Загрузка страницы

Акбар Кубанычбеков - Корком

...жаңы эмгегим...

КОРКОМ

Бирөө күтөт бактысын Жараткандан,
Бирөө сурайт сүйүүсүн бар асмандан…
Кайда гана барбайын кайда гана,
Кызык издеп дүйнөдөн бараткан жан.

Тирүү жанды Улуу Зат угаары чын,
Тилек айтып астында тураары чын.
Дал ошондой күндөрдө. Алы кеткен
Жылкы айтууда Кудайга суранычын:

«-Э Жараткан, үнүм ук, Жаратканым?!
Көкөй кести түн бою таң ашканым.
Бул чөлкөмдө мен барбас жер калбады,
Күндө бирөө шап минип, сабап жаным.

Каны чыгып эзилген жоорум кетпейт,
Туулган күндөн ушул күн шорум кетпейт.
Неге мени жараттың жылкы кылып?
Бул да жандык, аяйын, боорум дешпейт.

Адам болуп астыңда турсам эмне?
Кадыр-баркты кемитпей сунсаң эмне?
Буларга эмес өзүңө түптүз гана,
Кулуң болуп, кызматым кылсам эмне?

Айтканымдын баардыгын Эгем сезсе?..»
Асман жарк деп, үн чыкты – деген кезде.
«Артың кара, тобо кыл, шүгүр кылгын,
Арманыңды өтө көп тереңдетпе»!

Жылкы мойнун бурду да, күлүңдөдү,
«Оо Жараткан кечиргин бүгүн мени,
Күлгө оонаган эшектей болгучакты,
Күлүк деген атым бар шүгүр» - деди!

Эшек анда жалбарып, ыйламсырап,
Жылкы болуп калууну турган сурап.
«-Адамдардын болоюн сүймөнчүгү,
Айландырчы картайтып жылдар жылат.

Суудан көрсөм, өзүмө-өзүм жакпайм,
Кубанууга деле бир көңүл таппайм.
Канаты мен болсом эх адамдардын,
Кадимкидей башкача өмүр баштайм.

Түмөн түйшүк ойлорго түшүп барам,
Күчүм адал, эмнеге сүтүм арам?
Жаратканым барыңа башым ийип,
Тилегимди берет деп күтүп барам…»

Дагы жарк деп, жер-асман дүңгүрөдү,
Эшек жыргап: «муңумду билди» - деди.
«-Артың кара, тобо кыл, шүгүр кылгын,
Түбөлүктүү үй кылба бул дүйнөнү!»

Эшек ката сезгендей бул кадамын,
Артын анан, карады туш тарабын.
Тобо кылып Кудайга айтып жатты,
Чочко болбой калганга суктанарын…

Четте калбай чочко да арыз-муңун,
Сурап жатты Кудайдын калыстыгын.
«-Баары мени семиз дейт, арам дешет,
Адам кылчы чын болсо аныктыгың?»

Берген бизге караңгы, жарыкты да,
Чочко зарлап ыйлаган арызды уга.
«-Артың кара, тобо кыл, шүгүр кылгын,
Сенден төмөн түшкөн бар анык мына».

Үндү угуп, бурулуп карап калды…
Үнсүз ыйлап, тиктеди ал асманды.
«Чочко бойдон жүргөнүм артык экен,
Кечиргин» - дейт, суранып Жаратканды.

Чочко көргөн жолдогу адам эле…
Кебетеси-кешпири жаман эле.
Итке берсең кайрылып жыттап койбос,
Арак эле ичкени арам эле.

Айбан жатпас көк жалтаң тоңдо жаткан,
Адам баскан кадимки жолдо жаткан.
Бүт дарегин жоготкон бир мас эле,
Бийиктигин унутуп шорго баткан.

Жөн отурбай сүйлөнүп былык кептен,
Ичкен жандар күүлөнүп чыр издешкен.
Малдан төмөн түшүргөн даражасын,
Арак кирип, ыйманы чыгып кеткен.

Эбегейсиз бактысын ашырып чын,
Ээси кылган бүт баардык макулуктун.
Кандай зор күч адамда болгон менен,
Карайлайбыз жолунан азгырыктын.

Ойлор турат түбү жок чубап кечте…
Неге укпайбыз аракты тузак дешсе?
Эмне болот чочкодон төмөн туруп,
Тиги жайга мас бойдон узап кетсе?..

Акбар Кубанычбеков- БИР КҮН

Акын жаш акын. Поэзия

Видео Акбар Кубанычбеков - Корком канала Акбар Кубанычбеков
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
29 июня 2017 г. 14:16:10
00:04:39
Яндекс.Метрика