Украинадагы абал: кулак тундурган ракеталар, унаалардын тыгыны
Украинанын Ички иштер министрлиги Орусиянын чабуулунан жети жоокер каза болуп, 15и жарадар болгонун маалымдады. Ингулец дарыясындагы көпүрө урап, 20дай аскер дайынсыз болуп жатат.
Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы Херсон облусунда үч чек арачы каза болгонун маалымдады. Мекеме орус тарап ракеталардан жана тик учактардан аткылап жатканын билдирүүдө.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Харьков облусунда көп кабаттуу үйлөргө тийген снаряддардан жашы жете элек бир бала каза болгонун кабарлады. Турак жайдын башка жашоочулары эвакуацияланган.
Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пунктуларына ракеталык октор атылганын ырастады.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus
Видео Украинадагы абал: кулак тундурган ракеталар, унаалардын тыгыны канала Азаттык

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Байге сайып окурман издеген китеп дүкөндөрИшкер аялдарга ишенели"Жүрөктөгү бороон. Акындын бир күнү" сахнадаБеш жыл от кечип, жапон согушун жеңген Мамасалы атаҮч муундун акындары: "Бийик турат ырыбыздын тагдыры"Олег Бондаренко почти 15 лет в одиночку ведет сайт для писателейНаристелердин өмүрүн узарткан чет элдик дарыгерлерОштогу Билим айтыш: төкмөлөр төккөн тил көйгөйүКылым карыткан ардагерлер дүйнөгө тынчтык тилейтОбочодо калган Чарбактагы оор турмушКыргыз тилин акысыз үйрөткөн немис кызыБокс: мыктылар аныкталдыЖаштарга чаңгы тебүүнү үйрөткөн байбичеӨнөрлүү жубайлар театрдан кийин Тик-Токто“Туткундагы кыргыз жоокерлердин көбү кайтпай калган”Азия кубогуна даярданган "ак-шумкарлар"Таркович: Кыргызстанда таланттуу оюнчуларды көрдүм, аларды тапташ керекТемир үйдө дарт менен алышкан жазуучу"Кыргыз дастанына чет элдиктердин кызыгуусу күч"Өзгөндө бут кийим цехин ачкан үй-бүлө"Пенсияга чыкканда жаңы кесип таптым"