Загрузка страницы

Малик Аликеев - МӨЛМӨЛҮМ // мындай эчким ырдай албайт

Малик Аликеев - Молмолум

текст
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу - Мөлмөлүм,
Бүгүн белгилүү болсун ыр менен.

Эки илебиң - кызыл гүл,
Ачылгандай, Мөлмөлүм.
Бир карасам жүрөккө от,
Чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң,
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын,
Тилегиндей, Мөлмөлүм.

Күйдүм, Мөлмөл аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү,
Мөлмөлүм деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан, аа,
Калемпир мончок жытыңдан.

Бетиме түшсө жамалың,
Ашыглык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек, сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан,
Сенин бөдөнө тумшук мамагың.

Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей.
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей.
Башымды берсем тартууга,
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир даба,
Же табар белең, Мөлмөлүм?
Же мал бербей, өзүн берет деп,
Бул өлмөсөк кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?

Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Көрүнүп койчу бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
Көрүнүп койсоң болбойбу?
Булуттан чыккан айга окшоп.

#kuttv

Видео Малик Аликеев - МӨЛМӨЛҮМ // мындай эчким ырдай албайт канала KUT TV
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
19 декабря 2022 г. 22:08:49
00:02:55
Другие видео канала
КЫЗ - ЖИГИТТИН айтышы \\ СООНУН айтыш болду // ИЗАТ АЙДАРКУЛОВА & ЧЫНГЫЗХАН КОЖОШЕВКЫЗ - ЖИГИТТИН айтышы \\ СООНУН айтыш болду // ИЗАТ АЙДАРКУЛОВА & ЧЫНГЫЗХАН КОЖОШЕВОБОНДУУ ырлар менен АЙТЫШ курушту // УККУҢ ЭЛЕ КЕЛЕТ \\ Иманбек Жээнбеков | Аккыз АбазбековаОБОНДУУ ырлар менен АЙТЫШ курушту // УККУҢ ЭЛЕ КЕЛЕТ \\ Иманбек Жээнбеков | Аккыз АбазбековаКЫЗ ЖИГИТТИН айтышы - СУПЕР АЙТЫШ деп ушуну айт // Нурайым Бактияр кызы \\ Нурсултан МалдыбаевКЫЗ ЖИГИТТИН айтышы - СУПЕР АЙТЫШ деп ушуну айт // Нурайым Бактияр кызы \\ Нурсултан МалдыбаевЖААТ АЙТЫШ // Кыз - Жигиттер ЖАРДЫ чиркин // СУПЕР АЙТЫШ 2023ЖААТ АЙТЫШ // Кыз - Жигиттер ЖАРДЫ чиркин // СУПЕР АЙТЫШ 2023Тилек Таалай уулу - СИРЕНДЕРИМ // мыкты ыр экен // с.о Э.ИманалиевТилек Таалай уулу - СИРЕНДЕРИМ // мыкты ыр экен // с.о Э.ИманалиевАрген Эсенбай уулу- Чап чап КОЛДУ ЧАП // той 2023Арген Эсенбай уулу- Чап чап КОЛДУ ЧАП // той 2023Бейшебай Талантбеков тойдо - КИМИБИЗДЕНБейшебай Талантбеков тойдо - КИМИБИЗДЕНЭлнар Дайыр - Суунун боюнда ХИТЭлнар Дайыр - Суунун боюнда ХИТЭлнар Дайыр- ДАДАГАЭлнар Дайыр- ДАДАГАЭлнар Дайыр - СУУНУН БОЮНДАЭлнар Дайыр - СУУНУН БОЮНДАМалик АликеевМалик АликеевКӨЗ ЖАШ менен ТӨГҮЛГӨН АЙТЫШ // Акматбек Султан уулу & Аккыз Абазбекова | 2023КӨЗ ЖАШ менен ТӨГҮЛГӨН АЙТЫШ // Акматбек Султан уулу & Аккыз Абазбекова | 2023МЫКТЫ АЙТЫШ // Минбаара & Мундузбек // 2023МЫКТЫ АЙТЫШ // Минбаара & Мундузбек // 2023Малик Аликеевдин - ЭҢ АКЫРКЫ ЫРДАГАНЫ // арман дүйнөМалик Аликеевдин - ЭҢ АКЫРКЫ ЫРДАГАНЫ // арман дүйнөМЫКТЫ АЙТЫШ // Мундузбек Борончиев & Нурайым Бактияр кызы // 2023МЫКТЫ АЙТЫШ // Мундузбек Борончиев & Нурайым Бактияр кызы // 2023СОНУН АЙТЫШ // Изат Айдаркулова & Арген Биймырза уулу // 2023СОНУН АЙТЫШ // Изат Айдаркулова & Арген Биймырза уулу // 2023Элнар Дайыр - ДадагаЭлнар Дайыр - ДадагаАЙТЫШ // Темирбек Матыбаев & Мундузбек БорончиевАЙТЫШ // Темирбек Матыбаев & Мундузбек БорончиевАЙТЫШ // Асылбек Маратов & Кутман СадыбакасовАЙТЫШ // Асылбек Маратов & Кутман СадыбакасовАкматбек Султан уулу - ТОЙДО ТӨКТҮАкматбек Султан уулу - ТОЙДО ТӨКТҮ
Яндекс.Метрика