Загрузка страницы

Тууну коргогон активист эки айга камалды

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Анын бөгөт чарасы 8-декабрдын кечинде Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралды. Судья ошондой эле Жоробековдун кармалышын да мыйзамдуу болгон деп тапты.

Сот отуруму башталарда активист "мыйзамсыз" кармалганын айтып, коюлган айыптардын "негизсиз" экенин билдирди. Жоробековдун адвокаты Махабат Мамасалиева доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын "Азаттыктын" кабарчысына айтты.

Жоробеков 7-декабрда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылып, андан кийин кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылганын адвокаты “Азаттыкка” билдирген.
Активист 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан. Соцтармактардагы акция тууралуу кайрылууларына байланыштуу 2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрдагы "Туудан колуңду тарт!" автожүрүштөн улам чакырганын жазган. Милиция мерчемделген жерге катышуучулардан мурда келип, аларга эскертүү берген соң автожүрүш болбой калган.

29-ноябрда Жогорку Кеңеш спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул кабыл алды. Долбоорго 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикир жазышкан.
Кененирээк макаладан окуңуз: https://www.azattyk.org/a/tuunu-korgogon-aktivist-zhorobekov-48-saatka-kamaldy/32721261.html

______________________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Видео Тууну коргогон активист эки айга камалды канала Азаттык
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
8 декабря 2023 г. 22:40:30
00:02:16
Другие видео канала
"Күмүш йодиди абаны тазалайт". Ыш менен күрөшкөн студент"Күмүш йодиди абаны тазалайт". Ыш менен күрөшкөн студентӨмүрүн өнөргө арнаган ФаридаӨмүрүн өнөргө арнаган ФаридаЖан-жаныбардын турпатын жасаган устаЖан-жаныбардын турпатын жасаган устаКылым карыткан ардагерлер дүйнөгө тынчтык тилейтКылым карыткан ардагерлер дүйнөгө тынчтык тилейтОбочодо калган Чарбактагы оор турмушОбочодо калган Чарбактагы оор турмушБаткенде бадамды көбөйткөн багбандарБаткенде бадамды көбөйткөн багбандарФилармониядагы көрүнбөгөн каармандын бир күнүФилармониядагы көрүнбөгөн каармандын бир күнүКыргыз тилин акысыз үйрөткөн немис кызыКыргыз тилин акысыз үйрөткөн немис кызыӨнөрлүү жубайлар театрдан кийин Тик-ТоктоӨнөрлүү жубайлар театрдан кийин Тик-ТоктоАзия кубогуна даярданган "ак-шумкарлар"Азия кубогуна даярданган "ак-шумкарлар"Таркович: Кыргызстанда таланттуу оюнчуларды көрдүм, аларды тапташ керекТаркович: Кыргызстанда таланттуу оюнчуларды көрдүм, аларды тапташ керекПольша менен Кыргызстанды жакындаткан Ян менен МаксатПольша менен Кыргызстанды жакындаткан Ян менен МаксатӨзгөндө бут кийим цехин ачкан үй-бүлөӨзгөндө бут кийим цехин ачкан үй-бүлөБишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу залы ачылдыБишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу залы ачылдыЖарыксыз, мектепсиз жашаган Ак-КөлЖарыксыз, мектепсиз жашаган Ак-КөлТурция: непростые будни кыргызстанцев в миграцииТурция: непростые будни кыргызстанцев в миграции"Пенсияга чыкканда жаңы кесип таптым""Пенсияга чыкканда жаңы кесип таптым"Азамат Уланов АКШда стадиондо бийледи!Азамат Уланов АКШда стадиондо бийледи!Алыкулду өзбекчеге которгон Курбан СаттарАлыкулду өзбекчеге которгон Курбан СаттарИз Кыргызстана в Южную Корею за успехомИз Кыргызстана в Южную Корею за успехомАмерикада телефон оңдогон АзаматАмерикада телефон оңдогон Азамат
Яндекс.Метрика