Загрузка страницы

Ташиев: Райымбек Матраимовду эч ким калкалабайт

Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиевдин ортосунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу кайым айтышуу болду.

Депутат Бекешев “Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү “кустуризация” болуп жаткандардын тоюна барганын, бир столдо отурганын көрүп көптөгөн жаштар өлкөдөн кетип калгысы келүүдө. Алар мунун баарын көрүп көңүлү калууда. Ушундай үлгү көрсөтүп жатышса эмне кылышат?” деген суроо койду.

УКМК жетекчиси Ташиев Бекешевди “сындап эмес, каралап жатасыз” деп айыптап, “тийишип, чукулай бергениңизди токтотуңуз” деди:

“Биринчиден, Райым Матраимов менен бир столдо отурган жокмун. Экинчиден, мен чыгып, сөз сүйлөп, кете бердим. Үчүнчүдөн, отурган болсом да жаман бир нерсе кылдым деп ойлобойм. Себеби ал, башкалардан айырмаланып, 2 миллиард сом төлөдү. Эгер анын башка да мыйзам бузууларын тапсак, дагы төлөйт. Эч ким аны калкалабайт. Бажыдагы схемаларды токтотуп жаткандыктан 150 миллиард сомдон ашуун бюджетке түшүүдө”.

УКМК Матраимовго карата коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзүшкөнүн билдирген.

11-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Матраимовду күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айыппул чегерген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөсүн моюнуна аларын айткан.

Ал эми кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча Матраимовду УКМК быйыл 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.

Жакында Матраимовдун конок катары катышуусу менен өткөн тойлордун бирине Ташиев да барганы интернетте кызуу талкууланып, “Коррупцияга каршы мекеменин башчысы ири коррупционер экенин моюнуна алган адам менен бир иш-чарада жүргөнү канчалык туура?” деген суроолор коюлган.
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​
https://www.instagram.com/azattykmedia/​
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​
https://www.facebook.com/azattyk​
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​
https://t.me/azattykrus

Видео Ташиев: Райымбек Матраимовду эч ким калкалабайт канала Azattyk
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
13 октября 2021 г. 13:20:32
00:09:19
Другие видео канала
Камчыбек Ташиев // АЧЫК МАЕК // Майраш Базлакунова // 16.06.2020Камчыбек Ташиев // АЧЫК МАЕК // Майраш Базлакунова // 16.06.2020Эки миң долларга торпок алган сузактык фермерЭки миң долларга торпок алган сузактык фермерТашиев: Он жылга соттой албайсыңарТашиев: Он жылга соттой албайсыңарТашиев Нуржигит Кадырбеков менен Чыңгыз Айдарбековду зекидиТашиев Нуржигит Кадырбеков менен Чыңгыз Айдарбековду зекидиПрезидент Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусу (2-бөлүк)Президент Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусу (2-бөлүк)"Эксперттер талдайт": жаңы өкмөттөн коомчулук эмне күтөт?"Эксперттер талдайт": жаңы өкмөттөн коомчулук эмне күтөт?Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин жаңы курамын кароодоЖогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин жаңы курамын кароодоТашиев и Жапаров выскакивают из Дома правительства и уезжаютТашиев и Жапаров выскакивают из Дома правительства и уезжаютТАШИЕВ: ЭРТЕҢ КАДЫРБЕКОВ ЖООП БЕРБЕЙТ, АЛ КРЕСЛОСУНДА ОТУРАТ / ЖОГОРКУ КЕҢЕШ / БҮГҮНТАШИЕВ: ЭРТЕҢ КАДЫРБЕКОВ ЖООП БЕРБЕЙТ, АЛ КРЕСЛОСУНДА ОТУРАТ / ЖОГОРКУ КЕҢЕШ / БҮГҮНЖогорку Кеңештин жыйыны | 29-сентябрь | 2-бөлүкЖогорку Кеңештин жыйыны | 29-сентябрь | 2-бөлүкПрезидент Токаевдин уулунун четтеги мүлкүПрезидент Токаевдин уулунун четтеги мүлкүКазактарга боор тарткан кыргыздарКазактарга боор тарткан кыргыздарМадумаров ТАШИЕВ боюнча КАТУУ айтып АЛ келип КАГЫП-СИЛКИП коркутканда БИРӨӨҢ да УНЧУККАН жоксуң ДЕДИМадумаров ТАШИЕВ боюнча КАТУУ айтып АЛ келип КАГЫП-СИЛКИП коркутканда БИРӨӨҢ да УНЧУККАН жоксуң ДЕДИТАШИЕВдин ЖИНИ келип ДЕПУТАТТАРДЫ катуу УРУШУП 2 ДЕПУТАТТЫ өзгөчө КАГЫП салды -ВИДЕО #АкыркыКабарларТАШИЕВдин ЖИНИ келип ДЕПУТАТТАРДЫ катуу УРУШУП 2 ДЕПУТАТТЫ өзгөчө КАГЫП салды -ВИДЕО #АкыркыКабарларМЫНА САГА! ПРЕЗИДЕНТ ӨТӨ КАТУУ АЙТТЫ! КОРУПЦИЯГА АРАЛАШКАН МИНИСТР, КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН БАШЫ АЛЫНАНТ!МЫНА САГА! ПРЕЗИДЕНТ ӨТӨ КАТУУ АЙТТЫ! КОРУПЦИЯГА АРАЛАШКАН МИНИСТР, КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН БАШЫ АЛЫНАНТ!Ташиев о свадьбе, где был вместе с МатраимовымТашиев о свадьбе, где был вместе с МатраимовымТашиев Мамытовду "Ты ни кто" - дедиТашиев Мамытовду "Ты ни кто" - дедиЖогорку Кеңештин жыйыны (7-январь, 2022)Жогорку Кеңештин жыйыны (7-январь, 2022)Жогорку Кеңештин жыйыны (08.09.2021)Жогорку Кеңештин жыйыны (08.09.2021)2022-жылдын 7-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны2022-жылдын 7-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны
Яндекс.Метрика