Загрузка страницы

Гүлжигит Калыков «Евразия жылдызы» КТРК

Бишкек, 15-январь, 2012-жыл (КТРК). Түндө Стамбул шаарында «Евразия жылдызы» аттуу эл аралык музыкалык биринчи сынактын финалы болуп өттү жана анда кыргыз ырчысы Гүлжигит Калыков жеңип чыкты. Анын жеңиши -- Стамбул шаарына расми сапар менен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин келгени менен туш болду.

Жыйынтык -- көрүүчүлөр арасында смс аркылуу өткөрүлгөн добуш берүү аркылуу чыгарылды. Финалдык мелдешти Коомдук биринчи канал түз ободо көрсөттү.

Сынак -- түрк тилдүү 6 жумурият ортосунда уюштурулган, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр, Түркия жана Түркмөнстандын эң мыкты ырчылары катышты. Финалдын алдында ар бир жумурияттын борбор калаасында жарым финалдык сынактар өткөрүлдү жана ал сынактарда ырчылар экиден ыр аткарды -- өз эне тилинде жана сынак өткөрүлүп жаткан өлкөнүн тилинде.

Стамбулдагы финалда болсо, ырчылар сынак үчүн эне тилинде ырдады, сынактан тышкары түрк тилинде да ырлар жаңырды. Гүлжигит Калыков -- Түгөлбай Казаковдун «Жамгыр төктү» деген ырын аткарды. Эл аралык жюринин бардык мүчөлөрү ага эң жогорку баа берди жана дароо Гүлжигитти фаворит деп атады. Акыркы жыйынтыкты болсо көрүүчүлөр чыгарды.

Биздин маалыматтарды Фейсбуктан окуңуз; http://www.facebook.com/KTRKkg
Твиттерде; https://twitter.com/KTRK_kg

Видео Гүлжигит Калыков «Евразия жылдызы» КТРК канала КТРК
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
21 декабря 2012 г. 18:56:06
00:05:27
Яндекс.Метрика