Загрузка страницы

Рыскулбеков: Садыр Жапаров Жээнбековдордун кланы менен сүйлөшүп алган

Жарандык активист, люстрациянын жактоочусу Эркин Рыскулбеков мындай пикирин бүгүн, 7-октябрда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында билдирди. Ал 6-октябрда Садыр Жапаровдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан учурда "Достук" мейманканасында болгонун айтты:
"Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар координациялык кеңеш түзүп, кырдаалды талкуулап жаткан учурда Садыр Жапаровдун талапкерлигин кечээки "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстандын" талапкерлери болгон депутаттар өкмөт башчылыкка көрсөтүштү. Ал жерде 61 депутат катышты деп айтылганы менен, аз эле депутат отурду. Ишеним каттар деп атышты, бирок андай шектүү ишеним каттарды мен көргөн жокмун. Сырттагы эл "импичмент" деп кыйкырып атканда, Садыр Жапаров чыгып алып, "биз кечке эле президентти алмаштыра беребизби, президент иштей берсин" деп айтты. Демек, ал Жээнбековдордун жана Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган".
Ушул тапта Өкмөт үйүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар чогулуп, убактылуу өкмөт түзүү маселесин карап жатышат. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингге ким чыккан-чыкпаганын териштиришүүдө.
6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакыруу үчүн кол топтоп, эки жерде чогулду. «Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.
Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

Видео Рыскулбеков: Садыр Жапаров Жээнбековдордун кланы менен сүйлөшүп алган канала Azattyk
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
7 октября 2020 г. 15:06:31
00:01:40
Другие видео канала
Жанар Акаев: Жоопкерчиликти алган өкмөт курайбызЖанар Акаев: Жоопкерчиликти алган өкмөт курайбызӨлкөнүн тынчтыгын бузгандар эсиң барда этек жый! Устаз Абдишүкүр Нарматов.Өлкөнүн тынчтыгын бузгандар эсиң барда этек жый! Устаз Абдишүкүр Нарматов.Визалык чектөөлөр, Вашингтондун талабыВизалык чектөөлөр, Вашингтондун талабыБилеги күчтүү менен билими күчтүүнүн трагедиясыБилеги күчтүү менен билими күчтүүнүн трагедиясыЭЛГЕ ЧУКУЛ КАЙРЫЛУУ! МЫНА ЧЫНДЫК - АР БИР КЫРГЫЗ КӨРСҮН!ЭЛГЕ ЧУКУЛ КАЙРЫЛУУ! МЫНА ЧЫНДЫК - АР БИР КЫРГЫЗ КӨРСҮН!"Сүйүнчү пул", "Жөлөк пул", "Коррупция...""Сүйүнчү пул", "Жөлөк пул", "Коррупция..."САДЫР ЖАПАРОВ ЭЛГЕ ЧУКУЛ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ!САДЫР ЖАПАРОВ ЭЛГЕ ЧУКУЛ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ!Шыкмаматов: Мен башкы прокурор болгон жокмунШыкмаматов: Мен башкы прокурор болгон жокмун"Эксперттер талдайт": Экономиканын эртеңи эмне болот?"Эксперттер талдайт": Экономиканын эртеңи эмне болот?Учурда: Садыр Жапаров түз эфирде кайрылуу жасадыУчурда: Садыр Жапаров түз эфирде кайрылуу жасадыАктивист Камчы Көлбаевди камоону талап кылдыАктивист Камчы Көлбаевди камоону талап кылды"Эки-бирде" мейманда "Ата Мекен" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев"Эки-бирде" мейманда "Ата Мекен" саясий партиясынын лидери Өмүрбек ТекебаевШайлоо-2020: 9 пайыздык чек талашка түштүШайлоо-2020: 9 пайыздык чек талашка түштүУМРАДАН келгендерге айыпты коюп жатышат.. Адахан Мадумаров баардык СУРООЛОРГО ЖООПУМРАДАН келгендерге айыпты коюп жатышат.. Адахан Мадумаров баардык СУРООЛОРГО ЖООПСАДЫР ЖАПАРОВ ЭЛГЕ АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ АЙТТЫ! ШАЙЛОО 3 АЙДАН КИЙИН БАШТАЛАТСАДЫР ЖАПАРОВ ЭЛГЕ АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ АЙТТЫ! ШАЙЛОО 3 АЙДАН КИЙИН БАШТАЛАТИсабеков: 7-апрелдин сыры жакында ачылбайтИсабеков: 7-апрелдин сыры жакында ачылбайтЧиновниктердин байлыгы, коомдун талабыЧиновниктердин байлыгы, коомдун талабыБүгүнкү кырдаал тууралуу. 07.10.2020Бүгүнкү кырдаал тууралуу. 07.10.2020Эксперттер талдайт: Курултай курал болдубу?Эксперттер талдайт: Курултай курал болдубу?КҮНДҮЗГҮ ЖАНЫЛЫКТАР 05.10.2020 | Жогорку Кеңешке алдын ала жыйынтык менен 4 саясий партия өттүКҮНДҮЗГҮ ЖАНЫЛЫКТАР 05.10.2020 | Жогорку Кеңешке алдын ала жыйынтык менен 4 саясий партия өттү
Яндекс.Метрика