Мадумаров менен Ташиев кайым айтышты
2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “өкмөттүк күн” башталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду "УКМКга далилсиз сын айтууда" деп айыптады.
“Парламент трубунасынан айтылып жатат. "УКМКнын кызматкери элдин канын соруп жатат, жон терисин шылып атат" деген мааниде сөздөрдү айтып жатат. Эч кандай фактыларга таянбастан, саясий амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылган депутат Мадумаровго мен ачык айтып коюшум керек. Мындай аракеттериңизди токтотпосоңуз, биз дагы сиз жөнүндө аткезчиликти кандай калкалап жатканыңызды ачык айтабыз”, - деди Ташиев.
Депутат Мадумаров отурган ордунан “далил менен сүйлө” деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды.
Баткен облусунда район-шаарлар ортосунда аткезчиликке каршы уюштурулган көзөмөл бекеттер маселеси Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү.
Парламенттин 1-июндагы отурумунда депутат Адахан Мадумаров көйгөйдү Лейлек районунун Кулунду айылынын мисалында айтып, 24-майдан бери жер семирткич буулганын билдирген. Баткенде аткезчиликке каршы деген негизде коюлган посттор "жергиликтүү дыйкандарга түйшүк жаратып жатканын" буга чейин башка да депутаттар айтып чыгышкан.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн аталган бекеттер 2021-жылдын 1-октябрында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын токтому менен коюлганын билдиришкен. Жыл башынан бери 25 аткезчилик фактысы катталып, натыйжада 32 миллион сом казынага түшкөнү маалымдалган.
Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Мындан кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн.
#Ташиев #Мадумаров #парламент
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus
Видео Мадумаров менен Ташиев кайым айтышты канала Azattyk

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Парламенттеги кайым айтыштын төркүнү | ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТАдахан Мадумаров:о власти, парламенте, внешней и внутренней политике, о принципах жизни -в программеТашиев ТАЗАБЕК Икрамовго катуу ЭСКЕРТҮҮ берип КОРКУТКАН -ВИДЕО #АкыркыКабарларМына САГА! ТАШИЕВ м/н МАДУМАРОВ акыры ЖОЛУГУП бири БИРИ м/н КАТУУ айтышып УРУШТУ - #АкыркыКабарларДепутат Самыйкожо КОРКПОЙ ТАШИЕВге ачуу СУРОО берип/Башка Депутат ТАШИЕВДИ мактап /Анан ЭКӨӨ айтыштыДепутат парламенттин бедели жөнүндө маселе көтөрдүТашиев менен депутаттардын тиреши күчөдү. Кыргыз кызы Сеулда депутат болдуЖогорку Кеңештин жыйыны | 2-июнь (2-бөлүк)Ташиев Балбакты ТАЛТАЙБАЙ жүр ДЕДИ эле Депутат БОЛУШУНЧА актанып ТАШИЕВди КҮЛДҮРҮП бийликчилмин ДЕДИВ парламенте возникла перепалка между Камчыбеком Ташиевым и Адаханом МадумаровымТамак-аш баасы элдин капчыгын жукартуудаУчур маселеси программасы 24.03.2017 / Нуржигит Кадырбеков түз эфирдеСОТТОР боюнча Жанар Акаев менен Рыскелди Момбеков КАТУУ айтып СУРОО берип ЖООПсуз КАЛЫШТЫ - ВИДЕОЖогорку Кеңештин жыйыны | 2-июньТүз Эфир: Адахан Мадумаров менен СУРОО-ЖООП | 21.11.18 | Акыркы КабарларЭрулан Кокулов: Мага велосипед менен жүргөн жагатEagle FC 47: Dos Santos vs. De Castro | Press Conference“Наристе” фольклордук фестивалы башталдыЭЛ ТYШYНYП КАЛАТ ТАШИЕВ ЖОГОРКУ КЕНЕШТИ ТАЛКАЛАДЫ ДЕППРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ С ХАБИБОМ НУРМАГОМЕДОВЫМ