ЖЕМКОРЛУККА || Болот Назаров
Эл байлыгын менчиктеп жатышкандар.
Аферистер бетин катып артын жабып
Офшорго акчаларын катышкандар
Өзгө өлкөнүн колтугуна кирип алып
Өз элинин байлыгын ташышкандар
Жебе болуп көрөйүн жем корлорго,
Жем үчүн айланышкан көрколорго.
Бүлдүргүчтөр ондон жүздөп, миңден ашаар,
Бир экөөсүн салайын ортоңорго.
Дархан жерде курортоп жүргөн жандар
Далыман кайыш тилип күлгөн жандар
Далай офшор компанияң сени коргойт
Мекенден түйүнчүсүн түйгөн жандар
Соргон байлар жэген бектер менен дагы,
Соргоктуктан жештиңго кенен дагы.
Өңүп кирип буйтактап сен жебеген,
Өзүң айтчы өлкөдө немең калды!
Кетип бартат саясат иригени,
Кетип атат акчалар ири кери,
Акылы-бек бекен же кем бекен жэ.
Айтып көрсөк а балким билинерби.
Жүрүшөт ага инилер акылы көп,
Рахатту жандардын жакыны көп.
Балдарында бирден вилла ондон унаа.
Байкуштар акча кулдар жазыгы көп
Кулагыңар кулпуда кайран кебим,
Намысыңар уйкуда аңгал эрим.
Сараң байлар шапар тээп тамактансаң,
Салатыңан саан уйум арзан менин.
Кендирин кестиңерго келечектин,
Кемантайды эл жапкан келе чечкин.
Айланаңда кымбатчылык канча жакыр,
Офшордогу акчаңдан бере кеткин.
Кашаага коррупцияны албагандар,
Каша абага айланып жалмагандар.
Капшытка ката койуп акчаларын,
Кашайтып калың элин алдагандар.
Офшорго акчаңарды салып койуп
Обжоралар катасың бетке бетти
Наадан үчүн силердей, эрин таштап
Нан табууга энелер четке кетти
Жараша салбайсыңар айлык пулга
Жанымды кашайты го айып пул да
Баарыбыздын баштагы кымбатчылык.
Базаркомдор силерге жагып турда.
Силердин айыңардан өлкө байкуш
Өзөгүнө доо кетип өнүкпөдү.
Берекеси төгүлгөн ыйык мекен
Быркырап бытырады жөнүкпөдү
Кан төгүүлөр коогалаңдар жоболоңдор.
Тартипсиздик талкаланган тополоңдор.
Жемкорлор силер үчүн болуп турду
Кудайдан жэ убалдан коркпогондор
Жемкорлорум
Ит экенсиң дейин дейм итта жакшы,
Ишин иштеп короосун коруп турат.
Итчилик иштеринин көптүгүнөн,
Иттен да пас адамдар болуп турат.
Видео ЖЕМКОРЛУККА || Болот Назаров канала Айт Айт Десе
Аферистер бетин катып артын жабып
Офшорго акчаларын катышкандар
Өзгө өлкөнүн колтугуна кирип алып
Өз элинин байлыгын ташышкандар
Жебе болуп көрөйүн жем корлорго,
Жем үчүн айланышкан көрколорго.
Бүлдүргүчтөр ондон жүздөп, миңден ашаар,
Бир экөөсүн салайын ортоңорго.
Дархан жерде курортоп жүргөн жандар
Далыман кайыш тилип күлгөн жандар
Далай офшор компанияң сени коргойт
Мекенден түйүнчүсүн түйгөн жандар
Соргон байлар жэген бектер менен дагы,
Соргоктуктан жештиңго кенен дагы.
Өңүп кирип буйтактап сен жебеген,
Өзүң айтчы өлкөдө немең калды!
Кетип бартат саясат иригени,
Кетип атат акчалар ири кери,
Акылы-бек бекен же кем бекен жэ.
Айтып көрсөк а балким билинерби.
Жүрүшөт ага инилер акылы көп,
Рахатту жандардын жакыны көп.
Балдарында бирден вилла ондон унаа.
Байкуштар акча кулдар жазыгы көп
Кулагыңар кулпуда кайран кебим,
Намысыңар уйкуда аңгал эрим.
Сараң байлар шапар тээп тамактансаң,
Салатыңан саан уйум арзан менин.
Кендирин кестиңерго келечектин,
Кемантайды эл жапкан келе чечкин.
Айланаңда кымбатчылык канча жакыр,
Офшордогу акчаңдан бере кеткин.
Кашаага коррупцияны албагандар,
Каша абага айланып жалмагандар.
Капшытка ката койуп акчаларын,
Кашайтып калың элин алдагандар.
Офшорго акчаңарды салып койуп
Обжоралар катасың бетке бетти
Наадан үчүн силердей, эрин таштап
Нан табууга энелер четке кетти
Жараша салбайсыңар айлык пулга
Жанымды кашайты го айып пул да
Баарыбыздын баштагы кымбатчылык.
Базаркомдор силерге жагып турда.
Силердин айыңардан өлкө байкуш
Өзөгүнө доо кетип өнүкпөдү.
Берекеси төгүлгөн ыйык мекен
Быркырап бытырады жөнүкпөдү
Кан төгүүлөр коогалаңдар жоболоңдор.
Тартипсиздик талкаланган тополоңдор.
Жемкорлор силер үчүн болуп турду
Кудайдан жэ убалдан коркпогондор
Жемкорлорум
Ит экенсиң дейин дейм итта жакшы,
Ишин иштеп короосун коруп турат.
Итчилик иштеринин көптүгүнөн,
Иттен да пас адамдар болуп турат.
Видео ЖЕМКОРЛУККА || Болот Назаров канала Айт Айт Десе
Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Махабат Тажибек кызын акча менен алдагылары келетМахабат Тажибек кызы абакта эмне жөнүндө сурак болуп жатканын айтты“Камоо бизге болуп калды бул адат, Айткылачы дагы канча уланат?”Эй чүнчүтпө, элди ойлогон уулдарыңды! | Айт Айт Десе | АкынКандай ойлойсуз? Президенттин туугандары кантип эле “ийгиликтүү” болуп кетип жатышат?Журналисттердин башында айланган сур булут качан тарайт? | Айт Айт Десе | Сот отурумуТарыхый учур… Сөз эркиндигин көмүү процессиАбактагы акындын чырылдаган чындыгын угуңуз! |Айт Айт Десе | АкынОшондо “Биздин мыйзамсыз иштерибизди ачып, элге көрсөтпөй жүргүлө”-деп тарбиялап койгулары келгенби?Абактагы журналисттер иликтөө жасаштыБизди каралоолорго Махабат Тажибек кызынын жообуЖурналисттерден колуңарды тарткыла!Бийлик ачылып калган чындыктар үчүн журналисттерден өч алып жатабы?“Темиров Лайв” жана “Айт Айт Десе” нин камалган 11 кызматкеринин бири Айке Бейшекеева деген ким?Сурак алуудагы тыныгуу:Тергөөчүлөр өз ара бир нерсе чечип,баарлашканга кетишти | Айт Айт Десе |Матраимов менен Көлбаевдин кланына арыз жазып, бийликтен кетүүсүн талап кылалы! | Айт Айт ДесеЖемкорлор жыргап жүрөт камалбай эле! Бүттү чалдыкты дартка ата-журт айыгуу жокЖаңы жылдык маанай сунабыз! | Айт Айт Десе | КуттуктооДөө Чыңгыз карызды Ниязбековдон кантип алып берген? | Айт Айт Десе | ИликтөөНиязбеков менен Матраимов бир экендиги тууралуу далил.Кыргыздын каадасына каршы режиссер | Айт Айт Десе | Эркин маек