Жанарбек Акаев: Жеңиш Разаков тез арада элден кечирим сурасын
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча митингге чыккандардан тез арада кечирим сурашы керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 22-январда парламенттин жалпы жыйынында айтты:
- «Чек арага жардам бергиле, тактап бергиле» деп чыккан элди «акчага чыккандар» деп атады. Бул элди мазактоо. Разаков же сот алдында жооп бериши керек же кызматын тапшырып же бүгүндөн калбай элдин алдына чыгып кечирим сурасын. Факт жок. Баткенден, айыл-ападан келип, радикалдуу сөздөрдү эмес, карапайым элдин талабын айтып жатса «акчага чогулгандар» деп атады. Бул абдан чоң ката.
Разаков 21-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып 15-январдагы Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган деп эсептей турганын айткан:
- Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар. Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт.
Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алды.
15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү, Көк-Ташта кармалгандарды бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өткөн. «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын, арасында Разаковду кызматтан алуу жөнүндө талап да бар экенин айткан.
Видео Жанарбек Акаев: Жеңиш Разаков тез арада элден кечирим сурасын канала Azattyk

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Зулушев: 10 миң сом маяна алган мамкызматкерлер 20 миң долларлык машине минип жүрөтМуфтиятта айланган миллиондорРазаков ЭЛДЕН кечирим СУРАСЫН дейт ЖАНАР Акаев / Бакыт Төрөбаев катуу ТАЛАП койду | Акыркы КабарларАбактан чыккан аялдын аракети"Элдин макулдугусуз жер алмашпайт"Сулайманов: Парламентте Саймаити менен жеке тааныш болгон депутаттар көпМомбеков: Бийлик аткара албаган ишти “Азаттык” алты саатта иликтеп чыктыЧЕК АРА АТЫП КОЙСО КАМАП КОЙСО УНЧУКПАСАК БУЛ НЕДЕГЕН НЕРСЕМомбеков: Саймаитинин убагында Кыргызстандан 6 млрд. 412 млн. сом уурдалып кеткени ачыкка чыктыКаныбек Иманалиев: Чек арада кармалгандарды чыгаргылаЭлди кыйнаган кыргыз-тажик чек арасыУКМК - Жениш Раззаков ТАЖИК агентиби? - ДЕГЕН маалыматтарды ИЛИКТЕЙТ | Акыркы КабарларДепутат Момбеков: Баткендин жашоосу галстуктан оңолсо бюджеттен сатып берелиТез көргүлө! Жээнбеков ачууланды! Чек араны Жапкыла / Момбеков Разаковду ЖакаладыКЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ ЖАБЫЛАБЫ?Жанар Акаев БЕТИНЕ айтты - Кошоматчыларың ҮЙҮҢӨ барып КОЙ союп БЕРСИН деп | Акыркы КабарларВице-премьер-министр Жениш Разаков Тажикстандын агентиби?Мына САГА! Эл танкалдырган ЭСКИ СЫРЛАР АЧЫКТАЛДЫ/ Аскар Акаев/ Текебаев/ Дастан Бекешев"Алмашыла турган жер тууралуу элде так маалымат болуш керек"ЖЭЭНБЕКОВ ЖИНИ КЕЛИП УШУНДАЙ ДЕДИ