Загрузка страницы

Кесипти туура тандоо - ийгиликтин башаты. #38 С. Айтиев мектеби

#Кесип жөнүндө ойлонууну/изденүүнү качан башташ керек?

Кеч дегенде 8-9-класстан ойлоно баштоо керек. 11-классты бүтүп жатып, май айында араң ойлонуп жатсаңыз, анда кенебестердин мекенине кош келипсиз! Бир жакшы кабар айткым келет - кесип тандоого, билим алууга эч убакта кеч эмес.

Кайсы кесиптин ээси болгуңуз келет?

Кээ бир балдар жашынан эле бир нерсеге шыктуу болот. Бирок билим алып ошол талантты кесипкөй деңгээлге чыгарбаса, жыйынтык болбойт. Шыгы жоктор кесипти туура тандап, талыкпай мээнет кылып ийгиликке жетсе болот.

Айталы, колуңузда ЖРТнын (ОРТ) жыйынтыгы жана тийиштүү документтер бар. Эми биринчи кезекте кесип тандап, андан соң ошол кесип боюнча мыкты адистерди чыгарган ЖОЖду тандаш керек.

Кесип тандоо

Психологияда кесибин сүйгөн адамдар өзүн бактылуу сезери жана чексиз ийгиликтерди жаратары айтылып келет. Чоң-чоң ачылыштар, дүйнөнү дүңгүрөткөн компаниялар жана тарыхта калган ысымдар кесибин сүйгөн адамдарга таандык. Мисалы, Стив Жобс өз кесибин сүйбөгөндө азыр «Appleдин» кооз компьютери жана телефондору болмок эмес.

Албетте, кесип тандоодо мугалимдерден, ага-эжелерден жана ата-энеден кеңеш сурап коюу ашыктык кылбайт. Бирок акыркы чечимди өзүңүз гана кабыл алышыңыз керек. Сиз үчүн бирөө кесип тандаганы такыр туура эмес. Себеби, бул сиздин жашооңуз жана ага жалгыз өзүңүз гана жоопкерчиликтүү экениңизди унутпаңыз.

Минтип айтканымдын себеби - «бир кезде ата-энем мени өзүм каалабаган кесипке окуткан, азыр менде диплом бар, бирок жумушум жок» деп кейиген замандаштар көп кездешет. Эгер сиз да ушундай кырдаалга кабылып, эки анжы болуп турсаңыз, биринчи курстун жарым жылында өзүңүзгө жаккан кесипке өтүп кеткениңиз туура болот. Ошондо төрт-беш жыл убактыңыз текке кетпейт деп ойлойм.

Кандай кесиптер бар экенин жана кайсы кесиптердин келечеги кең экенин билбей туруп заманбап кесип тандоого мүмкүн эмес. Кесип тандоо үчүн көбүрөөк изденип, учурдун жана келечектин кесиптери жөнүндө маалымат алып терең талдоо жүргүзүш керек. Өзүңүзгө жаккан кесиптин маянасын, 10-20 жылдык келечегин жана ал кесиптин ээлери кандай жашап жатканын талдап чыгып, жети өлчөп бир кесиңиз. Бул жерде «элдин баары эле окуп жатпайбы» деген мамиле жарабайт, келечеги кең кесипти тандаңыз.

Университет тандоо

«Кайсы университет жакшы?» деген суроонун ордуна «Мен тандаган кесип боюнча кайсы ЖОЖ мыкты адистерди даярдайт?» деген суроого жооп издеңиз.

Айталы, программист болом деп чечтиңиз.

Эми программисттерди даярдаган ЖОЖдордун тизмесин түзүп жана сайттарына кирип, компьютер/информатика факультеттери боюнча окуп чыгыңыз. Мүмкүн болсо ошол университеттерге өзүңүз барып көрүп, мугалимдерге, студенттерге жолугуп, кеп-кеңеш сурап, кабыл алуу комиссиясынан бардык суроолоруңузга жооп алып келүүгө аракет кылыңыз. (Суроолорду үйдөн жазып алыңыз).

ЖОЖдордо төмөнкүдөй IT багыттары бар:

Компьютердик инженерия,

Программалык камсыздоо,

Дизайн жана жогорку технология,

Прикладдык математика жана информатика,

Информатика жана эсептөөчү техника,

Информациялык системалар жана технологиялар,

Программалык инженерия жана социалдык трансформация... тизме улана берет.

Бул багыттар боюнча ЖОЖдун сайттарында кеңири жазылган жана кошумча маалыматты кабыл алуу комиссиясынан алууга болот. Кайсы программалоо тилдерин окутарын тактап алуу маанилүү.

Ар бир окуу жайына баргандан кийин акыл калчап, кылдаттык менен талдоо жүргүзүңүз. Акырында өзүңүзгө туура келген үч университетти тандап, ошолорго ЖРТ баллыңызды бериңиз.

Эгер дагы эле кайсы кесиптин ээси болууну чече албай, башыңыз катып жатса, анда жолдошум экөөбүз ITчилердин үй-бүлөсү катары сизди өз чөйрөбүзгө чакырабыз.

Эмне үчүн IT?

Себеби, азыр дүйнө жүзүндө IT адистерине болгон муктаждык күндөн күнгө күчөп жатат жана маянасы да жакшы. ITнин толтура багыттары бар, алардын ичинен азыр популярдуу программалоо тилдери Java, Python, JavaScript, PHP, C, C++, C#, Ruby, Swift, Kotline, Go ж.б. болуп эсептелет. Ушул тилдердин бирин тандап окуп, инженер-программист болсоңуз, мекенибизде жана чет өлкөдө жумушсуз калбайсыз деп ишенебиз.

Ар бир кесип ардактуу! Кандай кесип тандасаңыз да ийгиликке жетиш үчүн тоодой мээнет кылыш керек. Эң башкысы - өз кесибин сүйгөн бактылуу адамдардан болуңуз!

#Кесип
#Билим
#Кыргызстан

Видео Кесипти туура тандоо - ийгиликтин башаты. #38 С. Айтиев мектеби канала Aidana Tech Talk
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
20 февраля 2022 г. 1:48:05
01:14:17
Яндекс.Метрика