Ирандагы жардырууларда каза тапкандар 100дөн ашты
Ирандагы таасирдүү генерал Касем Сулейманинин киши колдуу болушунун төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалда көрүстөндө болгон кош жардыруудан набыт болгондордун саны жүздөн ашты. Бул тууралуу өлкөнүн чукул кырдаал кызматынын өкүлү Бабак Ектапараска таянып, 3-январда мамлекеттик телеканал кабарлады. Жеринде тартылган видеолордо жардыруулардын ортосу 15 мүнөттү түзгөнүн көрүүгө болот.
“Мизан” маалымат агенттиги жардыруулар 3-январда Керман шаарында, Сулейманинин көрүстөнүнө жакын жерде болгонун жазды. Ал жакта таасирдүү генералды эскерүү үчүн жүздөгөн киши топтолгон эле. Иран бийлиги жардыруулардын себебин аныктоо боюнча иликтөө иштери башталганын, эң башкы версия катары "теракт" каралып жатканын билдирди.
2020-жылы Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнатына миңдеген киши катышып, 56 киши тебелендиде калып көз жумган. 200дөн ашууну жараат алган.
Ислам жумуриятынын Революция сакчыларынын корпусуна кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.
#shorts #жанылыктар #иран #акш
Видео Ирандагы жардырууларда каза тапкандар 100дөн ашты канала Азаттык

Показать
Комментарии отсутствуют
Информация о видео
Другие видео канала
Байыркы жомокту Ошто койгон Талас театры“Ала-Арча полигондун тагдырын кайталашы мүмкүн” | "Азаттык+""Аял режиссерлордун катары калыңдады"Последствия миграции, почему политики покупают внедорожники и кейс Бишимбаева. Разговор с психологомБаткен: Үйүнө китепкана ачкан УланбекФилармониядагы көрүнбөгөн каармандын бир күнүКыргыз тилин акысыз үйрөткөн немис кызыТаркович: Кыргызстанда таланттуу оюнчуларды көрдүм, аларды тапташ керекКел-Сууну сүйүп, турист тарткан блогерлер"Пенсияга чыкканда жаңы кесип таптым"Турция: непростые будни кыргызстанцев в миграцииЖарыксыз, мектепсиз жашаган Ак-КөлЖалал-Абад: муктаждар үчүн шаарча курулдуГрек-рим күрөшүндөгү жаңы ысымдар"Мүңкүрөп турганда "Азаттык" жашоомду өзгөрткөн"Турист үзүлбөгөн ЖыргалаңАзамат Уланов АКШда стадиондо бийледи!Кыргызстанды кыялбаган корейлер"Мектепке карышкырдан коркуп барабыз"Элмирбектен калган мурасИз Кыргызстана в Южную Корею за успехом