тарыхый маанилүү сүрөттөр аркылуу кыргыздын салттуу кийим-кечесин жана жасалгаларын кайрадан өз түп нускасындай жаңыртып чыгуу, тарыхый реконструкциялоо, о.э. кол өнөрчүлүктүн салттуу билимдерин жандандыруу.

Орустун белгилүү сүрөтчүсү В. Верещагиндин “Богатый киргизский охотник с соколом” деген сүрөтү долбоордун жалпы катышуучулары тарабынан тандалган. Андагы кыргыз аңчысынын салттуу кийимдерин жана жасалгаларын уз-усталарыбыз илимий жана этнографиялык негиздерге таянуу менен изилдешип, аларды кайрадан иштеп чыгууда көөнө үлгүсүн сактаганга, кадамдап жасоодогу салттуу ыкмаларын бузбаганга аракет жасашты.

KYR:
Видеоролик Европа Биримдигинин каржылоосу менен ЮНЕСКО тарабынан ишке ашырылган “Орто Азиядагы Жибек жолу мурасы – Европанын маданий мурастар жылынын эл аралык тутумунда” долбоорунун алкагында тартылды
Анын мазмуну өнөктөштүн гана жоопкерчилиги болуп саналат, ошондой эле Европа Биримдигинин жана ЮНЕСКОнун көз карашын билдирбейт.

RUS:
Видео создано в рамках проекта “Коридоры наследия Шелкового пути в Центральной Азии – международные аспекты Европейского года культурного наследия”, при финансировании Европейского Союза и реализуемого ЮНЕСКО.
Его содержание является исключительной ответственностью партнера и не обязательно отражает точку зрения Европейского Союза.

ENG:
The video was created within the framework of the project “Silk Roads Heritage Corridors in Central Asia – International Dimension of the European Year of Cultural Heritage”, funded by the European Union and implemented by UNESCO.
Its content is the sole responsibility of the partner and does not necessarily reflect the point of view of the European Union.

============================================================
Долбоорду аткарган: "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду https://www.instagram.com/kiyizduino
Долбоордун жетекчиси: А. Асангулова https://www.instagram.com/aidaifeltworld
Ассистент: А. Акматова https://www.instagram.com/aiperiasylb
Режиссер:Темирбек у Нурлан https://www.instagram.com/nurlan.temirbek
Фото: А. Адышова https://www.instagram.com/salkynadysheva/profilecard
Музыка: Н. Нышанов https://www.instagram.com/nurlanbeknyshanov
============================================================

Консультанттар, уз-усталар:

Абдыразаков Нурадин
Байизов Бакыт
Бызов Дмитрий
Исмайлов Идрис
Сулайманова Чолпон
Топчубаева Моңуз
Токтосунов Кайырбек

Ыраазычылык билдиребиз:
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи.
Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи
Сулайман – Тоо тарыхый музей комплекси
Супара интерактивдүү музейи

Видео ТУУРА ЧАПАН l ЧАПАНДЫН ТИГИЛИШИ канала Кийиз Дүйнө Kiyiz duino
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
7 сентября 2024 г. 21:59:15
00:03:26
Яндекс.Метрика