Загрузка страницы

Бегиш - Сынба (Live Жандуу Үн)

Apple Music: https://apple.co/2Yp8rcT
Угуу / Көчүрүү: https://band.link/synba

♪ Бегиш - Сынба

✔ Каналга кошулуңуз: http://bit.ly/3r1iEsp

Бегиштин расмий баракчалары:
https://www.instagram.com/begishzbp/
https://vk.com/real_begish

Текст:

Акча колдун кири
Алгын досум билип
Алдап тапкан акча
Бир жериңди кетет тилип
Калп сөз сенин оюң
Жашоо чындап оюн
Ойнойсуң баары бир
Каарманыңды өмүр бою
Уруштар болот биздин турмушта толо
Унутпа бирок бул жашоодо баары конок
Ачуу кезде болуп калат бирөө жарым чолок
Алипедеги тарбия чын жашоодо жомок
Сомдун артынан чуркап сен айрылбагын достон
Билгин урматтабайт элдер, сараң келген досту
Достор керек сага сени ок атканда тоскон
Жакшылыкта баары жакын, айтып коёт тостун

Жамандык башыңа түшкөндө жардамсыз тилек
Андай учурларды сезгендер сөзүмдү билет
Өчсө дагы өмүр шамың эч өчпөсүн жүрөк
Билем баары жакшы болот деген ойдо жүрөм

Жаратканым жалга
Жолун тапсын балдар
Жашты эрте алба
Азайбасын сандар
Кыймылдагың калбай
Кайгыга башың салбай
Өчүп калса шамдарың
Эми башка жанбайт

Кыйналганда сынба
Көнүл бурба сынга сен
Эки жүздүк кылбаа
Жашагын сен чындап

Акыйкатты ойно
Акырээтти ойло
Буттарың жок болсо дагы
Адилеттүү сойло
Себеби өмүр кайталоого ынабайт экен
Жараткан сени эки жолу сынабайт экен
Бир эле мүмкүнчүлүк бир эле лайф жетет
Колдонбосоң аны тыкан сенден кайып кетет
Ар бир күн толтура жолдорду сага ачып берет
Уктап жатсаң качып кетет
Ырыскыңды чачып кетет
Көздөрүңдү ачкын жетет
Катаңты кайталаба
Каласың кайтара албай
Жалгыз сен ай талаада
Түгөнүп чай чамадай
Жатарга жай таба албай
Өзүңдү өзүң башкар
Жардам бербейт тамада

Жамандык башыңа түшкөндө жардамсыз тилек
Андай учурларды сезгендер сөзүмдү билет
Өчсө дагы өмүр шамы эч өчпөсүн жүрөк
Билем баары жакшы болот деген ойдо жүрөм

Жаратканым жалга
Жолун тапсын балдар
Жашты эрте алба
Азайбасын сандар
Кыймылдагың калбай
Кайгыга башың салбай
Өчүп калса шамдарың
Эми башка жанбайт

Кыйналганда сынба (билгин баары алдыда)
Көнүл бурба сынга сен (элдер айта берет)
Эки жүздүк кылбаа (калп өмүр өткөрбө)
Жашагын сен чындап

#Бегиш #Сынба #ЖандууҮн

▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬

✔ По запросу сотрудничества и PR. ✉ info@infinitymusic.pro

✔ Also you can contact about cooperation and PR. ✉ info@infinitymusic.pro

© ℗ All rights reserved. Music and Video are Copyrighted

Видео Бегиш - Сынба (Live Жандуу Үн) канала Бегиш / Begish
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
1 февраля 2020 г. 15:48:00
00:03:33
Яндекс.Метрика