Загрузка страницы

Матмусаев: Милиция шалаакылык кылган жок

Жоголгону айтылган эки адамды табуу үчүн 200дөн ашуун кызматкер күндөп-түндөп иштегенин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев депутат Айнура Аскарованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Апасынын арызында Айзаданын артынан түшкөн адам "психикалык жактан соо эместиги" тууралуу жазылган. Ошондуктан, биз 200дөн ашуун кызматкерди издөө иштерине салганбыз. Колдон келишинче иштедик, 16-18 сааттап иштеп жатабыз", - деди Матмусаев.

27 жаштагы Айзада Канатбекованын окуясынан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылууда. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз жоголуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын талаада токтоп турган автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайганын билдирди.

Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качканы видеокөзөмөлгө жазылып калып, Интернетке тараган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасаган эмес.

Кыргызстанда мындай кандуу окуя буга чейин да катталган. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Бишкек шаардык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгону тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Теңизбаев 2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортацияланган. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. https://www.azattyk.org/a/31193278.html
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Видео Матмусаев: Милиция шалаакылык кылган жок канала Azattyk
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
8 апреля 2021 г. 19:30:02
00:05:31
Другие видео канала
Акчасын тойго эмес, муктаждарга жумшаган эки жашАкчасын тойго эмес, муктаждарга жумшаган эки жашКурорт цвета хаки. 1 серияКурорт цвета хаки. 1 серияЖерге-Тал жана Жизактан кайткан кыргыздарЖерге-Тал жана Жизактан кайткан кыргыздарЭрулан Кокулов: мамлекеттик органдардын кайдыгерлигинен тажадымЭрулан Кокулов: мамлекеттик органдардын кайдыгерлигинен тажадымКыргыз-казак чек арасы: суткалап кезек күткөн айдоочуларКыргыз-казак чек арасы: суткалап кезек күткөн айдоочуларЖКда ИИМ министрин АЙЗАДАнын ӨЛҮМҮ боюнча Депутаттар АЯБАЙ катуу СЫНДАП иштен КЕТҮҮСҮН талап КЫЛЫШТЫЖКда ИИМ министрин АЙЗАДАнын ӨЛҮМҮ боюнча Депутаттар АЯБАЙ катуу СЫНДАП иштен КЕТҮҮСҮН талап КЫЛЫШТЫТранспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйыны | 12.04.2022Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйыны | 12.04.2022"Европа Кыргызстан менен жаңы келишимдерди түзөт""Европа Кыргызстан менен жаңы келишимдерди түзөт""Азаттык+": Комедияга толгон кыргыз киносу"Азаттык+": Комедияга толгон кыргыз киносуМен бул Сен / 9-серия / Кыргыз киносериалМен бул Сен / 9-серия / Кыргыз киносериалСамара Каримова: “Кайын журтум Аскеден дагы мени жакшы көрүшөт”Самара Каримова: “Кайын журтум Аскеден дагы мени жакшы көрүшөт”#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Жанар Акаев: "Бийлик Матраимов менен болгон келишимди бузду"#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Жанар Акаев: "Бийлик Матраимов менен болгон келишимди бузду"Мирлан Самыйкожо - “Бирик Кыргыз!”Мирлан Самыйкожо - “Бирик Кыргыз!”ЖКда АЛА качылып КАЗА болгон Айзаданын ӨЛҮМҮ боюнча АЯБАЙ катуу ТАЛАПТАР айтылды #АкыркыКабарларЖКда АЛА качылып КАЗА болгон Айзаданын ӨЛҮМҮ боюнча АЯБАЙ катуу ТАЛАПТАР айтылды #АкыркыКабарлар«Бул мени коё берген жатат»: Унаада өлтүрүлгөн Айзаданын апасына айтууга үлгүргөн акыркы сөзү«Бул мени коё берген жатат»: Унаада өлтүрүлгөн Айзаданын апасына айтууга үлгүргөн акыркы сөзүПчеловодство в КыргызстанеПчеловодство в Кыргызстане#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Айнура Сегизбаева: “Жапаровдун уулу каза тапканда энесин ойлоп жаман болдум”#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Айнура Сегизбаева: “Жапаровдун уулу каза тапканда энесин ойлоп жаман болдум”“КЫЗЫҢАРГА ЖАНАЗА ОКУЛБАЙТ! ЖУУП ТАЗАЛАП  ТЕЗИНЕН КӨМГҮЛӨ” деген молдого Бурулайдын апасы нааразы“КЫЗЫҢАРГА ЖАНАЗА ОКУЛБАЙТ! ЖУУП ТАЗАЛАП ТЕЗИНЕН КӨМГҮЛӨ” деген молдого Бурулайдын апасы нааразыАваз  Айдана жаңы үйүн көргөзбөй жатып - көргөзүштү. "Эки сөз" долбоору 2021Аваз Айдана жаңы үйүн көргөзбөй жатып - көргөзүштү. "Эки сөз" долбоору 2021САДЫР ЖАПАРОВГО КАЙРЫЛДЫ ОО МЫНА САГАСАДЫР ЖАПАРОВГО КАЙРЫЛДЫ ОО МЫНА САГА
Яндекс.Метрика