Загрузка страницы

Бурулайдын соту: Марс Бөдөшовдун көрсөтмөсү

Бурулай Турдаалы кызынын иши боюнча айыпталуучу Марс Бөдөшевди дарылаган дарыгер сотко келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Жуматай Абдрахманов билдирди.

Ал экспертиза кылган адистерди сотко кошумча күбө катары чакырууну өтүндү. Мындай чечимди ал Марс Бөдөшев өзүн өзү сайган-сайбаганын аныкташ үчүн кабыл алган. Ошондой эле кошумча күбө катары ал сот отурумунда аты аталган Бурулайдын жеңеси Каныкейди чакырууну өтүнгөн, бирок Бурулай Турдаалы кызынын туугандарынын жактоочусу Есения Рамазанова Бурулайдын Каныкей аттуу жеңеси ушу тапта Москвада жүргөнүн айтып, соттук отурумга күбө катары келе албай турганын билдирди.

Кийинки соттук отурум 29-ноябрда уланат. Анда иштин материалдары изилденип, убакыт жетсе жарыш сөзгө убакыт берилет. Марс Бөдөшевдин жактоочулары жарыш сөзгө даярдана турган убакыт аз экенин айтып нааразы болуп жатышат.

Сот иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Ушул кезге чейин бир нече отурум болуп, чакырылган 32 күбөнүн 20га жакыны суралып бүткөн. Сотто 22-ноябрда милиция кызматкерлери сурак берген. Отурум өзү сентябрда башталган.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу Акмат Сейитов да кармалган.

Видео Бурулайдын соту: Марс Бөдөшовдун көрсөтмөсү канала Жалбырак ТВ
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
28 ноября 2018 г. 13:09:06
00:47:21
Другие видео канала
Бурулайдын соту: Сот өкүмү чыкты (толук версия) 11.12.2018Бурулайдын соту: Сот өкүмү чыкты (толук версия) 11.12.2018Бурулайдын сотунда Марс Бөдөшев көрсөтмө бердиБурулайдын сотунда Марс Бөдөшев көрсөтмө бердиБурулайдын иши: милициялар сурак бердиБурулайдын иши: милициялар сурак бердиБурулайдын ишинде айыпталуучу сурак бердиБурулайдын ишинде айыпталуучу сурак бердиБурулайдын соту: шектүү суралдыБурулайдын соту: шектүү суралдыАйыптоочу Бөдөшевди өмүр бою кесүүнү сурандыАйыптоочу Бөдөшевди өмүр бою кесүүнү сурандыБурулайдын иши: Милиция сурак бере баштадыБурулайдын иши: Милиция сурак бере баштадыБурулайдын иши: сот өкүмү чыктыБурулайдын иши: сот өкүмү чыктыБурулайдын иши: тараптардын кайым айтышыБурулайдын иши: тараптардын кайым айтышыБурулайдын иши: күбөлөр суракка келдиБурулайдын иши: күбөлөр суракка келдиАла качуу: Кечир, Бурулай!Ала качуу: Кечир, Бурулай!Бурулайдын өлүмү: милиция күнөөлүү деп табылдыБурулайдын өлүмү: милиция күнөөлүү деп табылдыСоттук угуулар:  Өз жездесин өлтүрүүгө түрткөн акча азгырыгы 08.09.17Соттук угуулар: Өз жездесин өлтүрүүгө түрткөн акча азгырыгы 08.09.17БУРУЛАЙДЫН ӨЛҮМҮ: МИЛИЦИОНЕРЛЕРГЕ ӨКҮМ ЧЫКТЫ\\КҮНЖҮРҮШ\\ЖАҢЫЛЫКТАР ТОПТОМУ\\09.04.2019БУРУЛАЙДЫН ӨЛҮМҮ: МИЛИЦИОНЕРЛЕРГЕ ӨКҮМ ЧЫКТЫ\\КҮНЖҮРҮШ\\ЖАҢЫЛЫКТАР ТОПТОМУ\\09.04.2019Бурулайдын сотунда эки тарап чатакташып кетиштиБурулайдын сотунда эки тарап чатакташып кетиштиМигрантты тооруган кылмыштуулукМигрантты тооруган кылмыштуулукМадумаров: Бакиевге Мадумаров бөйпөңдөбөгөнү үчүн кетирген кызматтан!. #СанжыраМадумаров: Бакиевге Мадумаров бөйпөңдөбөгөнү үчүн кетирген кызматтан!. #СанжыраБурулай:баардык окуя видеокамерага жазылып алынган!Бурулай:баардык окуя видеокамерага жазылып алынган!Бурулайдын СЫРДУУ өлүмүнүн ДАГЫ бир СЫРЫ ачылды...  | Ким КҮНӨӨЛҮҮ? | Турмуш БаяныБурулайдын СЫРДУУ өлүмүнүн ДАГЫ бир СЫРЫ ачылды... | Ким КҮНӨӨЛҮҮ? | Турмуш БаяныСыдыман: Алты жыл соттолгудай кылмыш кылган эмесминСыдыман: Алты жыл соттолгудай кылмыш кылган эмесмин
Яндекс.Метрика