Загрузка страницы

#Жарты_кайык #Зайырбек_Ажыматов "ЖАРТЫ КАЙЫК"|Зайырбек Ажыматов |Тумонбай Колдошов

Зайырбек Ажыматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Зайырбек Ажыматов, 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

«Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», Бишкек таймс» гезитеринде КТРКнын радио тармагында иштеген. Учурда «Жаңы Агым» гезитинде эмгектенет.

З. Ажыматов: “Жарык жана ыр издейм”

Ырлар

"САЙРА ЭНЕ" (ПОЭМА)

 

ЫР ДҮЙНӨ

Коркуп турам калемимди алуудан,
Коркуп турам келген сапты жазуудан.
Ойноок кезде оңой көрүп өзүңдү,
Оо, ыр дүйнө сага бекер кабылгам.

Кулун чактан сени менен бирге өстүм,
Кумарыңа бүт эркимди бийлеттим.
Бирок аттиң, мен ыр жазбай кезинде,
Ырлар мени жазышаарын билбепмин.

Ыргагына кошкон ызгаар, бороонун,
Ырлар менин узатарым, коногум.
Мурунураак билсем болмок, эх десең,
Ыр бар жерде ыйдын дагы болорун.

Өтөт күндөр өкүт салып жаш жанга,
Өтөмүн жетпей асыл саптарга.
Оо, ыр дүйнө, кайберен ыр кубам деп,
Кожожаштай турам бүгүн аска да...

 

КАЛЕМГЕ

Шымым бар жаңы кийгенге,
Үйүм бар эптеп киргенге.
Үстүмдө  жаңы күрмө бар,
Көчөдө басып жүргөнгө.
Алгыла баарын, а бирок,
Калемге болбойт тийгенге!

Жанымды алса , жанымды ал,
Жаркыган Күнүм, Айымды ал.
Тим койчу мага калемди,
Тилимде жазаар жалын бар.
Калемим - талант. Ал болсо,
Хандыктан өйдө тагым бар.

 

АМАН БОЛЧУ, КЫРГЫЗСТАН!

Кагылайын Кыргызстан, кагылайын,
Кайраттанып карууңду жаңылагын.
Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо,
Канатыңды сун мага, дарылайын.

Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда,
Өлөлү биз калганча арт жагыңда.
Уялаштар, аздектеп карегиңдей,
Урпактарга мекенди сактагыла.

Жара тартар бөрү көп жан-жагыңда,
Жүк бар билем опол тоо ай далыңда.
Элди ая, керемет Кыргызстаным,
Эссиз чыкты бектериң, хандарың да

Жүрөгүңдү жебедей көзөп өттүк,
Жүдөө кылдык, өйдө-ылдый көмөлөттүк.
Мыскыл кылып душманга бул доордо,
Мырза болчуң, биз сени чөгөлөттүк..

Ынтымаксыз күчтөрдөн арыдыңбы,
Ыйлап турам, өчүрбө жарыгыңды.
Ала-Тоом, биз сени жыргатпадык,
Аңкаябыз билбестен кадырыңды.

Айланайын, Кыргызстан, айланайын,
Аска - тооңду кучактап аймалайын.
Өчө көрбө, картадан өчө көрбө,
Катарын түк бузбасын тамгаларың.

Бүтүн болуп дайыма турууң керек,
А мен сага ырымды сунуум керек.
Бизди кечир, Ата журт, аман болсоң,
Бир доордо сен күткөн муун келет.

 

КЫРГЫЗ БОЛГУМ КЕЛЕТ

Ушул күнү негедир кайыкты дил,
Урпактар э-эй биздеги айыпты бил.
Кыргызмын деп мен азыр турган менен,
Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.

Кадыр, каада бул күндө кайда калган,
Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган.
Манас биздин бабабыз деген уят,
Майдаланган калк үчүн майдаланган.

Биз бир кезде тоолордой бийик элек,
Биз бир кезде майда эмес, ирик элек.
Жакшылыктар башталып биздин элден,
Жаратканга жардамчы билик элек.

Калбаганбы уруктук кайрандардан,
Карайлаймын нускасын тангандардан.
Бир кезекте аттиң ай, бир кезекте,
Бийик эле ар кыргыз пайгамбардан.

Улуу мыйзам сакталып жазылбаган,
Уютулуп улуу журт чачылбаган.
Ар бир жаран өзүнүн ордун билип,
Асыл наркын - насилин качырбаган.

Арамдыкты сындырып түзочүбүз,
Адалдыкты, актыкты күзөчүбүз,
Сактап турган теңдикти баардык жерде,
Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.

Кыргыздардан кыргыздар туулбаган,
Кыйын мезгил өтүүдө шуулдаган.
Кыргыз болгум келет эй, Кыргыз болгум,
Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам!

 

УЛУТПУЗ БИЗ!

Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,
Биримдигин элиңдин экчебегин.

Бир бүтүнгө айлансак улукпуз биз,
Бирикпесек улутту куруттук биз,
Кыр-кырлардан жыйналган жыйын эмес,
Кыргыз деген улутпуз, улутпуз биз.

Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү,
Өлтүрбөгүн өзүңдү, өз элиңди.
Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан,
Артыгырак сүй журтту, Мекениңди!

Өксүбөсүн бир бооруң жатындашы ,
Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын.
Кыргызстандын жеринде сакта Кудай,
Кыргыз каны эми эч чачылбасын!

Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун,
Зор биримдик биз үчүн курал болсун.
Кокту -колот, сай-сайга бөлүнбөгүн,
Кыргыз деген бир гана ураан болсун!

 

МЕНИН БАБАМ

Менин бабам мендей эмес башка эле,
Катаалдыкты каптап өткөн чегинбей.
Ашпай турган ашууларды ашты эле,
Азуусу миз мезгилдерге же илбей.

Кыя жолдон чубап улуу күчтөрү,
Кылымдардай кырка тарта өтүшкөн
Тоону көздөй көчүп жүрүп өздөрү,
Тоодой бийик, ыйык болуп кетишкен.

Бар өмүрүн ат жалында сүрүшүп,
Айга чейин алып учуп жарышкан.
Анан баары чексиздикке тунушуп,
Асман болуп, Теңир болуп калышкан.

Бийиктиктин билип эмне экенин,
Биз билбеген эчен сырды ачты эле.
Мен негедир өзүмдү ичтен эземин,
Менин бабам мендей эмес, башка эле.

 

АТА-ЖУРТКА ЖОЛУГУУ

Амансыңбы, мен дүйнөгө тамган жер,
Амансыңбы, балалыгым калган жер.
Асыл боюн коюнуңа сиңирип,
Амансыңбы, атакемди алган жер.

Эсиңдеби, күндөр сага калтырган,
Баео кезим тазалыкты жактырган.
Азыр башка, башка... болуп жүрөм мен,
Көңүл калып көптү күткөн тагдырдан.
#зайырбек_ажыматов
#жарты_кайык

Видео #Жарты_кайык #Зайырбек_Ажыматов "ЖАРТЫ КАЙЫК"|Зайырбек Ажыматов |Тумонбай Колдошов канала KYRGYZSTAN 24
Показать
Комментарии отсутствуют
Введите заголовок:

Введите адрес ссылки:

Введите адрес видео с YouTube:

Зарегистрируйтесь или войдите с
Информация о видео
30 апреля 2020 г. 2:54:21
00:04:29
Другие видео канала
Жаңы клип! "Жарты кайык"Жаңы клип! "Жарты кайык"Устат-шакирт  Элмирбектер  Таңкы БешинчидеУстат-шакирт Элмирбектер Таңкы БешинчидеСамара Сабирова - Жарты кайыкСамара Сабирова - Жарты кайык"...Өмүрдүн соңку ирмемин, өтүпсүң "Элмир, Элмир" деп/ Зайырбек Ажыматовду жоктоо/Азамат Болгонбаев"...Өмүрдүн соңку ирмемин, өтүпсүң "Элмир, Элмир" деп/ Зайырбек Ажыматовду жоктоо/Азамат БолгонбаевДОСКО КАТ: Салам дос мен баягы жолдо турам сага бир барсам деген ойдо турамДОСКО КАТ: Салам дос мен баягы жолдо турам сага бир барсам деген ойдо турамКытайлык кыргыз кызы кытай ТВсындаКытайлык кыргыз кызы кытай ТВсындаБомжду ЫЙЛАТКАН белгилүү Журналист | Мээримдүү болойлу | Турмуш БаяныБомжду ЫЙЛАТКАН белгилүү Журналист | Мээримдүү болойлу | Турмуш БаяныТөкмө акын Акматбек Султанов үйлөндүТөкмө акын Акматбек Султанов үйлөндүЭлмирбек Иманалиев "Балкыма"Элмирбек Иманалиев "Балкыма"Элмирбектин артынан кеткен досу Зайырбекти жоктоо😥😥😥😥Элмирбектин артынан кеткен досу Зайырбекти жоктоо😥😥😥😥Элмирбек Иманалиев/ыйлата турган ыр.АТА-ЭНЕ.Элмирбек Иманалиев/ыйлата турган ыр.АТА-ЭНЕ.Зайырбек акын Элмирбек досуна арнаган акыркы ыры / "Жолукчу күндү күтөмүн, Элмир" / Акыркы видеолоруЗайырбек акын Элмирбек досуна арнаган акыркы ыры / "Жолукчу күндү күтөмүн, Элмир" / Акыркы видеолоруБир да сөзүң жоголбосун кыргызча...Бир да сөзүң жоголбосун кыргызча...Элмирбек ИМАНАЛИЕВ "Армандашым"Элмирбек ИМАНАЛИЕВ "Армандашым"Чубак ажы залкар акын Зайырбек Ажыматов тууралуу...Чубак ажы залкар акын Зайырбек Ажыматов тууралуу...ЖОГОЛГОН КҮЛКҮ - Зайырбек АжыматовЖОГОЛГОН КҮЛКҮ - Зайырбек АжыматовАРХИВ. Акындын жалгыздыктан жаралган "Жарты кайык" ырынын тарыхыАРХИВ. Акындын жалгыздыктан жаралган "Жарты кайык" ырынын тарыхыЭлмирбектин айылына жазган каты / "Ысык саламымды жолдойм" деп / Жүрөк ыйлататЭлмирбектин айылына жазган каты / "Ысык саламымды жолдойм" деп / Жүрөк ыйлататАкын Зайырбек Ажыматов: "Адамда абийир жок болсо, дүнүйөсү менен мактангысы келип калат экен"Акын Зайырбек Ажыматов: "Адамда абийир жок болсо, дүнүйөсү менен мактангысы келип калат экен"Ээрчишип кеткен эки доско ыр чыгарышты /  "Өтүпсүң Элмир! Элмир! деп" дейт / Жүрөк сыздататЭэрчишип кеткен эки доско ыр чыгарышты / "Өтүпсүң Элмир! Элмир! деп" дейт / Жүрөк сыздатат
Яндекс.Метрика