Загрузка страницы

БОЛГОН ОКУЯ: "Өлүмдү башынан өткөргөн адам"

#ТУРМУШ #ТАГДЫР #LIVETVканалынакатталыныз.
https://www.youtube.com/channel/UChLJBiPaz4D3msDdrDLRsnA/featured?disable_polymer=1
БОЛГОН ОКУЯ: "Өлүмдү башынан өткөргөн адам"
Мындай окуялар бу жалган дүйнө жашоосунда көп эле кездешет. Анткени ар бир адам өлүмдүн даамын татат. Кээ бир учурларда айрымдары өлүп оо дүйнөгө узап кетип, клиникалык өлүмгө кабылып кайра кайтып келгендер да болот. Өлгөндөн киййн же тагыраак айтканда. Жан денеден ажыраган соң кандай акыбалда болгонун, эмнелерди көргөнүн, кимдерге, эмнелерге жолукканын коркпой-үркпөй, эч нерсесин жашырбай бардыгын төкпөй-чачпай айтып берет.
Ооба, өлгөндөн кийин да башка жашоо бар экенине алар толугу менен ишенишип турмушка болгон көз карашы өзгөрүп, бул жашообузга өзгөчө аяр мамиле жасап калышат.
Осмон деген биздин айылда киши боло турган эле, ал өмүр бою сов-хоздо машине айдап айдоочу болуп жүрүп пенсияга чыккан. Кырсыкка учурап, тиги дүйнөгө барып кайра кайтып келгенден бери Кудайга тобо узак жашады. Ал кечээ жакында гана бу дүйнө менен түбөлүк кош айтышты.
-Ооба, ошол күнү жаан нөшөрлөп аябай катуу жаап жаткан болчу. Жайлоодон жүк тартып келаткам, айланага жаңыдан күүгүм кирип караңгылык өзүнүн бийлигин жүргүзө баштаган. Жайлоого көчкөн же жайлоодон түшкөн чабандардын жүгүн жеткирем. Адатымча газды болушунча басып, өзүм кыңылдап ырдап келе жаткам. Көз ачып-жумганча эки-үч колоттон өтүп кеттим. Айылга эмне мынча шаштым өзүм да билбейм. "Кырсык кайдан деп болбойт эмеспи", бир аздан соң анча бийик эмес дөңсөөгө чыгып сол жакка бурулуш жасашым керек эле. Бирок дал ошол учурда рулга ээ боло албай калып, мага ээ-жаа бербеген алдымдагы тулпарым бет алдымдагы чоң айлампа бурулушту кесип өтүп, жарчадан төмөн карай зуулдап учуп жөнөдү.

Себеби дал ошол каргашалуу мүнөттөрдү тулку-боюм менен сезбей, сүрөттөп бере алгыс бир башкача акыбалга кабылдым. Башкача айтканда, күнүмдүк ал-абалды кабылдап туруучу тулку-боюм ошол мүнөттөрдө эч нерсени туйбай, бул дүйнө менен эч байланышы жоктой жансыз нерсеге айлангансыды. Ошол кырсыкка кабылган кезде, каргашалуу мүнөттөрдө өз акыл-эсиме ээ боло албай калсам да тую сезимим бут абалды кабылдап тургандай сезилди.
Мен болуп жаралган жаным "мен" деп айтуунун себеби жансыз мен тирүү адамдардын катарына кошула албастыгымды билчүмүн. Адам болуп тирүү адамдардын катарына кошулуп жүрүшүмө жанымдын ойногон ролу чоң эмеспи. Жансыз мен тирүү адамдардын катарына кошула албай боз топурак жамынып оо дуйнөгө сапар алып, түбөлүк уйку кучагына бөлөнгөн маркумдардын катарын толуктамакмын.
Бирок андай болгон жок, Кудайыма тобо. Жүрөгүм ээ-жаа бербей ылдам-ылдам согуп, менин тулку-боюмдан дагы бир тулку-бой, менин экинчи түгөйүм, тагыраак айтканда, менин жаным денемден бөлүнүп башымдан, төбөмдөн чыгып баратканын көрдум. Ошол саам денем менен кош айтышып, тулку-боюмдан жаным чыгып баратса да эч кандай кыйналууну сезген жокмун.
Баарын, өзүмдүн турпатымдан жанымдын бөлүнүп чыгып баратканын өз көзүм менен алаканга салгандай көрүп турдум. Турпатымдан жан бөлүнүп чыгып жатканда, эң биринчи жанымдын чоң, андан сон кичине бөлүгү бөлүнүп чыккандай туюлду. Анан эмне болду билесиңерби? Ошол учурдагы мени өзгөчө таң калтырган окуялардын бири мына бул болду. Тулку-боюмдан адамдын турпатындай болгон сөлөкөттөгү жаным суурулуп, бөлүнүп чыккан соң менин бет маңдайыма келип катып туруп калды.
Менин туюмум боюнча жаным "өз турпатың түбөлүккө кош айтышып таштап кетсемби же калсамбы" деп ойлонуп тургансыды. Ал кезде адатта зымырык учкан куштай көз ачып-жумганча билинбей убакыт да токтоп калгандай сезилди. Анан өзүмдү аябай жеңил сезип бир туңгуюкка учуп кирип бараткансыдым. Айлана кыпкызыл болгон терең оюкча менен учуп кетип бараттым. Айланамда кобур-собур болуп адамдардын сүйлөшкөн сөздөрү угулгансыйт. Анан учуп жүруп отуруп бир туңгуюкка кептелдим. Ошондо "кайра артка кайт" деген добуш угулгансыды. Жеңил гана өйдө көтөрүлүп ошол эле туңгуюк менен кайра артка кайттым. Бир кезде эсиме келип көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын. Жанагы мен көргөн окуялар кыска убакыттын ичинде болуп өткөн.
Көрсө, мен бир жумадан ашык реанимацияда эс-учумду жоготуп жатыптырмын. Бардыгы мени өлдү деп менден туңүлүп калышыптыр. Качан колу-башым, кирпиктерим кыймылдап көзүмдү ача баштаганда бардыгы жан-талаша мени аман алып калууга аракеттене башташыптыр. Оо дүйнөдөн мен кимдерди көрдүм билесиңерби, таятам, таенем, чоң атам менен чоң энемдерди көрдүм.
Демек, өлгөндөн кийин да жашоо бар экенине мен буга толугу менен ишенип калдым. Ыраматылык Осмон аксакал ушул сөздү көп айтаар эле. Ал узак жашап, тиги дүйнөгө кайра кетти, бирок оо дүинө бар экенине көпчүлүктү ишендирип кетти. Мен дагы анын сөзүнө толук муюп, ишенип калган болчумун. Эртеби-кечпи биз дагы ошол жакка барабыз, бирок жүрөгүбүз менен туюп дайыма даяр болуп турушубуз абзел го деп эсептейм.
Булак: ШАМБАЛА

Каналдын автордук укугу корголгон, андагы видеолорду кочуруп таркатууга болбойт!

Видео БОЛГОН ОКУЯ: "Өлүмдү башынан өткөргөн адам" канала LIVE TV
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
18 августа 2019 г. 18:10:07
00:08:02
Другие видео канала
ЖАКШЫЛЫКТЫН ЭШИКТЕРИ (Индияда болгон окуя). Шейх Чубак ажыЖАКШЫЛЫКТЫН ЭШИКТЕРИ (Индияда болгон окуя). Шейх Чубак ажыЧынгыз Мырзаев- АрманЧынгыз Мырзаев- АрманБОЛГОН ОКУЯ: "Өмүргө байланган дуба чай"БОЛГОН ОКУЯ: "Өмүргө байланган дуба чай"БОЛГОН ОКУЯ: "Ый угулган бөлмө"БОЛГОН ОКУЯ: "Ый угулган бөлмө"Төрөбөс келин - жаны кыргыз киноТөрөбөс келин - жаны кыргыз киноЖигитиме өзүмдүн “кыздыгымды” арнагамЖигитиме өзүмдүн “кыздыгымды” арнагамСамат - кыргыздын Ник ВуйчичиСамат - кыргыздын Ник ВуйчичиАсел Кадырбековага кайсы чиновник унаа белек кылды?Асел Кадырбековага кайсы чиновник унаа белек кылды?ТЕЗ КӨРГҮЛӨ!! АДАМ ӨЛГӨНДӨН КИЙИН КАНДАЙ НЕРСЕ КҮТҮП ТУРАТТЕЗ КӨРГҮЛӨ!! АДАМ ӨЛГӨНДӨН КИЙИН КАНДАЙ НЕРСЕ КҮТҮП ТУРАТ«Күйөөм мени ак жерден күнөөлөп жатат”«Күйөөм мени ак жерден күнөөлөп жатат”КОРУСТОНДОГУ БОЛГОН КОРКУНУЧТУУ ОКУЯКОРУСТОНДОГУ БОЛГОН КОРКУНУЧТУУ ОКУЯКүйөөсүнө токол алып бербей койгон келин, катуу өкүнүп калдыКүйөөсүнө токол алып бербей койгон келин, катуу өкүнүп калдыДЕПУТАТ МЫРЗА КАТУУ АЙТТЫ ОКМОТТО КАРАЖАТ МЫНДАЙ ИШТЕЙТ ДЕГЕН МЕХАНИЗМ БОЛУШ КЕРЕК ДА ЧАЧАБЕРБЕЙ ДЕПДЕПУТАТ МЫРЗА КАТУУ АЙТТЫ ОКМОТТО КАРАЖАТ МЫНДАЙ ИШТЕЙТ ДЕГЕН МЕХАНИЗМ БОЛУШ КЕРЕК ДА ЧАЧАБЕРБЕЙ ДЕПТӨШӨКТӨ мыкты ИШТЕГЕНИ үчүн ОЙНОШ болдум...ТӨШӨКТӨ мыкты ИШТЕГЕНИ үчүн ОЙНОШ болдум...Сыр катылган Сулайман ТооСыр катылган Сулайман ТооБОЛГОН ОКУЯ: "Каргышка кабылышкан экөө"БОЛГОН ОКУЯ: "Каргышка кабылышкан экөө"Кызымдын башкадан экени 13 жылдан соӊ билиндиКызымдын башкадан экени 13 жылдан соӊ билиндиБОЛГОН ОКУЯ: "Кепинсиз көмүлгөн келин"БОЛГОН ОКУЯ: "Кепинсиз көмүлгөн келин"Чеч-Дөбөдөгү ак инген... (БОЛГОН ОКУЯ)Чеч-Дөбөдөгү ак инген... (БОЛГОН ОКУЯ)Алмаз өз мүрзөсүнө келип, куран окуйтАлмаз өз мүрзөсүнө келип, куран окуйт
Яндекс.Метрика