Загрузка страницы

Депутат Сулайманов өкмөттүн жаңы жумуш орундарын түзүү ишин сынга алды

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов өкмөттүн өлкөдө жумуш орундарын түзүү ишин жетишсиз деп эсептейт. Мындай пикирин ал 12-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитетинин өкмөттүн 2019-жылдагы ишин талкуулаган жыйынында айтты.

Сулайманов премьер-министрдин отчетундагы бир жылда 77 миңдей жумуш оруну түзүлгөнү тууралуу маалымат суроо жаратып жатканын билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев “Статистика ошондой эле. 14688 туруктуу орун, а калгандары өз алдынча дегендер - чакан дүкөн ачкан, ишкана ачкан, жер алып иштеткендер” деп жооп берди.

Депутат Сулайманов мамлекеттик ишканалар ачылбай жатканын белгилеп, Кыргызстандын алты миллион калкынын 600 миңи бюджетке салык төлөгөн ишкерлер экенин, алардын эсебинен 400 миң мамлекеттик кызматкер айлык аларын, мамлекеттик ишканалардын 90% дотацияда экенин, бюджеттен каржылануучу мекемелерде бирин бири кайталаган кызматтар бар экенин айтты. 2 миллиард долларлык бюджеттин баары өнүгүүгө эмес, күнүмдүк каржылоого кетип жатканын кошумчалады.

Бүгүн өкмөт башчы баш болгон жетекчилер парламенттик комитетте маалымат берүүдө. Жыйында былтыр Ички дүң өнүмү 4,5% болгону жана бул көрсөткүч 2016-жылдан бери өсүп келе жатканы, тышкы инвестиция көлөмү былтыр 876 млн. долларга жетип, өсүш 2,9% болгону айтылды.

Учурда жыйын “суроо-жооп” форматында уланууда.

Видео Депутат Сулайманов өкмөттүн жаңы жумуш орундарын түзүү ишин сынга алды канала Азаттык
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
12 мая 2020 г. 15:31:18
00:02:59
Другие видео канала
"Аял режиссерлордун катары калыңдады""Аял режиссерлордун катары калыңдады"Бишкек быйыл "Өлбөс полктон" баш тарттыБишкек быйыл "Өлбөс полктон" баш тарттыКылым карыткан ардагерлер дүйнөгө тынчтык тилейтКылым карыткан ардагерлер дүйнөгө тынчтык тилейтФилармониядагы көрүнбөгөн каармандын бир күнүФилармониядагы көрүнбөгөн каармандын бир күнүКыргыз тилин акысыз үйрөткөн немис кызыКыргыз тилин акысыз үйрөткөн немис кызыАты бар, макамы жок КенчиАты бар, макамы жок КенчиПольшада жылдызы жанган чабандестерПольшада жылдызы жанган чабандестерСэр Алекс Фергюсон поздравил Криштиану Роналду с победой на ЕВРО 2016Сэр Алекс Фергюсон поздравил Криштиану Роналду с победой на ЕВРО 2016Таркович: Кыргызстанда таланттуу оюнчуларды көрдүм, аларды тапташ керекТаркович: Кыргызстанда таланттуу оюнчуларды көрдүм, аларды тапташ керекГерманиядагы немистер: Таласым такай түшүмө киретГерманиядагы немистер: Таласым такай түшүмө кирет"Пенсияга чыкканда жаңы кесип таптым""Пенсияга чыкканда жаңы кесип таптым"Турция: непростые будни кыргызстанцев в миграцииТурция: непростые будни кыргызстанцев в миграцииЖарыксыз, мектепсиз жашаган Ак-КөлЖарыксыз, мектепсиз жашаган Ак-КөлАзамат Уланов АКШда стадиондо бийледи!Азамат Уланов АКШда стадиондо бийледи!Турист үзүлбөгөн ЖыргалаңТурист үзүлбөгөн ЖыргалаңГрек-рим күрөшүндөгү жаңы ысымдарГрек-рим күрөшүндөгү жаңы ысымдар"Мүңкүрөп турганда "Азаттык" жашоомду өзгөрткөн""Мүңкүрөп турганда "Азаттык" жашоомду өзгөрткөн"Кыргызстанды кыялбаган корейлерКыргызстанды кыялбаган корейлерКадамжайда күмбөздөн табылган китептерКадамжайда күмбөздөн табылган китептерЖайытты сактоого жан үрөгөн Урмат ӨмүрбековЖайытты сактоого жан үрөгөн Урмат ӨмүрбековКыргызча сүйлөгөндү модага айланталыКыргызча сүйлөгөндү модага айланталы
Яндекс.Метрика