Загрузка страницы

Педиатр Азамат Мырзабеков: “Баланын ден-соолугу ата-энеден көз каранды!”

Баласы ооруп калган ата-энелер эки типке бөлүнөт. Бирөөсү дароо бейтапканага чуркаса, экинчиси өзү дарылайт. Ата-энелерден келген суроолорго И.Ахунбаев атындагы КММАнын медицина борборунун дарыгер - педиатры Азамат Мырзабеков жооп берди.

- 2,5 айлык баламдын моюну кызарып, бышып кетти. Укканымдын баарын жасап көрдүм. Синафлан сүйкөдүм, “присыпка” себеледим. Жардам бербей жатат. Кантип айыктырсам болот?

- Урматтуу айым, моюндун кызарган себептери көп. Анткени кичинекей балдардын организми өзгөчө. Адамда май чыгаргыч жана тер бездери бар. Бул бездер жаңы төрөлгөн ымыркайларда толук ачылып иштей элек болгондуктан, алар чоңдордой болуп тердей албайт. Ошондой эле, гигиенаны сактабагандан, аллергия жана инфекциядан болушу мүмкүн. Өз алдынча аракеттерди жасабаңыз. Убакытты текке кетирбей адиске кайрылыңыз.

- Саламатсыздарбы! Менин 1 жаш 3 айлык кызым бар. Ыйласа көгөрүп калчу адат таап алды. Эмне кылайын жана эмне себептен пайда болот?

- Урматтуу айым, себептери көп. Биринчиден жүрөк оорудан болушу мүмкүн. Экинчиден неврологиялык, үчүнчүдөн жаш балдардын организми толук жетиле элек болгондуктан дем ала албай калат. Сиз балаңыздын жүрөгүн текшертиңиз, андан кийин неврологго алып барыңыз. Баары жакшы болсо өзү эле өтүп кетет.

- Кайын энем кичинекей балама кара ундан быламык бышырып бере берет. Ашказанына зыян эмеспи?

- Бул эми илгертеден келе жаткан салт. Бүгүнкү күндө медициналык көз караш менен алып карасак, ымыркайларга уйдун сүтүн бергенге болбойт. Анын курамында баланын ден-соолугуна кооптуу болгон спецификалык белоктор бар.

- Саламатсызбы. Балам 2 жашта. Түнү менен уктабай чыгат. Уйкусун оңдоюн деп күндүз уктатпай, алаксытам. Анан кечки саат 22:00до уктап, кайра эле түнү 4-5те туруп алат. Уйкуга тойбой көздөрүмүн асты көгөрүп кетет. Балама 7 күн ташбаканын жумурткасын бердим. 1 айдан бери глицерин ичирем. Уйкусу оңолот дешкен, болбоду. Кандай кеңеш бересиз?

- Нормада кичинекей бала чоң адамга караганда көп укташы керек. Уктабай жатса неврологиялык жактан көйгөйлөр бар. Мүмкүн төрөлүп жатканда мээсине кислород жетпей калган. Неврологго алып барып, мээсинин кандай иштеп жатканын билүү үчүн электроэнцефалограммага (ЭЭГ) тартуу керек. Глицерин жардам бербейт. Ташбаканын жумурткасы тууралуу айта албайм.

- Менин балам 2,5 жашта. Мурда такыр аллергиясы жок болчу. Жакында эле оозунун айланасына майда кызылдар чыга баштады. Бул эмнеден болушу мүмкүн?

- Урматтуу айым, аллергиянын бир канча түрү бар. Эмнеден болуп жатканын табуу керек. Мүмкүн жеп жаткан азыктары жакпайт же чаңдан, жаныбарлардан болот. Жакшысы балаңызды аллергологго алып барыңыз. Анализдерди тапшыруу менен себеби аныкталат.

- Кошунамдын 11 айлык кызы өз алдынча басып, сүйлөп калган. Балам 10 айлык, сүйлөбөйт, өз алдынча аз аракеттенет. Бул нормалдуубу?

- Кабатырланбай эле коюңуз, эркек бала кыздарга карганда кечирээк жетилет. Алдыга шашпаңыз. 10 айда эч нерсе билинбейт.

- Баламдын мурдунан суу агып калыптыр. Антибиотик берип койсом болобу?

- Мурдунан суу агып калса вирустан болушу мүмкүн. Мындай учурда антибиотиктин пайдасы жок. Экинчиден аллергиядан болот. Балаңызды бейтапканага алып барыңыз. Дарыгер текшергенден кийин гана себеби билинет.

Урматтуу окурман, эгерде сурооңузга жооп таппай жүрсөңүз www.bilesinbi.kg сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолоруңузду узатсаңыз болот. “Билесиңби” ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден профессионалдуу жоопторду алып берет.

Видео Педиатр Азамат Мырзабеков: “Баланын ден-соолугу ата-энеден көз каранды!” канала bilesinbi kg
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
12 сентября 2018 г. 13:21:14
00:10:28
Другие видео канала
Жаңы төрөлгөн  балага кам көрүү. Педиатор, балдар хирургу Темирлан Нурмухамедовдон кеңешЖаңы төрөлгөн балага кам көрүү. Педиатор, балдар хирургу Темирлан Нурмухамедовдон кеңеш10 признаков нарушения нервной системы у новорожденного которые Вы можете определить самостоятельно10 признаков нарушения нервной системы у новорожденного которые Вы можете определить самостоятельноБалдардын диатез ооруларын алдын алуу боюнча дарыгердин кеңешиБалдардын диатез ооруларын алдын алуу боюнча дарыгердин кеңешиТелеклиника: "Баш мээнин чайкалуусу"Телеклиника: "Баш мээнин чайкалуусу"Туура тамактануу балдардын кен келечеги!Туура тамактануу балдардын кен келечеги!Кішкентай балалардың іші неге қатады? Іш аурудың алдын алу үшін не істеу керек? Гүлмира МұратбекқызыКішкентай балалардың іші неге қатады? Іш аурудың алдын алу үшін не істеу керек? Гүлмира МұратбекқызыДен соолук +: Кулак мурун жана тамак ооруларын алдын алууДен соолук +: Кулак мурун жана тамак ооруларын алдын алууБала эмизген энелер үчүн пайдалуу жана зыяндуу азыктар.Бала эмизген энелер үчүн пайдалуу жана зыяндуу азыктар.ТЕМПЕРАТУРА ЖОГОРУЛАСА ЭМНЕ КЫЛАБЫЗ. ВРАЧ-ТЕРАПЕВТ ГҮЛСАНА БАПАЕВАТЕМПЕРАТУРА ЖОГОРУЛАСА ЭМНЕ КЫЛАБЫЗ. ВРАЧ-ТЕРАПЕВТ ГҮЛСАНА БАПАЕВАБаласынын ТИШИ чыга баштаган энелер үчүн маалыматБаласынын ТИШИ чыга баштаган энелер үчүн маалыматАШКАЗАН ООРУСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?\\ДАБАГЕР\\NewTVАШКАЗАН ООРУСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?\\ДАБАГЕР\\NewTVЖаш бала эмнеге ыйлайт? Наристелүү апаларга жардамЖаш бала эмнеге ыйлайт? Наристелүү апаларга жардамТердөө - көп оорунун белгисиТердөө - көп оорунун белгисиДен соолук+: Эмчек рагы эмнеден пайда болот?Ден соолук+: Эмчек рагы эмнеден пайда болот?Бала жөтелгенде алдымен не істеу керек? Жас аналарға кеңесБала жөтелгенде алдымен не істеу керек? Жас аналарға кеңесБаланын тили эрте жана так чыксын дегендерге 7 кеңеш//Bilesinbi.kgБаланын тили эрте жана так чыксын дегендерге 7 кеңеш//Bilesinbi.kgИч оорунун себептерин билебизби?Дабагер.Ич оорунун себептерин билебизби?Дабагер.Бала шомылдырудағы ескеретін қағидалар қандай?  Балалар дәрігері Гүлзира ІлиясБала шомылдырудағы ескеретін қағидалар қандай? Балалар дәрігері Гүлзира ІлиясБир жашка чейинки балдарга бул тамактарды берсе болот//BILESINBI.KGБир жашка чейинки балдарга бул тамактарды берсе болот//BILESINBI.KGЭмне үчүн баланы 2 жашка чейин эмизүү керек?\ ДабагерЭмне үчүн баланы 2 жашка чейин эмизүү керек?\ Дабагер
Яндекс.Метрика