Депутат Сулайманов: Жогорку Кеңеште "Абил бийлер" көбөйдү
Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов парламент шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карабай, кабыл албай жатканына нааразылыгын билдирди. 21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында Сулайманов бул маселе атайылап каралбай жатат деген пикирин айтып, депутаттарды кошоматчылыкка айыптады.
“Кечээки окуяга негиз болгон маселени карайлы десек сиздер башка ар түрдүү жактарга буруп жатасыздар. 120 көп деп жатасыздар. Анда 120 депутат эмнеге отурабыз, таркап кетели анда! 120 депутат беш жыл сонун отурдуңар. Бири-бириңерди мактап, кошоматчылыкты кылып... Эми бүгүн, силердин мөөнөт бүткөндө 120 көп болуп калдыбы? Бүгүнкү күндө “Абил бийлер” жаман көбөйдү. Төрт-беш президенттин башын жеген “Абил бийлер” бүгүн да “Мындай кылып койсок боло берет” деп... “Сынган кылычтагы” Абил бийди айтып жатам, окугандар билип, түшүнүп жатасыңар. Жол ачып бермейлер. Конституцияны бузган эң оор кылмыш экенин унутпагыла!"
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарылган. Депутат Сулайманов шайлоо босогосун төмөндөтүү, күрөөнү азайтуу жана форма №2 менен добуш берүү тартибин өзгөртүү керектигин буга чейин бир нече жолу айтып, мыйзам долборун сунуш кылган.
Бүгүнкү отурумда шайлоо мыйзамдары тууралу эмес, башкаруу формасын өзгөртүү тууралуу референдум өткөрүү демилгелери көбүрөөк айтылууда. Күн тартибинде президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн аныктоо маселеси бар экени мурдараак кабарланган.
Видео Депутат Сулайманов: Жогорку Кеңеште "Абил бийлер" көбөйдү канала Azattyk

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Абылгазиев Финполго сурак бергени кирип кеттиСадыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыяладыСадык ШЕР-Нияз ЭРКЕКЧЕ сүйлөп Сегизбаевды ШОУМЕН деди | Акыркы КабарларЖогорку Кеңештин жыйыны (21-октябрь 2020-жыл)Жогорку Кеңештин жыйыны (танапистен кийин) 21-октябрьЖаңы бийликтин соңку кадамдарыАманбаев: "Азаттыктын" материалдары толук иликтенип чыгатЖогорку Кеңештин кезектүү жыйыны || 21.10.2020Алтынбек Сулайманов: Сиз мага кыйкырбаныз, Сиз чоное элексизРайымбек Матраимов сотко чуркап кирдиСадыр Жапаров бүгүн 50 жашта | САДЫР жана ЧЫНДЫК | Жолдошева ЧЫНДЫКТЫ айтты | Акыркы КабарларТекебаев: жүгүнүп туруп кол чаап каласыңарНикитенко: Жаңы күчтөр парламентке келишине шарт түзүп берелиАт-Башыга помидор эккен АйчүрөкЭМНЕ КЕП. А Жапаров, Бакиевден уруксаат сарады.Матраимов 2 млрд сом төлөп кутулабы?Алтынбек Сулайманов: "Баламдын келечекте алдыңкы "хоккейчилерден" болсо деген үмүтүм бар"Икрамов: Рыспек Акматбаевди урматтайм"Azattyk news" - жаңылыктар (20.10.2020-ж.)Алтынбек Сулайманов: эл утулду