Загрузка страницы

Жапаров: Мамлекеттин Матраимовду кызматка кайтаруу саясаты жок

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кайра кызматка алып келүү тууралуу мамлекеттин саясаты жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров басма сөз жыйынында билдирди.

"Матраимов 2 миллиард сом бюджетке төктү. Андан сырткары соода борбору, үйлөрүн алып төгүп берди. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды. Аны мененджер деп айткандар өзүн блогер деген адамдардын чыгарып алганы болсо керек. Мамлекеттин андай саясаты жок".

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Мейкинбек Абдалиев, Бактыбек Райымкуловдор Матраимовду парламент трибунасынан колдоп, андан кеңеш алууга чакырышкан.

Атайын кызмат 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Райымбек Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзүшкөнүн билдирген. Матраимов бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөнү белгилүү болгон.

Анын ишин Биринчи май райондук соту 11-февралда карап, "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөсүн моюнуна аларын айткан.

Атайын кызмат Матраимовду ушул жылдын 18-февралында камакка алып, кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана Матраимов эркиндикке чыккан.
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​
https://www.instagram.com/azattykmedia/​
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​
https://www.facebook.com/azattyk​
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​
https://t.me/azattykrus

Видео Жапаров: Мамлекеттин Матраимовду кызматка кайтаруу саясаты жок канала Азаттык
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
23 октября 2021 г. 13:22:23
00:01:14
Другие видео канала
Тракторлор "Жиптен" кем калбайтТракторлор "Жиптен" кем калбайтБорбор Азия өлкөлөрү өзүнүн "Шенген визасын" киргизгиси келетБорбор Азия өлкөлөрү өзүнүн "Шенген визасын" киргизгиси келетБайге сайып окурман издеген китеп дүкөндөрБайге сайып окурман издеген китеп дүкөндөрИшкер аялдарга ишенелиИшкер аялдарга ишенелиМайып балдарды баккандардын талабыМайып балдарды баккандардын талабы"Азаттыктын" жаңылыктары, 15-январь"Азаттыктын" жаңылыктары, 15-январьКитептен дүйнө тааныган АйпериКитептен дүйнө тааныган Айпери"Жүрөктөгү бороон. Акындын бир күнү" сахнада"Жүрөктөгү бороон. Акындын бир күнү" сахнадаКөчө футболунун дүйнөлүк чемпионаты өттүКөчө футболунун дүйнөлүк чемпионаты өттүАскар Акаевдин арызы парламентте каралатАскар Акаевдин арызы парламентте каралатАк-Кыяда кымыз фестивалы өттүАк-Кыяда кымыз фестивалы өттүКыргыз жигит жана анын командасы робот жасаштыКыргыз жигит жана анын командасы робот жасаштыБеш жыл от кечип, жапон согушун жеңген Мамасалы атаБеш жыл от кечип, жапон согушун жеңген Мамасалы атаҮч муундун акындары: "Бийик турат ырыбыздын тагдыры"Үч муундун акындары: "Бийик турат ырыбыздын тагдыры"Олег Бондаренко почти 15 лет в одиночку ведет сайт для писателейОлег Бондаренко почти 15 лет в одиночку ведет сайт для писателейНаристелердин өмүрүн узарткан чет элдик дарыгерлерНаристелердин өмүрүн узарткан чет элдик дарыгерлерБрайл арибинде китептер чыктыБрайл арибинде китептер чыктыШыкмаматов: Коомдун көзү – журналистикаШыкмаматов: Коомдун көзү – журналистикаГонконгдун чуулу мыйзам долбоорунан баш тартканын Кытай колдодуГонконгдун чуулу мыйзам долбоорунан баш тартканын Кытай колдодуАрыстыктар: Талкаланган шаарга кайтпайбызАрыстыктар: Талкаланган шаарга кайтпайбыз"Тазалыктын" таланттары"Тазалыктын" таланттары
Яндекс.Метрика