Загрузка страницы

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовдун кызматына киришкенине дээрлик бир жыл болуп калды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун кызматына киришкенине дээрлик бир жыл болуп калды. Былтыр шаардык депуттатар мэрлике талапкер болуп турган Сарыбашовдун программасын жактырып 45 эл өкүлүнүн 44ү колдоп берген болчу. Таалайбек Сарыбашов бир жылда Ош шаары үчүн эмнелерди аткарды?
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун шаарга башчы болгонуна жакында бир жыл болот. Бул аралыкта шаарда бир топ иштер аткарылды. Таалайбек Сарыбашов мэр болуп кызматына киришкенден баштап тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен тынымсыз көчөлөрдү кыдырып, түрдүү рейддерди өткөрүп көп маселени жеринен чечип келет. Шаар мэри мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөштү колго алып, калааны көркүнө чыгаруу аракетинде. Тактап айтканда, Кулатов кичи районундагы башаламан жайгашкан соода-түйүндөрүн алдырып,ордуна заманбап аллеянын курулушу кызуу жүрүүдө. Күз айларында аллея шаардыктар үчүн пайдаланууга берилет. Ал эми Билим берүү, медицина сындуу тармактарга да Таалайбек Сарыбашов көнүл бурбай койгон жок. Шаарда балдар бакчасынын жетишсиздик көйгөйү бар. Бул маселенин да чечуу жолдору каралып жатканын калаа башчысы айтат. Азыркы тапта 3 бала бакчанын курулушу жүрүүдө, Ал эми айрым башка мекемелерге өтүп кеткен балдар бакчалары кайтарылууда. “Коопсуз мектеп”, “Коопсуз бала бакча” долбоору боюнча 53 мектеп, 40тан ашуун бала бакчаларда видео байкоолор орнотулган. Ал эми шаардын кооздугуна өзгөчө көнүл буруулууда. Анткени 2019-жыл Ош турк дүйнөсүнүн маданий борбору аталып, чет мамлекеттерден миңдеген туристер келип жатат. Ошондуктан шаарды көрктөндүрүү үчун коп кабаттуу үйлөрдүн сыркы фасаддарын жаңылоо тууралуу шаар мэри демилге көтөрүп, Кулатов кичи районундагы эки көп кабаттуу үйдүн сырты, балдар аянтчалары, жолдору жаңыланып, үлгү катары көрсөтүлгөн. Аталган иштер уланып, шаардагы 30дан ашуун көп кабаттуу үйдүн сырты боелду. Азыр да сырдоо иштери жүрүүдө. Аткарылган иштерге шаар тургундарынын да салымы чоң. Маданият, спорт, туризмге да өзгөчө көңүл буруу керектигин айткан калаа башчысы 2019-жыл Ош шаары үчүн өзгөчө жыл болуп жатканын айтат. Быйыл бир топ маданий объектилер ондооп тузоодон отту. Ошондой эле дээрлик 60 жыл мурда курулган Ош шаарынын борбордук стадионунун эскилиги жетип калган болчу. Шаар башчысынын демилгеси менен демөөрчү табылып эски стадион жаныланды. Курулуш иштерин Таалайбек Сарыбашов өзү көзөмөлдөп турду.
Таалайбек Сарыбашов бир жыл мурун кызматка киришип жатканда шаардыктарды өзүнүн 2019-2020-жылдарда аткаруучу программасы менен тааныштырган. Азырынча ал жерде жазылгандын баары кезеги менен аткарылып жатат. Алдыда дагы кыла турган жумуштар көп, тазалык тармагына жаңы техникалар алынууда. Мэрдин негизги максаты Ош шаарын кооз,өнүккөн калаалардын бирине айлантуу. Азырынча бул максат акырындык менен ишке ашып жатат.

Видео Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовдун кызматына киришкенине дээрлик бир жыл болуп калды канала ТВ Пирамида
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
1 июля 2019 г. 17:25:05
00:05:01
Другие видео канала
ОШТУН СТАДИОНУ БИШКЕКТИКИНЕН КЫМБАТОШТУН СТАДИОНУ БИШКЕКТИКИНЕН КЫМБАТОштун мэри шаарды өнүктүрүү аракетиндеОштун мэри шаарды өнүктүрүү аракетинде#ТАПКАН ТАПАЛАК 10.07.2019 | ЫСЫК-КӨЛ | СУППЕР ЭФИР#ТАПКАН ТАПАЛАК 10.07.2019 | ЫСЫК-КӨЛ | СУППЕР ЭФИРОштун мэри УУРДАЛГАН ТРАТУАРЛАРДЫ КАЙТАРАМ деди | #ЫнтымакОштун мэри УУРДАЛГАН ТРАТУАРЛАРДЫ КАЙТАРАМ деди | #ЫнтымакОШ ҮЧҮН КУБАНЫ, КАЙГЫРГАН ЖЕТЕКЧИ ИШКЕРЛЕР МЫКТЫ ИШТЕСЕ КОЛДООГО АЛЫП, ЫРААЗЫОШ ҮЧҮН КУБАНЫ, КАЙГЫРГАН ЖЕТЕКЧИ ИШКЕРЛЕР МЫКТЫ ИШТЕСЕ КОЛДООГО АЛЫП, ЫРААЗЫУРА...ОШТО АК-БУУРА ДАРЫЯСЫ АДАМ ТААНЫГЫС БОЛУП ОҢОЛОТ / КЕРЕМЕТ КУРУЛУШ БАШТАЛАТ! КҮТКҮЛӨ!УРА...ОШТО АК-БУУРА ДАРЫЯСЫ АДАМ ТААНЫГЫС БОЛУП ОҢОЛОТ / КЕРЕМЕТ КУРУЛУШ БАШТАЛАТ! КҮТКҮЛӨ!ОШ МЭРИН АЛДАГАН “ЖАЛГАНЧЫ” КЫЗМАТКЕР ЖУМУШТАН АЙДАЛДЫОШ МЭРИН АЛДАГАН “ЖАЛГАНЧЫ” КЫЗМАТКЕР ЖУМУШТАН АЙДАЛДЫБаракелде! Видео: Ош МЭРИ Врачтарга КАТУУ эскертүү БЕРДИ | Акыркы КабарларБаракелде! Видео: Ош МЭРИ Врачтарга КАТУУ эскертүү БЕРДИ | Акыркы КабарларМэр төрөт үйүндөгү энелерден кабар алып, пикир алыштыМэр төрөт үйүндөгү энелерден кабар алып, пикир алыштыОШТУН МЭРИ УЯТЫ ЖОКТОР ДЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ КАТУУ УРУШТУОШТУН МЭРИ УЯТЫ ЖОКТОР ДЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ КАТУУ УРУШТУОШ МЭРИНИН ЭСКЕРТҮҮСҮН ТЕҢИНЕ АЛБАГАН “ДЕРЗКИЙ” ЖЕТЕКЧИ / КӨК МЭЭ КЕТТИ СӨГҮНҮП..ОШ МЭРИНИН ЭСКЕРТҮҮСҮН ТЕҢИНЕ АЛБАГАН “ДЕРЗКИЙ” ЖЕТЕКЧИ / КӨК МЭЭ КЕТТИ СӨГҮНҮП..В мэрии город Ош состоялось заседание Коллегии по итогам 2018 годаВ мэрии город Ош состоялось заседание Коллегии по итогам 2018 годаЭл үнү: Ош мэри Т.Сарыбашов "КОРРУПЦИОНЕРЛЕР ТҮРМӨГӨ КЕТСИН"!Эл үнү: Ош мэри Т.Сарыбашов "КОРРУПЦИОНЕРЛЕР ТҮРМӨГӨ КЕТСИН"!Сарыбашов: Дипломумду айылга барганда ала келип, силерге көрсөтөмСарыбашов: Дипломумду айылга барганда ала келип, силерге көрсөтөмРейд: ОШ ШААРЫНЫН МЭРИ ШААРДЫ КЫДЫРЫП ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗДҮ (видео толугу менен)Рейд: ОШ ШААРЫНЫН МЭРИ ШААРДЫ КЫДЫРЫП ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗДҮ (видео толугу менен)Ош МЭРИ 13 жашар БАЛАНЫ өз камкордугуна АЛДЫОш МЭРИ 13 жашар БАЛАНЫ өз камкордугуна АЛДЫОш шаарынын мэри бир күнүн балдар менен өткөрдүОш шаарынын мэри бир күнүн балдар менен өткөрдүОШТУН “СВЕЖИЙ” МЭРИ 47 ЖАШТАГЫ ТААЛАЙБЕК САРЫБАШОВОШТУН “СВЕЖИЙ” МЭРИ 47 ЖАШТАГЫ ТААЛАЙБЕК САРЫБАШОВОш шаарын базарком башкарабы?Ош шаарын базарком башкарабы?МЫНА САГАА! ОШТУН МЭЭРИ АРАМ ЭТ САТБАГЫЛА ДЕП КАТУУ ЭСКЕРТТИ..!МЫНА САГАА! ОШТУН МЭЭРИ АРАМ ЭТ САТБАГЫЛА ДЕП КАТУУ ЭСКЕРТТИ..!
Яндекс.Метрика