Загрузка...

Мусулмандардын өтүнүчү менен никабчандарды коргоо үчүн Конституциялык сотко кайрыла турган болдум.

Кымбаттуу момун мусулмандар, биз укуктук мамлекет куруп жатканда бардык талаш-тартыш маселелерди мыйзам алкагында чечишибиз абзел! Ошондуктан мусулмандар мага алардын атынан Конституциялык сотко арыз менен кайрылып алардын көйгөюн чечип берүүсүн суранышыптыр.
Эч качан мага арыз-даттануулар менен кайрылгандарга жок дебечүм. Кудайга шүгүр, КР Президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча Комиссиянын Төрагасы (1998-2000), тунгуч Акыйкатчы (Омбудсмен) (2002-2008), үч чакырылыштын депутаты (I, II жана V) жана КР президентинин алдындагы ырайым берүү Комиссиясында мүчө (2010-2011) болуп иштеп турганымда 200 миңге жакын арыз-даттанууларды кунт коюп окуп чыгып, жеринде текшерип, териштирип, ар бир үчүнчү арыздын ээсинин пайдасына маселени чечип бергенмин.
Азыр деле жок дебеймин, себеп “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште талкуланып жатканда парламенттин угууда мен өзүмдүн сын пикирлеримди айткан болчумун.
Кымбаттуу момун мусулмандар, кимдер бирөө Конституциялык сотко кайрылууну колдоймун десеңер анда менин атыма арыз менен кайрылгыла (арызды толтуруу үлгү астында көрсөтүлгөн).

Менин атыма ушундай арыздар түшө баштады:… (видеодон кара).

#кыргызжарандары #никабчандар #кыргызмусулмандары #никаб #конституциялыксот #укуктарыбыз

Видео Мусулмандардын өтүнүчү менен никабчандарды коргоо үчүн Конституциялык сотко кайрыла турган болдум. канала Tursunbay Bakir
Яндекс.Метрика
Все заметки Новая заметка Страницу в заметки
Страницу в закладки Мои закладки
На информационно-развлекательном портале SALDA.WS применяются cookie-файлы. Нажимая кнопку Принять, вы подтверждаете свое согласие на их использование.
О CookiesНапомнить позжеПринять